Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Борбор Азия орусиялык гезиттерде


Бул аптада (18-22-июль) орусиялык гезиттердин көңүл чордонунда Путин-Атамбаев жолугушуусу, аймактагы жер титирөө, казак президентинин үй-бүлөсүндөгү жаңжал жана Орусияда жүргөн борбор азиялык эмгек мигранттардын арасындагы кылмыштуулук темалары болду.

“Независимая газета”, 22-июль.

Виктория Панфилованын “Москва эсепти жакшы көрөт” деген макаласы жарык көрдү. Макалада расмий Кремль Кыргызстандын премьер-министри Атамбаевге буга чейинки макулдашууларды карап чыгууну сунуштагандыгы тууралуу жазылат.

Кечээ күйүүчү май Орусиядан Кыргызстанга кайра ташыла баштады. Бул тууралуу чечимди Орусиянын премьер-министри Владимир Путин кыргызстандык кесиптеши Алмазбек Атамбаев менен жолуккандан кийин кабыл алды.

Атамбаев күйүүчү май маселесинен улам атайын 20-июлда Москвага учуп келген. Эксперттер бул жолугушуунун саясий мааниси бар экенин айтышууда, деп жазат “Независимая газета”. Анткени Атамбаевдин бул маселени чечип кайтышы анын Кыргызстанда 30-октябрда өтчү президенттик шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Бирок Кыргызстанда интернет-форумдарда отургандардын арасында Атамбаев “Путинге кошоматчылык кылып, абийирин кетирди” деген маанайлар арбын.

"Азаттык" үналгысынын борбор азиялык кызматтары бул жумада болгон зизаланы жана анын кесепеттерин чагылдырышты.

20-июлга караган түнү, саат бир жарым ченде жер эки ирет силкинип, анын биринчиси 8 (рихтер шкаласы боюнча 6,2) баллга, экинчиси 3 баллга чейин жеткен. Зилзаланын очогу Кыргызстан аймагында катталып, анын илеби Бишкекте, Ташкенде, а түгүл Казакстандын аймагында да сезилген.

Ошол эле түнү кыргыз-өзбек чек арасында болгон бул зилзалада Өзбекстандын Баткенге чектеш Фергана облусунда кеминде 13 киши мерт болуп, 100 чакты киши жараат алганы расмий кабарланды. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, кырсыкка адамдар эски турак үйлөрдүн кулашынан кабылышкан. Тажикстанда болсо, бир адам өлдү.

Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болду. Кырсыктан жети адам жеңил жаракат алып, азырынча 83 имарат кыйроо абалында турганы белгилүү болду. Бактыга жараша өлүм-житим жок.

Казакстандын президентинин күйөө баласы, анын мураскору катары кабыл алынган Тимур Кулибаевдин жеке турмушу учурда кызуу талкууга алынууда.

Дүйнө жүзүнө белгилүү, түбү казакстандык бизнес айым Гога Ашкенази эл аралык деңгээлдеги олигархтар, Голливуд жылдыздары жана Британиянын канзаадасы менен дос жана Лондондо жашайт.

Бирок эң негизгиси, Казакстандын президентинин күйөө баласы, үй-бүлөлүү Тимур Кулибаевден бир уулу бар. Назарбаевдин мураскору катары кабыл алынган Кулибаевге мындай мамиленин ачыкка чыгышы терс таасирин тийгизбейби?

Саясий жана социалдык маселелер боюнча эксперт Айдос Сарым “жок, себеби моралдык жактан таза саясатчылардын мууну тарбиялана элек” деген ойдо:

- Казакстандык элитанын арасында моралдык маселелерге кош стандарттуу мамиле жасалат. Баары эле ким ким менен жүргөнүн, ким кимдин ойношу, кимдин баласы кимден экендигин жакшы билишет. Бул саясатчыны ээрден жыдытчу нерсе эмес. Бизде моралдык жактан таза жүргөн саясатчылардын маданияты калыптана элек.

“Фергана.ru” маалымат агенттиги “Москвада ар бир жетинчи адам өлтүрүү мигранттар тарбынан жасалат” деген макала жазып чыкты. Москванын тартип коргоо органдары кабарлашкандай, ар бир жетинчи адам өлтүрүү жана зордуктоолордун дээрлик жарымы мигранттар тарабынан жасалат.

Кылмыштуулук боюнча Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары алдыда. Ал эми Москвадагы кыргызстандыктардын арасындагы кылмыштуулук тууралуу консулдуктун юристи Алмаз Абдисияев айтып берди:

- Үстүбүздөгү жылдын алты айында Орусиянын аймагында Кыргызстандын атуулдары аралашкан 254 кылмыш иши козголгон. Алардын баарын кыргызстандыктар жасады деп айткандан алысмын. 254 – бул жалпы кыргызстандыктарга тиешелүү сан.
Мунун арасында биздин жарандар жасаган кылмыш иштери жана аларга каршы жасалган иштер да бар. Бул былтыркыга салыштырмалуу көп. Ушул эле убакыт ичи былтыр 215 кылмыш иши катталган болчу, быйыл 45ке көп
.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG