Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Рим папасынын сөзү Анкараны нааразы кылды


Рим папасы жана Армениянын президенти Серж Саркисян
Рим папасы жана Армениянын президенти Серж Саркисян

Рим папасы Франциск Осмон империясы маалындагы армяндардын массалык өлтүрүлүшүн "ХХ кылымдын биринчи геноциди" деп атады.

Жекшембиде Ватикандагы Ыйык Петр аянтында армяндардын массалык кыргынга учураганынын 100 жылдык эскерүү иш-чарасына арналган кутбада Рим папасы “Өткөн кылымда адамзат үч чоң оор кайгыны башынан өткөрдү. ХХ кылымдын биринчи геноцидинин курмандыгы -армян эли болгон” - деп айтты. Андан кийинки орунда нацизм жана сталинизм доорундагы адамзатка каршы кылмыштар, Камбоджа, Руанда, Бурунди жана Босниядагы геноциддер турарын кошумчалады.

Папанын сөзүн угууга Армениянын президенти Серж Саркисян да келген.

“Бул окуяларды жашыруу же тескерисинче жокко чыгаруу - даки менен оролуп, канталап турган жараатка окшош” - деген Папа Франциск "Кадырлуу армян христиандары, бүгүн жүрөгүбүз кайгыга толуп турат, ошол эле учурда кудайга шүгүр деп, силердин ата-тегиңер туш болгон 100 жыл мурдагы кыргынды эскерели. Аларды эскерип туруу милдетибиз” - деп кошумчалады.

Рим-католик чиркөөсүнүн башчысынын мындай сөздөрү Түркия бийлигинин нааразылыгын пайда кылды. Папанын кутбасынан кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Ватикандын Анкарадагы элчисин чакыртты.

Түркиянын тышкы саясий мекемеси бир тараптуу айтылган Папанын сөзу мусулмандардын жана башка диний топтордун кайгысын четке какканын, аны менен Анкараны капа кылганын билдирди.

Ошондой эле расмий Анкара Папа Францисктин айтканы өткөн жылы Түркияга жасаган тарыхый сапары маалында анын тынчтыкка, биримдикке жана сүйлөшүүгө чакырган сөздөрүнө каршы келерин белгиледи.

Армениянын жана башка бир катар көз карандысыз булактар ырастагандай, 1915-жылы 24-апрелде Осмон империясынын күчтөрү баштаган кандуу булоондо бир жарым миллион армян жана жарым миллион түрк кырылган.

Осмон империясынын мураскери саналган Түркия бул сандар көбүртүлгөнүн билдирип, армяндардын массалык өлүмү согуш маалындагы кадимки көрүнүш экенин жана аларды эч ким тукум курут кылуу максатында жок кылбаганын айтып келет.

Бир катар Европа өлкөлөрү бул кыргынды геноцид деп таанышкан.

Өткөн айда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү президент Барак Обамага кайрылып, армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид катары таанууга чакырган.

“Армяндарга каршы геноцид чындыгы жана адилеттиги” деп аталган резолюцияга 40тан ашык конгрессмен кол койгон.

Армения расмий түрдө бул тарыхый окуяны эскерүү иш-чараларын 24-апрелде өткөрөт.

2014-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган биринчи жолу Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында Осмон империясынын аймагында набыт болгон армяндардын урпактарына көңүл айтып, Ереванды бул теманы саясий жаңжалга айлантканын сындаган.

XS
SM
MD
LG