Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:00

Кыска саптардагы татаал өмүр


«Ата-Бейит» мемориалы.

1937-жылдын 26-декабрында Кыргызстан Коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Керим Кенебаев Нарын райондук партия комитетинин биринчи катчылыгынын милдетин аткарууну Абдулла Качибековго жүктөгөн буйрукка кол койгон.

Бир жылдан кийин ал экөө тең «эл душманы» катары атылып, көмүлгөн жери жарым кылымдан кийин табылып, Чоң-Таштагы «Ата-Бейитке» коюлган.

Кочкордон Чүйгө

Репрессиянын жаалы күчөп турган кезде жооптуу кызмат адамдарынын текши баары кыскача өмүр баянын жазышкан. Алардын өздөрү, ата-энеси, жакын туугандары башка партияда мүчө болушпаганын, чет жерден таанышы, жакындары жоктугун улам-улам эскертип атышканын көрүп, токтолбой күчөп бараткан репрессиянын кандуу демин сезүүгө болот. Кандай болгон күндө да бул өзү жакындап келаткан ажалдан аман калуунун аргасы болчу. Абдулла Качибековдун кыскача өмүр баяны ушундай шартта жазылган. Бул анын кыска өмүрүндөгү артында калтырган эстелиги эле.

Абдулла Качибеков Кочкордун Туз аймагындагы Оро-Башы айылында 1903-жылы төрөлгөн. Өмүр баянында жазгандай, ата-энеси колунда жок кедей адамдардан болушкан. Ошо колунда жок үчүн жетишпеген турмуштун айынан Токсонбай Кочкордон Чүйгө көчүп келип, Пишпек менен Токмокто байлардын кызматын кылып күн өткөрүп атпайбы. Сары-Өзөн Чүйдө жүрүшкөндө Абдулла орус-тузем мектебинен окуйт. Билим алууга дилгир баланын сабаты ачылып, анан да орус тилин үйрөнүүсүнө жол ачылат. Тилекке каршы Чүйгө келгенден үч жыл өткөндө Абдулла ата-энесинен ажырап тоголок жетим калган. Токсонбайдан калган үй-бүлөгө иниси Качибек каралашып, ошондон ал атасынын фамилиясын албай, абасынын атында катталып калганын Абдулла Качибеков өмүр баянында атайын эскерткен.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Жыргалбүбү Сабырбек кызынын айтымында, 1937-жылы Абдулла Качибеков партиянын Нарын райондук комитетинин биринчи катчысы кезинде Масын деген кызга үйлөнүп, андан бир уулдуу болгон. Абдулла Качибековду көрүп калган Илиязов Темирбек деген кишинин эскерүүсүн келтирип, Жыргалбүбү Сабырбек кызы мындай деп жазат:

«Архивдик материалдарда ырасталгандай, камалганга чейин Нарын райком партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген.

«Нарын жергесинде иштеп жүргөндө өкмөттүк ишке болгон жоопкерчилиги жогору болгондуктан, биздин айылдагы туугандарына сейрек гана келет эле. Биз менен сүйлөшүп отурса да ишти ойлоп тургандай көз карашын сезчүбүз. Кандайдыр бир деңгээлде Абдуллага таарынып да калчубуз. Бирок кийин ойлоп көрсөм, Абдулладагы бул мүнөз ошол мезгилдеги партиялык-советтик кызматкерлерге тиешелуу сапаттар турбайбы» - деп эскерген Илиязов Темирбек.

Качибеков Абдулла Нарын аймагында иштеп жүргөндө үйлөнгөн. Өмүрлүк жары Качибекова Масын апа да жубайынын ою менен болуп, аны мамлекеттик иштерде колдой билет эле. Качибековдордун үй-бүлөсүндө 1937-жылдын 31 -январында кубанычтуу окуя болду. Ал Эрнис аттуу перзенттин төрөлүшү эле. Кыргызстандын жогорку деңгээлде ой жүгүртө билген алдыңкы катардагы интеллигенциясы партиялык-советтик кызматкерлерди кайра-кайра текшерүү, болбогон жерден кынтык таап, жалган күнөө коюу доорунун кара туманы Качибеков Абдулланын тагдырына да туш келди. Бул карантүн алып кеткени келген күн да келип жетти окшойт. Ошентип Абдулланы 1938-жылдын 14-мартында Нарын райондук комитетинин биринчи катчысынын кызматынан бошотуу менен, партиянын катарынан чыгарышат. Ал эми 1938-жьлдын 15-апрелинде «эл душманы» катары айыпталып, атууга өкүм чыгарылган».

Атанын мүрзөсү

Ошол каргашалуу ноябрдын суук күндөрүндө үйүнөн куулуп, заматта «эл душманынын» аялы болуп калган 23 жаштагы жесир келин баш калка издеп күйөөсүнүн туугандарына келген экен. Алардын шартын көрүп төркүндөрүнө барып, жалгыз уулуна таятасынын фамилиясын берип Эрнис Кожеков деп жаздырып, тулпарынан калган туягын чоңойткон. Эрнис Кожеков атасы тууралуу апасынын айткандарын угуп, 1957-жылы Абдулла Качибековдун иш-аракетинде кылмыш элементинин жоктугун ырастаган СССР Жогорку сотунун шапалактай кагазын алып, ошого канимет кылып жашап келген. Сталин өлгөндөн кийин «кызыл кыргын» жөнүндө азыноолак айтылып, ак жеринен азапка башы малынгандар бир четтен актала баштаган. Бирок бул иш кийинчерээк өзүнөн-өзү басаңдап, миллиондордун өмүрүн алган кандуу кылмыш кайрадан унуткарылган. А бирок акыйкаттык акыры келип, жашырын иштердин кыйласы ачыкка чыгып, өткөндөр эскерилет экен.

Ошондой учур Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин 1991-жылдын августунда Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Чоң-Ташта болду. Тоо боорундагы эски кыш заводунун чуңкурунан 1938-жылы ноябрда атылган кайрандардын катарында Качибеков Абдулланын да сөөгү табылып, анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн баласына арналган кагазы чыкты. Эрнис Кожеков көзүнүн тирүүсүндө атасы кайсы жерге көмүлгөнүн көрүп, апасынын уулуна айтып бергендеринин баары чын экенине ынанып, өмүр бою ата деп өкүттө калып келген сезими аз да болсо бөксөрүп, атасынын кайсы жерде көмүлгөнүн билди. Ушунун өзү деле дурус огожо болчу. Репрессияда жок кылынгандардын канчасы ушу кезге чейин жакындары кайсы жерге көмүлгөнүн биле албай жүрүшпөйбү.

«Ата-Бейиттеги» репрессия курмандыктарынын эстелиги.
«Ата-Бейиттеги» репрессия курмандыктарынын эстелиги.

Ал эми Абдулла Качибековдун кыска өмүр баянын камтыган кош барак кагазда анын кайсы жерде кимдерге иштегени, качан окууга кирип, аны кантип аяктаганы шашпай тизмеленген. 1925-жылы Абдулла Качибеков Пишпектеги атчан аскерлер мектебине кирген. Айтса, ушундан бир жыл илгери Абдулла Качибеков Коммунисттик партиянын катарына өткөн. 1926-жылы басмачыларды жок кылуу операциясына катышкан, Ибрагимбек паңсаттын лашкерлерин жок кылган кызыл аскерлердин катарында болгон. Атчан аскерлер мектебинен старшина деген аскердик чин алып чыккан. Аскер окуу жайын 1928-жылы аяктаган.

Аскер окуу жайын бүтүргөндөн кийин Абдулла Качибековду алгач Кызыл-Кыя районуна социалдык камсыздоонун райондук жетекчиси кылып жиберишкен. Ал жерден 1930-жылы алгач Ташкендеги жумушчулар факультетине (Рабфак) окууга жөнөтүшкөн. Бир жылдан кийин Ташкендеги Орто Азия коммунисттик университетине (САКУ) кирген. Ташкенде үч жыл окуган партиялык кызматкерди 1933-жылы Тажикстандын Жерге-Тал райондук партия комитетинин биринчи катчысы кылып жөнөтүшкөн.

Жерге-Талда бир жыл иштегенден кийин Абдулла Качибековду Фрунзеге чакыртып, шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына дайындашкан. 1936-жылы аны кайрадан Ташкенге окууга жиберишкен. Марксизм-ленинизм институтунун экинчи курсунда окуп жатканда ден соолугунун айынан окуусун таштап, Кыргызстанга кайтып келген. СССРдеги ири шаарларда ачылган мына ушул марксизм-ленинизм, коммунисттик университеттер жаңы партиялык жетекчи кадрларды даярдачу. Партиялык тапшырманы так аткарган, жогортон түшкөн буйруктарды кынтыксыз аткарган, анан да коммунисттик догмаларга каныккан идеологиялык жоокерлер ушул окуу жайларында билим алышчу.

«Партиянын багытынан тайбадым»

Респрессия күчөгөндө жаңы кадрлардын көбү «чет элдин тыңчысы, троцкийчи-бухаринчи, алашордочул, социал-туранчы» деген көнүмүш айыптарга малынып, атылып кетишти. Абдулла Качибековдун өздүк баракчасын толтуруп жаткандагы «революцияга чейин бир да партияда болгон эмесмин, революциялык кыймылдарга катышпадым. Коммунисттик партиянын катарына партиянын Пишпек округдук комитетинин Лебединовка районундагы Татин ячейкасында өттүм. Менин партияга өтүшүмө сунуш бергендер Айбашев, Дүйшеев, Аманкулов деген коммунисттер болчу. Башка партияга мүчө болгон эмесмин. ВКП(б)нын катарынан чыкканым жок. Партиянын багытынан тайбадым, улутчул топтордун бирөөнө да кошулбадым» деп жазгандары кагаз жүзүндө гана калып, 1938-жылы жазында анын тагдыры чечилип калган.

Абдулла Качибековдун кыска өмүр жолунун кыйласы окуу, терең билим алуу абыгерчилиги менен өткөн. Кичине кезинде Чүй бооруна келип билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишип калганы анын бактысы да, шору да болгон. Бактысы - алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын катарында жаңы кыргыз мамлекетин куруу ишине тикелей катышып, ага колунан келген жардамын берип, убакты-саатын аябай кызмат кылганы болду. Ал эми шору - антип билимдүү, улуттун алдыңкы өкүлү болбогондо сталиндик «кызыл кыргындын» чалгысына илинбей калар беле дегенде алдамчы ой да мындайда келбей койбойт экен. Боорун жерден көтөргөнү кара жумушка салынып, убакты-сааты боло калганда окуп билим алып, жаңы бийликтин тушунда кызылдай мээнети, аракети менен мамлекеттик жооптуу кадрлардын катарына көтөрүлүп, жетиштүү тажрыйба топтоп, бир боор өлкөсүнө аянбай кызмат кылар кезинде канатын кайрып, система өз балдарын душман көрүп жок кылууга киришкен.

Илимпоздор ырастагандай, Кыргызстанда 40 миңден ашуун адам репрессияланган. Бул ошол кездеги бир жарым миллионго жете бербеген республика калкынын 3% катаал жазага кириптер болгонун көрсөтүп турат. Репрессиядан өзгөчө Коммунисттик партиянын мүчөлөрү жабыркаган. Кыргызстанда 1933-жылы 19,3 миң партия мүчөсү болсо, 1938-жылы алардын 6,2 миңи гана калган. Тарых илимдеринин кандидаты В. Дятленконун «Кыргызстандын репрессияланган жарандарын актоо (1954-1999-жылдар)» деген изилдөөсүндө кайсы бир коопсуздук кызматкеринин эскерүүсү келтирилген. Ош облусунда кызмат кылган ошол баш кесердин айтуусунда, буйрук алынгандан кийин бир түндө кызматын так аткарган эргул 100-150 «эл душманын» жок кылып туруптур.

Орусиялык «Мемориал» уюмунун маалыматына караганда, 1921-жылдан 1953-жылга чейин СССРде саясий жалаа менен репрессиялангандардын саны 11-12 миллион адамга жеткен. Булардын 5 миллионго жакыны саясий айыптар менен соттолуп, 6,5 миллион адам административдик тартипте жоопко тартылган, сүргүнгө айдалган, жер которгон, кулакка тартылган жана башкалар. Отуз жылдан ашуун созулган өкүмзор бийликтин «кызыл кыргыны» кыргыз сындуу калктарга өтө эле оорго түшкөн. Республиканын ал кездеги айрым жетекчилери «эл душмандарын» арбын табуу, аларды эси-көөнүнөн кеткис кылып жазалоо үчүн чоң борбордон келчү атылчулардын санын көбөйтүп берүүнү, совет өлкөсүнүн «душмандарына» аёо болбостугун ырастап, Москвага тез-тез өтүнүч кат жазып турушкан. Бул жагынан Кыргызстан Компартиясынын катчысы А. Вагов менен коопсуздук кызмат жетекчиси М. Лоцмановдун аракети өзгөчө күчтүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG