Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Pusy Riot орус мунай өндүрүшүн "басып алды"


Топтун жаңы тасмасынан бир көрүнүш, 16-июль, 2013
Топтун жаңы тасмасынан бир көрүнүш, 16-июль, 2013

Pussy Riot панк тобу Орусиянын мунайдан көз карандылыгы, өлкө лидерлеринин иран жетекчилигине окшоштугу жана топтун мүчөлөрү түрмөдө жатканы жөнүндө жаңы ырын жазышты.

“Кызыл түрмөдөгүдөй” деген жаңы видео клип интернетте 16-июлда пайда болду. Аны беттерин адаттагыдай чүмбөттөп алган панк топтун кыздары Орусиядагы эң ири мунай өндүрүүчү компания “Роснефттин” кендеринде жана машинеге май куюучу жайларда тартышкан. Компаниянын башчысы Игорь Сечин менен Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкиндин сүрөттөрү мунай сордургучтарга чапталган. Портреттерге кыздар улам кара май чачышат.

Ырдын текстинде Федералдык Жаза кызматы, Ички иштер минстрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана мунай компанияларына кайрылып: “Каттоодон өткүлө, төбөдөгү шумпайлар!” деген өңдүү сөздөр бар.

Ал эми “Кызыл түрмөдөгүдөй” деген сөз айкашы менен алар Советтер союзуна шилтеме жасагандай болушат.



“Азаттыктын” орус редакциясынын кабарчысы ал клип кандай тартылганына күбө болгонун, машинелерге май куюучу жайдын чатырына чыгып алып ырдай баштаганда алгач ал жайдын кызматкерлери кыздарда курал бар го деп чочулашканын айтып берди.

“Биз эмне үчүн Путин менен анын достору эмес, биздин досторубуз түрмөдө отурганынын эң түпкү маанисине жеттик, - деп айтылат Pussy Riot өздөрүнүн интернеттеги блогунда калтырган билдирүүдө. – Бул ырды жаздырып, видеосун тартып жатканда биз алгачкы жолу Москвадан алыс кетип, жумурияттын мунай объектилерин басып алуу боюнча бүткүл өлкөлүк турга чыктык. Өткөн жылы Орусиянын мунайдан көргөн пайдасы 210 млрд. долларга жетти. Бирок ал кирешени Путин менен анын айрым досторунан башка эч ким көргөн жок. Ошон үчүн биз мунай өндүрүшүн текшерип, кара майды өндүргөндөргө кызыл түрмө жөнүндө өзүбүздүн ырыбызды тартууладык”, - делет ачык катта.

Бул ырда алар президент Владимир Путинди Ирандын руханий лидерине теңеп, азыр “жарым миллион доллар уурдаган” деп айыпталып, түрмөгө отургузулушу мүмкүн болуп жаткан белгилүү антикоррупциячыл блоггер Алексей Навальный тууралуу да айтышат. Навальныйга айып ал өкмөттү ачык сындай баштагандан кийин тагылган.



Ырдын дагы бир жеринде:

“Баары Катардагыдай жыргал болсун,
Төбөдөгү шумпайлар!
Кара майдын булагын
Какшаганча соргула.
Навальный түрмөдө,
Уго Чавес тирүү,
Кызыл түрмөдөгүдөй”, - деп айтылат.

Pussy Riot деген топ былтыр февралда Москвадагы чиркөөдө Владимир Путинди сындаган ыр ырдап, аны видеого тарткандан кийин кеңири таанылган.

Топтун мүчөлөрү Мария Алехина менен Надежда Толоконникова “диний жек көрүүчүлүк менен бейбаштык кылган” деп айыпталып, эки жылга түрмөгө отургузулду. Азыр бул топко профессионалдык музыканттар, операторлор, сүрөтчүлөр болуп, жалпысынан 15тей адам мүчө. Алар блогуна жазган акыркы катында мүчөлөрү камалгандан берки алгачкы ырын жазууга түрмөдөн Толоконникова да салым кошконун айтышты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG