Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 10:35

Курмандын куугунтукталган тукумдары


Иллюстрациялык сүрөт.

Шамсидин Курманов сталиндик репрессия күчөгөн убакта из жашырып аман калганы менен 1943-жылы табышмактуу өлүмгө дуушар болгон.

Учурундагы билимдүү деп эсептелген адис кайсы бир мекемеде катардагы кызматкер катары этият жүрүп, элейип жашаган. Шамсидин Курманов белгилүү манаптын уулу болчу.

Социализм коому жаңы орной баштаган кезде бөлүнүш жок эле, бай-манап тукуму «жат элемент» деп кодуланбай, башында кызматтан көтөрүлүп, жогорку бийликке жете баштаган. Анын апачык мисалы деп Абдыкерим Сыдыковду айтса жарашат. А бирок аз өтпөй сталиндик репрессиянын чалгысы биринчи ирет мурдагы бай-манаптын, бий-болуштардын өзүн, анан алардын урук-тукумун аёосуз жок кылууга өткөн.

Билимди жактырган манап

Шамсидин Курманов айтылуу манап Курман Лепесовдун уулу болчу. 1898-жылы төрөлгөн. Аракетчилдигинин аркасы менен ал өз мезгилинин билимдүү азаматтарынын катарына кошулган. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан. 1917-жылкы жаңы бийликти жактыргандардын бири эле. Нарында жаңы замандын орношуна олуттуу салым кошкон. Ал кезде жаңы башкаруунун жаалы күчөй элек, жергиликтүү калк арасында сабаттуу кадрлар аз. Иши кылып, саясаттан көңүлү калган манаптын уулу Шамсидин Москвадагы Кызыл профессор институтун аяктаган саналуу адистердин бири болчу. Ошо саналуу кадрлардын бири болгону аны катаал жазадан бир топ жыл сактап келди, бирок башына түшчү мүшкүлдү токтото алган жок.

Бишкекте абал оорлошо баштаганда ишсиз калган адис коңшулаш казак жериндеги Кордайга барып орношкон. Эртеби-кечпи НКВДнын кишени салынып, «эл душманы» катары атылып кетерине айныксыз ишенген жөнөкөй бухгалтердин балдарына татыктуу тарбия, жакшы билим берүүдөн башка максат-мүдөөсү деле жок болчу. Кийин атасынын үмүтүн актап уулу Карпек толгон-токой тоскоолдуктарга карабай Кыргызстандагы укук жаатындагы ири илимпоздордун бири болду, Никита Хрущевдун учурундагы жаңырыктуу иштерге актоочу катары катышты. 60-жылдардагы «трикотажчылар иши», «милицияга каршы бунт» сындуу опурталдуу соттук териштирүүлөрдө ал айыпталып аткандардын укугун коргогон.

«Трикотажчылар ишинде» жашырын экономикалык жагдайларга тиешеси бар деп айыпталгандардын кыйласынын атылбай аман калышы - Карпек Курманов сындуу актоочулардын аракетинин, алардын укук жаатындагы мыкты билиминин иш жүзүндөгү натыйжасы. Ушуга улай белгилей кетчү дагы бир жагдай: Карпек Курманов - баңгиликке каршы туруунун укуктук маселелерин убагында козгоп, мыйзамдык негиздерди иштеп чыккан саналуу адистердин бири. Бул жагынан ал атасы Шамсидиндин үмүтүн актады деп айтсак жарашат.

Ал эми Шамсидин Курманов Бишкектеги жергиликтүү элге таанымал мугалим Иваницындын Пишпек гимназиясында окуган. Орус колониалдык бийлигинин тушунда ачылган өтүмдүү мектепте чын эле мыкты билим беришкен. Гимназиячылар Жараткандын мыйзамы, орус, немис, француз, латын тилдери, сөз өстүрүү, тарых, этика, география, табият таануу, математика, таза жазуу, дагы башка керектүү сабактарды окушкан. Мыкты билим алган манаптын уулу саясий иштерге да эртелеп аралашкан. 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөш башталган кезде орус колониялык бийлигине каршы турган уюштуруучулардын бири болгон. Кийин жаңы бийликти жактырып, анын кызматын кылган.

А бирок жаңы бийликтин бай-манаптарга, бий-болуштарга көжөлүп каршы туруп, аларды куугунтуктаганга кириши Шамсидин Курмановго жаккан эмес. Эзүүчү тапты аянбай жок кылып, анын ордуна кедейлердин тең заманын орнотууну каалаган большевиктердин саясатын жек көргөн.

Шамсидин Курманов саясаттан оолак болуш үчүн экономика жаатындагы адис болууну жактырып, 1930-жылдары Москвадагы Кызыл профессор институтунун финансы-экономикалык факультетине кирген. Аны аяктап келгенден кийин аз убакыт Пишпекте Эл комиссарлар кеңешинин аппаратында башкы бухгалтер болуп иштеген. Ага улай Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин финансы бөлүмүн башкарган. 1933-жылдан тартып аябай күчөп кеткен массалык репрессияда кызматынан алынып, айла жок Казакстандын Кордай районуна барып иштөөгө мажбур болгон. Ал жерде Кордай райондук аткаруу комитетинин башкы бухгалтери болгон. Шамсидиндин ага-инилери бул кезде камакка алынып, куугунтук күчөй баштаган. Жамы Совет өлкөсүндө атуу, өлтүрүү, камоо, сүргүнгө айдоо жүрүп жаткан шартта тынч жашоо мүмкүн эмес экен. 1943-жылы Шамсидин Курманов киши колдуу болгон.

Партия ышкысы

Анын атасы Курман Лепесов Жумгалдагы таасирдүү төбөлдөрдүн бири эле. Болжол менен 1860-70-жылдары төрөлгөн. Атасы Лепес бийлик тизгинине илешкен эмес. Анын уулу Курман жаш кезинде ажылыкка барып, орус колониалдык бийлигинин тушунда кадимки Көкүмбай болуш менен тизгин талашкан, жумгалдык саяктардын таасирдүү төбөлдөрүнүн бирине айланган. Бул эми 1912-жылкы окуя.

Көкүмбай болуштун аткаминери ошентип саясий күрөшкө аралашкан. Болуштукка өзү шайланганы менен, бийлик тизгинин чоң уулу Искакка өткөрүп, өзү саясий иштер менен көбүрөөк алек болгон. Заман агымы кайда баратканын кылдат туюнган зирек адам экен, 1917-жылкы февраль революциясынан кийин уулу экөө «Алаш» партиясына өтүп, партиянын Орунбор шаарындагы курултайларына катышкан.

Курман Лепесов динге берилген киши болгон. Айылында медресе ачтырып, балдарга билим бергени татар молдолорду жалдап, алардын акысын төлөп, окуу шартын түзүп берген. Ошол кезде кыргыздын таасирдүү манаптарынын бир даары, мисалы, Шабдан Жантаев, Өзбек Сыдыков, Дүр Сооронбаев, Ишенаалы Арабаев жана башкалар мектеп ачышып, билим берүү иши азыноолак жолго коюла баштаган. Медреселерде кадыресе билим, мусулман дини, түрк калктарынын орток баалуулуктары окутулган.

Курман Лепесов сегиз баласынын баарынын билим алышына умтулган эле. Балдарынын жалаң диний билим менен чектелип калышын каалабаган Курман эки уулу Шамсидин менен Султанды Пишпектеги орус гимназиясына окууга жөнөткөн. Ал эми анын кенжеси Зайнидин эс тартып эртелеп билим алып, Ташкенде окуп жүргөн кезинде «революцияга каршы чыккан» деген опсуз жалаага кабылып, кырчын кезинде атылып кеткен. Кийин Курман Лепесовдун небереси Карпек Курманов жаш кезинде жок кылынган абасынын атын уулуна коюп, абасын эстеп жүргүсү келген. Профессор Зайнидин Карпек уулу Курманов - кыргыз тарыхынын 20-жылдардагы карама-каршылыктуу учурун иликтеп, кыйла жылдардан бери катылып, айтылбай келген тарыхый фактыларды ачыкка чыгарып келаткан үлкөн илимпоз.

Курман Лепесов кирген «Алаш» партиясынын түпкүлүктүү максат-милдеттери түрк калктарына, анын ичинде кыргыз-казактарга өзгөчө жакын эле. Орус колониалдык бийлигинен тыш өз алдынча мамлекет болуу ошо кездеги майда элдердин тилеги болчу. Ушул идеяны туу туткан саясий партия орус падышалыгы Биринчи дүйнөлүк согушка аралашкан чакта түзүлүп, анын башында Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы түрк калктарынын өкүлдөрү турушкан.

Падышалык бийликтин эмнеге жана кандай максатта дүйнөлүк канабайрамга аралашып кеткени эмдигиче талаш-тартыш жаратып келатат. Анын натыйжасы эки кылым ашуун бийлик өкүмүн жүргүзгөн Орусиядагы монархиялык бийликтин кулашына алып келди. Убактылуу өкмөттүн өтүмсүздүгүн пайдаланып, 1917-жылдын ноябрында орус империясынын бийлиги социал-демократтардан бөлүнүп кеткен большевиктерге өткөн.

Дүйнөлүк согуштан каржалып, экономикалык жагынан бечел калган падышалык Орусиядан бөлүнүп чыгуу, өз алдынча түтүн булатуу ышкысы ошо кездеги ортоазиялык жергиликтүү төбөлдөрдү катуу ойлонто баштаган. Курман Лепесов аралашкан иштин түпкү саясий мүдөөсү кыргыз-казак мамлекеттеринин өз алдынчалыгына жетишүү болчу.

Бирок да тарыхтын татаал жолунда ойго келбес өзгөрүүлөр болуп кетет экен. Орусия империясы калтылдап акыркы саатын санап отурганда либералдык баалуулуктарга караганда кара күчтү, өкүмзордукту жогору койгон, өзгөнүн мүлкүнө ойлонбой ээ чыкчу большевиктер бийлик тизгинине ээ болуп отурушпайбы. Коммунисттер ар кыл айла-амал менен «алаш ордочуларды» саясий талаадан четтетип, партия мүчөлөрүн өзүнө тартып, аягында баарын жок кылды. Курман Лепесовдун тагдыры ошондой катаал учурга туш келип, куугунтуктун курмандыгына айланды.

Ал 1926-жылы камакка алынып, Украинага сүргүнгө айдалган. 1927-жылы Орунборго жакын Соль-Илецкиде жолдо баратып каза болгон. Анын Султан, Зайнидин, Шарапидин, Самудин, Кемел деген балдары совет бийлигине каршы чыккан, Социал-Туран партиясын түзүүгө катышкан адамдар катары айыпталынып, сталиндик канды булоондо жок кылынган.

Курмандын атасы Лепес бийликке илешкен төбөл болбоптур. Анын атасы Эшенкара акылы менен иш кылган, уруулардын ортосундагы иштерди тынч жайгарган, амал-айлалуу киши болгонун айтышат. Иши кылып, Курман Лепесовдун ата-бабалары кыргыз элинин тарыхындагы оор-кыйчалыш замандарда намыска жараган, акылы, кара күчү аркылуу таанылган азаматтардан болушканын урпактары Карпек менен Зайнидин Курмановдор жазып келатышат. Профессор Зайнидин Курмановду угалы:

Зайнидин Курманов.
Зайнидин Курманов.

«Кыргыздардын аристократтары көбүнчө «Алаш» партиясына кошулуп кетишкен. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Чукин, Касым Тыныстанов жана башкалар партиянын мүчөсү болушкан. 1916-жылдагы чоң көтөрүлүштүн башчысы Канат Абукин инилери менен «Алаш» партиясынын мүчөсү болушчу. Ал кезде эки эле партия бар эле. Бири «Шура-и исламия», экинчиси «Алаш» партиясы. Кыргыз манаптары негизинен «Алашка» киришкен. Революциянын аркасы менен большевиктер бийликке келгенде бул партиялар аларга душман болуп калды. Анан репрессиялар, куугунтуктар башталат. Менин бабам балдары менен совет өкмөтүнө душман болуп чыгышат. Бир гана менин чоң атам Шамсидин совет бийлигине жакшы кызмат кылган. Экинчи баласы, совет бийлигинин убагында Нарын үйөзүндө ЧК («өзгөчө комиссия») төрагасы болгон. 1920-жылы Нарындагы кулактардын көтөрүлүшүн баскан. Шаардык милицияны башкарып турган. Мына ушул окуядан кийин ал өкүнүп кызматын таштап, Москвадагы Кызыл профессорлор институтуна окууга кирген. Аны аяктап 1943-жылга чейин иштеген, аны өлтүрүп кетишкен».

Курман Лепесовдун урпактарынын дээрлик баары илим тармагында иштешет. Алардын арасынан Карпек ата укук маселелери, бабаларынын басып өткөн жолдорун санжыра, архивдик фактылар менен ырастаса, профессор Зайнидин Курманов изилдөө иштерин дагы тереңдетип, кыргыз тарыхынын өзүнчө бир катмарын кайрадан ачуунун камында.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG