Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Молдо менен ажынын айтканын кыл, асти...


Айтпаса да түшүнүктүү. Кимбайке. 07.3.2011.
Айтпаса да түшүнүктүү. Кимбайке. 07.3.2011.

"Күлкү кербендин" кезектеги азилдер шиңгили - кыңыр ишти динге жамынып жасагысы келгендер тууралуу.

* * * * * * *

Талип менен хизбу-т-тахрирчи

— Ооганстандагы талиптер менен биздеги мыйзамсыз Хизбу-т-Тахрир уюмунун өкүлүнүн кандай окшоштук же айырмасы бар?

— Оболу окшош жагын айтсак – экөө тең айдыңдык (мамлекеттик башкаруудан дин иштери бөлүнгөн секулярдык) түзүлүштү кулатууну, ордуна халифат түзүүнү жакташат.

— Ал эми айырмасы?

— Талиптер муну куралдуу күч колдонуп, терррорчул аракет менен өздөрү жүзөгө ашыргысы келет. Хизбу-т-Тахрир уюмунун өкүлү болсо өз колуна курал кармагысы келбейт, бирок өздөрү үчүн кимдир-бирөө өлкөгө келип, куралдуу күч колдонуп, терррорчул аракет менен халифат орнотуусун каалашат.

* * * * * * *

Ажыны таарынтканда...

— Урматтуу ажы мырза, Сиз аялга кол көтөрбөш керек дечү элеңиз го?

— Антпеш керек, чырагым! Антпеш керек...

— Анда эмне үчүн аялыңыздын көзүнүн алды көгөрүп жүрөт?

— Эми урматтуу ажы атыккан күйөөсү токол алайын десе, каршы чыгып жатса, бир аз тарбияланып калды да!..

* * * * * * *

Чоң жаңылыштык

— Бир министр көп аял алууга уруксат кылуу керек дегенде, аны келекелеп сүйлөп туура эмес кылган экенмин, — деп мурдагы муфтий күрсүндү.

— Анчалык эмне болуп кетти, молдоке?

— Акылым болгондо, аны колдой берсем туура болмок экен. Ошондо министрлер, депутаттар өздөрүнө уруксат кылгандай мыйзам же токтом токуп алышканда, бир нече жылдан кийин мага да пайдалуу болмогун менин бул башымдагы көк кээм аңдабаптыр да!..

* * * * * * *

Оболу байбиче болуу укугун пайдаланат

— Урматтуу Шамчырак Майдан кызы, сиз мусулман кыз-келиндердин укугун коргогон уюм түздүңүз. Бирок көп аялдуулукту жактап чыкканыңызды кантип түшүнсө болот?

— Бул – менин укугум.

— Андай болсо, Сиз өзүңүз да кимдир-бирөөгө токол болууга макулсузбу?

— Оболу мен кимдир-бирөөгө байбиче болуу укугумдан пайдаланам да, муну кантип түшүнбөйсүз?..

* * * * * * *

Сонунбектин сонун документи

— Таксыр, мына бул дүкөнүңүздө адал колбасалар бар экен...

— Ооба, ошондой күбөлөгөн кагазы – сертификаты бар, алардын.

— Эгерде мындай кагазды жөн эле чаптап койсочу?

— Анда сертификаттуу болуп калат... Опе-ей, башымды тегеретип жибердиңиз го, каалаган колбасаңызды ала бериңизчи, деги!

Кардар кеткен соң:

— Чын эле, Сонунбектин фирмасы чаптаган сертификатты көрүп эле «адал» экен деп ишенип калып жатпайбызбы, — деп дүкөнчү ойлонуп калды.

* * * * * * *

Кудайга жалынганынын сыры

— Баланча депутат эмнеге ар аптада намазга жыгылып, кудайга жалынып-жалбарып жүрөт?

— Анын бир сыры бар экен: жамы мечитке барган сайын бул мыйзамчы: “О Кудай! Мени сактай көр! Башка мамлекеттин да жарандыгын алгандыгымды эч кимге, БШКга да билдире көрбө!” деп жалынат тура.

* * * * * * *

Базар чайканасындагы чатак

— Орун бошоткула, таксыр ажы келе жатат, төргө чыгаргыла! – деп Фергана өрөөнүндөгү бир базардын чайканасында элди шаштырып, чайкана кожоюну түйшөлүп калды.

— Мен бул кишини эч сыйлабайм, ага төрдү бошотпойм! – деди бир киши.

— Эмнеге?

— Бул киши башка мамлекеттин жараны деген жасалма паспорт жасатып, анан ошо мамлекеттин квотасы менен Мекеге барып келди. Мыйзамды бузган неменин ажылыгы кабыл болгонуна эч ишенбейм! — дептир тиги.

Муну уккан ажы чайканадан оолактап кетүүгө шашкан экен.

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG