Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2022 жума, Бишкек убактысы 20:36

Апта: Шайлоо, митинг, бюджет...


Орусиядан алына турган 25 млн. доллар бюджеттин куткаруучусу катары бааланды. Парламенттеги жаакташуулар 28-ноябрда Ала-Тоо аянтында улана турган болду.

25-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Ондогон партиялар шаардык кеңештерге жана айылдык кеңештерге талапкерлерин алып чыгышты. Үгүт өнөктүгүнө каражатты аянбай чачышты. Мунун өзү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мааниси аябай өскөнүнөн кабар берет.

Эми маселе шайлоонун соңун чырга айлантпай бүтүрүүдө калды. Анткени бир катар партиялар жана саясий ишмерлер бурмалоо жана административдик ресурсту пайдалануу массалык нааразылык акциясын жаратыш ыктымалдыгын эскертишти.

Маселен, шайлоого катышып жаткан 23 партиянын он төртү президент, парламент жана өкмөткө 23-ноябрда кайрылуу менен чыгып, административдик ресурсту пайдалануу мурунку бийлик кезиндегидей эле бардык жерлерде жүрүп жатканын, ал токтотулбаса, нааразылык акцияларына чыгуудан кайра тартпасын билдиришти.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов болсо бир партиянын пайдасына алдын-ала добуш берүүлөр уюштурулуп жатканын билдирди.

Саясат таануучу Марат Казакпаев административдик ресурс шайлоо күнү жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда негизги ролду ойнойт дейт:

- Мэрияда жана башка бийлик органдарында канчалаган чиновниктер отурат. Мына ошолор ресурс. Алар азырынча байкалбай турушу мүмкүн. Бирок административдик ресурс шайлоо күнү жана шайлоодон кийин көрүнөт.

Казакпаевдин айтымында, мамлекеттик чиновниктер бийлик партиясын колдоо боюнча буйрук алышкан. Президент Алмазбек Атамбаев шайлоону адилет жана таза өткөрүү зарылдыгын буга чейин билдерген.

Шайлоодо мыйзам бузууларга жол бербөөдө байкоочулардын ролу жогору. Бул ирет Кыргызстандагы шайлоого 17 эл аралык байкоочу көз салаарын БШКнын маалымат катчысы Токтоболот Жумаев маалымдады:

-Жалпысынан алганда 17 эл аралык байкоочу БШКдан акредитациядан өттү. Тактап айтканда, алты мамлекеттен, алты уюмдан келген байкоочулар катталышты.

Эл аралык байкоочулар арасында АКШ, Британия, Казакстан, Грузиядан келгендер бар.

Эл аралык байкоочулардан сырткары жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар жана саясий партиялардын да байкоочулары болот.

Парламенттеги кайым айтышуулар Ала-Тоо аянтына өтөбү?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо Жогорку Кеңештин бир нече депутаттын камалышынан пайда болгон саясий карама-каршылык жана өлкөдөгү оор финансы-экономикалык абалдын фонунда өтүп жатат. Саясий күрөштүн очогу азырынча парламентте орун алууда. Маселен, ал жерде башкаруучу коалиция менен оппозиция апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулук жана бюджет боюнча айыгышкан күрөшкө чыгууда.

Мына ошол күрөштүн эпкини 28-ноябрда Ала-Тоо аянтына чыгып, ал жерде өлкөдөгү азыркы финансы-экономикалык абал эле эмес, парламенттин өзүнүн тагдырына байланыштуу маселелер көтөрүлүшү күтүлүүдө. 28-ноябрда боло турган митингдин уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров митингде карала турган маселелер тууралуу буларды билдирди:

-Азыркы кырдаал, саясий куугунтуктоолор, ошондой эле кыргыздын Кумтөр сыяктуу кен байлыктары жана ушуга окшогон маселелер боюнча кенен сөз болот. Дегеле кырдаал курчуп баратат. Азыркы бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин түз айтууга аракет жасалат.

Морадерчулук демекчи, ал боюнча иликтөө ишин жүргүзүп жаткан расмий орган болгон Ички иштер министрлиги “Ата Мекен” партиясынын депутаттарынын талап-тоноочулукка тиешеси бардыгы аныкталбагандыгын жарыялады. Мындай билдирүү иликтөө ишин активдүү жүргүзүп жаткан ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кызматынан четтетилип, анын ордуна Шамил Атаханов келгенден кийин жасалды. Ошондуктан эл ичинде эле эмес, депутаттар ичинде да Рысалиевди кызматтан кетишинин себептеринин бири морадерчулукту активдүү иликтөөсүнө байланыштуу деген ишеним жаралып калды.

Бирок муну менен морадерчулук боюнча жаңжал басылып калган жок. Бул маселени иликтеген депутаттык комиссия өз корутундусун парламенттин кароосуна алып чыгууга аракеттенүүдө. Өз кезегинде “Ата Мекен” фракциясы жана башкаруучу коалиция аны Жогорку Кенештин кароосуна жеткирбөөгө далаалаттанууда.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов корутундуну парламентте кароого мүмкүнчүлүк берилбесе, анда ал коомчулукка жарыяланат дейт:

-Каратпаса анда парламенттин өзүнүн проблемасы. Биз ошол корутунду менен макул болгон депутаттар коомчулукка жарыялаганга толук акыбыз болот. Карабасаңар эл билиш керек деп туруп жарыялайбыз.

“Ата Мекен” фракциясынын айрым мүчөлөрүнүн апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукка тиешеси бардыгын иликтөө үчүн 10 депутаттан турган депутаттык комиссия түзүлгөн. Курманбек Осмоновдун айтымында, он мүчөнүн төртөө корутундуга макул деп кол коюп берген. Макул болгондордун катарында турган, бирок колун кое элек комиссиянын бир мүчөсү жумуш сапарда жүрөт. Комиссиянын дагы бир мүчөсү өзгөчө пикири менен кол коюуга убадасын берген.

Корутундуну жарыялоого каршы болгон комиссиянын калган мүчөлөрү комиссия иши аягына чыга электигин айтууда. Андай позицияда тургандар КСДП жана “Ата Мекен” фракциясынан комиссияга мүчө болгон депутаттар.

Чындыгында КСДП, анын башында турган президент Алмазбек Атамбаев үчүн “Ата Мекенди” биротоло дискредитациялоо азыр керек эмес. Анткени учурда КСДПнын парламенттеги жана саясий аренадагы бирден-бир союздашы “Ата Мекен” болуп калды. Андан ажыроо азыркы бийлик системасында бийликти алдырууга тете.
Парламенттик шайлоодон кийин КСДП каалаган фракция менен коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эле. Тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири эле. Бирок азыркы мезгилде ал бузулду. Анткени төрт депутаты камакта жаткан “Ата журттун” КСДП менен коалицияга барышын элестетүү кыйын. “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов болсо “мени сатып кетишти” деп катуу тарынычта калды.

Бюджет үчүн күрөш башталды

Өлкөдөгү финансы- экономикалык абалга токтоло турган болсок, ал экономикалык өсүштүн жоктугу жана опсуз бюджеттик тартыштык менен татаалдашууда.

Бюджеттик тартыштыктын кааты ушунчалык оор болгондуктан президент Алмазбек Атамбаев орус өкмөтү бөлгөн 25 млн. доллар грантты куткаруучу катары баалады.
Парламентте болсо быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жана келерки жылдын бюджетин кабыл алуу үчүн күрөш курч жүрүүдө. Оппозициялык азчылык өкмөт тарабынан сунушталган бюджет долбоорлорун кескин сынга алып, аны артка кайтарып жиберди.

Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Улукбек Кочкоров бюджет долбоорун артка кайтаруунун себебин мындай түшүндүрдү:

-Ал жерде бир топ маселе бар. Биринчиден, бул бюджетти кабыл алып жатканда аны аткарабыз деп милдеттенме алышкан. Бирок аны аткарбай жатышат. Буга ким жооп берерин иликтеш керек болуп жатат. Экинчиден, бюджеттин тартыштыгынын көлөмү өтө чоң болуп жатат. Андан сырткары макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн баары дал келбейт, туура келбейт. Ошону да тактагыла деп жатабыз.

КСДП фракциясынын мүчөсү Заирбек Жоошбаев оппозициянын бюджет боюнча сынын кадырэсе көрүнүш катары баалап, башкаруучу коалиция бюджетти кабыл алат деген пикирде болууда. Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов да башкаруучу коалиция бюджет боюнча өкмөттү колдойт деген оюн билдирген.
Албетте башкаруучу коалиция бюджетти алып өтүүгө жөндөмдүү. Ага жетиштүү добуш чогулушу да реалдуу. Бирок жалпы финансы-экономикалык абалды оңдоп жиберүү оңой эмес.

​Ал эми айрым оппозициялык саясатчылар конституциялык реформа өткөрүп, президенттик-парламенттик башкаруу системасын орнотуу керектигин катуурак айта баштады.

Кыш-күрөө кирип келген мезгилде алдыдагы саясий өнөктүктөр өз нугунда өтүп, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшсө деген тилек күчтүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG