Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Үйдүн баасы арзандабайт


Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулган үйлөр.
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулган үйлөр.

Европада турак-жайдын баасы кайрадан асмандап баратат. Адистер турак-жайдын баасы эми мындан ары арзандабай, тескерисинче жыл сайын жогорулай берерин айтып жатышат.

Турак-жай базарындагы дүйнөлүк тенденция

Европанын жашоосу эң кымбат делген Осло шаарында калктын саны 2030-жылга чейин дагы 50 процентке көбөйөт деген божомолдор айтылып, апасы менен жашагандардын же “мамбо” деп аталган жаңы муун пайда болду деп кабарлайт Economist журналы. Жыл сайын бул шаардын калкы орто эсеп менен 30 миң кишиге көбөйүүдө. 1996-жылдан бери Швецияда турак-жайдын баасы 174 процентке жогорулаган.

Европанын Борбордук Банкы мындай абал жеке эле Швецияда эместигин белгиледи. Бельгия, Финляндия жана Францияда да үйлөрдүн баасы, турак-жай саткан фирмалардын кирешеси барган сайын өсүп барат. Эл аралык Валюта Фонду Европада ченемсиз өскөн турак-жайдын баасын көзөмөлдөө боюнча атайын саясат иштеп чыгууга чакырууда.

Ал арада Лондондун Кенсингтон аймагында бир бөлмөлүү батир 700 миң фунт стерлингге сатылып, Британияда рекорд койсо, Гонконгдо болсо бир чарчы метри 22 675 доллардык абдан чоң үй сатыкка коюлуп, дүйнөнүн эң кымбат турак-жайы наамына татыды деп кабарлайт Global Property Guide маалымат борбору. Sun Hung Kai аттуу ортомчу агентсво тарабынан сатыкка коюлган 433 чарчы метрлик Кытайдагы бул үй сатылса анда жалпы баасы 105,7 миллион доллар болгону турат. Мындай рекорд 2011-жылы да Гонконгдо 103 миллиондук үй сатылганда коюлган.

Үй баасы өскөн сайын жылдык кирешесинен бир нече эсе көп карыз алып, үй сатып алган европалыктардын да саны жогорулады. Маселен Норвегияда 1995-жылдан бери турак-жайдын баасы 4 эсеге өскөн. Ал эми үй сатып алуу үчүн үй-бүлөлөр бир жылдык кирешесинен эки эсе жогору насыя алууга мажбур болушууда. Америкалыктардын турак-жай алуу үчүн банкка карыз болуусун жылдык кирешесинен 110 процент жогору деп кабарлады Швециянын Риксбанк банкында мурда иштеп кеткен Урбан Бэкстром.

Кыргызстанда да үй арзандабайт

Кыргызстанда да турак-жайдын баасы дүйнөлүк тенденциядан оолак калбай, жыл сайын жогорулап жатат. Башкаруу боюнча кеңешчилер институтунун аткаруучу директору Азамат Асанкожоев жакынкы жылдары да баа арзандабай, орто эсеп менен 8 пайызга өсүп турарын, буга жердин кымбаттыгы жана жең ичинен турак-жайды сатып алууда ар кандай уруксат баскычтарга төлөгөн пара сыяктуу акчалардан улам болуп жатканын белгилейт:

- Бишкекте жер абдан кымбат. Маселен шаардын борборун алсак, анда үй курууга ыңгайлуу жер 50 миң доллар турат. Шаардын четинде кеминде 20 миң доллар. Мындан тышкары инфраструктурага кошулуу да абдан татаал. Макулдаштыруу, кызыл китеп, лицензия, эксплуатациялоого киргизүү деген ар бир кадамдын баары чоң парага алынат да. Ошол себептен бизде чыгымдар абдан көп. Негизи бышкан кыштан салынган батирдин бир чарчы метринин өз баасы 550 доллардын тегерегинде. Сатылган баасы 700-800 доллар болууда. Базар баасы 700-800 доллардын тегерегинде калыптанды. Мындан өтө катуу кескин түрдө өсүү дагы болбойт, кескин түрдө түшүп да кетпейт. Эң көп болду дегенде жылына 8 пайызга өсөт.

Көптөгөн өлкөлөрдө жаңы, көп кабаттуу үй куруу мамлекеттин пландоо саясатына дал келбей, турак-жайдын баасы жогорулап жатат. Ал эми Кыргызстанда болсо серепчилер калктын санынын өсүшү, чет жерде иштеп жүргөн мигранттардын акчалуу кайтуусу турак-жай базарын жандандырып, баалардын жеке эле баш калаада эмес, аймактарда да кымбат болуусун шарттоодо жана бул тенденция ушул бойдон сакталып кала берет дешүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG