Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

АКШ талибдерге шарт койду


Кошмо Штаттардын мамкатчысы Майк Помпео. Ташкент. 3-февраль, 2020-жыл.
Кошмо Штаттардын мамкатчысы Майк Помпео. Ташкент. 3-февраль, 2020-жыл.

АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча келишимге кол коёрдон мурун «Талибан» кыймылынан өлкөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтары тууралуу «ишенимдүү далилдерди» талап кылды.

Бул тууралуу Помпео 3-февралда Өзбекстанда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин мунаса табыларга аз калганда талибдер тынчтык орнотуу боюнча олуттуу ниетин далилдей албай койгон.

- Биздин бул талабыбыз алардын эркин жана зордук-зомбулукту, коркунучуту азайтууга болгон жөндөмүн көрсөтөт. Биз буга жетише аларыбызга үмүттөнөбүз. Албетте, дагы иштеш керек, - деди Помпео.

Мамкатчынын бул билдирүүсүнөн эки күн мурда, АКШнын Ооганстандагы тынчтык орнотуу боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабулда президент Ашраф Гани менен жолугушкан. Халилзад ал жолугушууда талибдер менен сүйлөшүүдө эч кандай «сезилерлик жылыш» болбогонун айткан.

Анткен менен, Халилзад талибдер менен тынчтык сүйлөшүүсүнө жетүүгө үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

Халилзад Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында Катарда талибдер менен бир нече сүйлөшүү айлампаларын жүргүздү. Катарда «Талибандын» расмий кеңсеси жайгашкан.

XS
SM
MD
LG