Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Качкындар жана жер которгондор жардамга муктаж


Оштун жанындагы качкындар лагериндеги балдар, 27-июнь, 2010-жыл
Оштун жанындагы качкындар лагериндеги балдар, 27-июнь, 2010-жыл

БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин башчысы Антонио Гутериш Кыргызстанда жүрөт. 30-июнда ал Ошто болуп качкындардын, үй-жайсыз калган адамдардын абалы менен таанышты.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Наталья Прокопчук анын визити жана түштүк Кыргызстандагы качкындар жөнүндө "Азаттыкка" маалымат берди.

- Гутериш мырза качкындар лагеринде болдубу?

- Оштун өзүндө качкындар лагери жок. Гутериш мырза шаар жетекчилери менен жолугушуудан кийин Өзбекстандан кайтып келген качкындар, башка жерлерге баш калкалоого мажбур болгон, зомбулуктун натыйжасында үйлөрүнөн ажыраган адамдар менен кездешти. Гутериш түз эле жабыр тарткан адамдар менен жолугушту, өзбектер жашаган маалелерде, кыргыздар жашаган райондордо болду. Өрттөнгөн короолорго, үйлөргө кирип, адамдар менен көчөлөрдө сүйлөштү.
БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссары Антонио Гутериш Ошто, 30-июнь.

- Наталья, сиз азыр качкындар жана өлкө ичинде жер которгон адамдар деп бөлүп айттыңыз. Түшүндүрө кетесизби эки терминдин айырмасын?

- Мен Кыргызстандын мисалында айтып берейин. Июндун башында тутанган тополоңдун натыйжасында адамдардын бир бөлүгү качкындарга айланды. Алар эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын кесип, Өзбекстанга өткөндөн кийин качкын болуп калышты. Себеби алар жараны болбогон өлкөгө чыгып кетишти. Өлөң-төшөгүн таштап качууга аргасыз болгон, бирок өз өлкөсүндө калгандар болсо өлкө ичинде жер которгондор болуп саналат. Кыргызстанда бул жолу Өзбекстанга барган жүз миңдей качкын жана ондогон ички мигранттар катталган. Алардын бардыгын жана кайтып келген какчкындарды БУУнун качкындар боюнча агенттиги коргоого алат жана аларга тезирек жардам берилүүгө тийиш.

- Наталья, сиз 100 миңдей качкын болгон дедиңиз. Өзбекстан тышкы иштер министрлиги 75 миңдей качкын тууралуу сөз кылган эле. Алардын көбү азыр кайтып келди. Жалпысынан мындайда каттоо иштери кандай жүрөт?
Комиссар Антонио Гутериш Оштогу калабадан жабыркагандар менен жолугушууда, 30-июнь.

- Качкындарды каттоо кырдаалга жараша уюштурулат. Айрым өлкөлөрдө бул ишти биздин агенттик жүргүзөт. Биз келген-кеткендерди санап турабыз. Бул ирет качкындарды каттоо, лагерлерди уюштуруу милдетин өзүнө Өзбекстан өкмөтү алган. Биз колдонгон сандар Өзбек өкмөтүнөн алынган. Мен 10 чакты күн мурун Анжиянга барганда бизге кыргызстандык 92 качкын бар деген маалыматты беришкен. 80 миңдейи Анжиян облусунда, калгандары Наманган жана Фергана облустарында жайгашкан деп айтышты. Кийин качкындардын дээрлик бардыгы Өзбекстан аймагынан кетишти деп кабарлашты. Менин пикиримде, бул сандар болжолдуу, бирок биз өзбек өкмөтү берген маалыматтарды пайдалануудабыз.

- Качкындардын көбү өзбектер деген маалыматтар чет өлкөлүк басма сөздө көп айтылып келди. Качкындардын улутун аныктоонун механизми барбы?


- Мен үчүн качкындар кайсы этникалык топко же улутка таандык экенин аныктоо кыйын, мен антропология боюнча адис эмесмин. Качкындар лагерлеринде болгомун, бирок бул - өзбек же бул - кыргыз деп так айта албаймын.

- С
Комиссар Антонио Гутериш Оштогу калабадан жабыркагандар менен жолугушууда, 30-июнь.
из Өзбекстан качкындарды жакшы кабыл алды, тамак-аш жагынан кыйналышкан жок дедиңиз. Бирок качкындардын айрымдары өздөрү да айтышкандай, тосуп алганы жакшы эле болду, бирок кийин мажбурлап кетирип жатышыптыр ал жактан. Бул фактыга сиздердин уюм кандай карайт?


- Мен акыркы лагер жабылгычакта Анжиянда болдум. Биз үзбөй лагерлерге каттап турдук. Биздин агенттикте качкындарды күчкө салып Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө бир да маалымат түшкөн эмес. Бирок аларга кандайдыр бир кысым көргөзүлгөн.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG