Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

"Азаттык" эки кабарчысынан айрылды


Амир Зааманифар менен Роза Ажири
Амир Зааманифар менен Роза Ажири

“Эркин Европа-Азаттык” үналгысы орду толгус жоготууга учурады. Радионун иран редакциясынын эки кабарчысы – Роза Ажири менен Амир Зааманифар – ушул аптада Чехияда жол кырсыгынан набыт болушту. Дагы бир журналист Махин Горжи азыр оор абалда оорууканада жатат.

Жолдогу кырсык 29-сентябрдын таңында болду. Роза 27де, Амир 29 да эле...

Алдын ала иликтөөгө караганда, алар бараткан машине Прагага жакын жердеги чоң жолдун четинде токтоп турган. Ошол учурда жүк ташуучу автоунаа келип, сүзгөн.

Роза менен Амирди билгендер аны эскерип жатып, эң оболу алардын күлүңдөгөн көздөрү, жылмайган жүзү эске түшөт дешет.

Роза дайыма көңүлү ачык жүрчү, журналисттик жөндөмүн арттырып, жаңы нерсени билгенге дилгир эле. Өзүнүн досторуна, жакындарына: “Мен келечекте белгилүү эларалык кабарчы болом”, - дечү экен.

Ал быйыл июнда Иранда болгон президенттик шайлоодон кийинки басмырлоолор тууралуу байма-бай айтып турду. Демонстрацияда кармалып, түрмөдө көз жумган студент Амир Жавадифардын досу менен эксклюзив интервьюну уюштурган да, ал студенттин кыйноолордон өлгөнүн аныктаган да дал ушу журналист болду.

Тегерандагы демонстрациядан кийин камакта атылган 27 жаштагы Неда Ага Солтан деген кыздын өлүмү жөнүндө видео-тасманы көрүп алып, Роза эч өзүн токтото албай ыйлаганын көптөр жакшы билет.

Амирди болсо кемиптештери коңур үндүү мыкты алып баруучу деп сыйлашчу. Угармандары анын кечки программаны аяктап жатып: “Сиздерге бейпил түн каалайм!” деген сөздөрүн жаадынан чыгарышпайт.

Амир поэзияга, адабиятка, сүрөткө кызыккан жигит эле. Ирандыктардын улуттук тамак-ашын жакшы көрчү. "Керек болсо пиццанын да эң мыктысын Ирандан табасың", - деп тамашалап калчу.

Розадай эле, Амир да, Ирандагы соңку окуяларга катуу капаланып жүргөн.

Анын соңку макалаларынын биринде Амир ушу тапта Иранда камакта жаткан журналисттердин тууган-туушкандарына каршы кысым болуп жатканын жазган экен.

Мекениндеги көңүл чөктүрөрлүк окуяларга карабай, алар макалаларында негизги журналисттик принциптерден, талаптардан четтешкен жок. Өлкөсүндөгү окуяларды салмактап, бейтарап кабарлоо менен гана, чынчыл журналистика аркылуу гана өзгөртүү киргизе алабыз деп терең ишенишкен. “Биз сөзсүз мекенге кайтабыз”, - деп көп айтышчу.

Ушул тапта “Фарда” радиосуна Роза менен Амирдин, азырга чейин оорууканада оор абалда эсине келбей жаткан Махин Горжинин жакындарына көңүл айткан каттар түшүп жатат.

Махин “Азаттыкка” келгенге чейин Ирандагы белгилүү спорттук баяндамачы эле. Анан саясий журналистикага өтүп, көптөгөн белгилүү саясатчылар менен эксклюзив маектерди уюштура алды. Анын макалалары ирандык жана эларалык көптөгөн маалымат каражаттары аркылуу колдонулчу.

Азыр эми “Азаттыкка” чалып жаткандардын көбү Махиндин үнүн кайра угууну буюрсун деп, ал үчүн сыйынып жатышканын айтышууда.

“Азаттыктын” жаш кабарчылары Роза менен Амир өздөрүнүн канчалаган максат-мүдөөлөрүн ишке ашырууга үлгүрбөй калышты. Бирок алардын жаркын элеси, үндөрү жакындарынын, досторунун, кесиптештеринин жана угармандарынын эсинде түбөлүккө кала бермекчи...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG