Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Орусия: депутатты каматкан кандуу иш


 Рауф Арашуков
Рауф Арашуков

Орусиянын Тергөө комитети парламенттин жогорку палатасы – Федерация Кеңешинин мүчөсү Рауф Арашуковго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып такты.

Карачай-Черкес жумуриятынын сенатору 30-январда жабык жыйын маалында кармалды.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери ал окуяны мындайча сүрөттөштү.

Отурум башталары менен палатанын төрайымы Валентина Матвиенко жыйынды "жабык" деп жарыялады.

Көп узабай залга башкы прокурор Юрий Чайка жана Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин кирип келди.

Бастрыкин Арашуковдун кол тийбестигин алуу токтомун окуганда, сенатор тепкичтен өйдө чуркоого аракет кылды. Бирок Матвиенко ага каршылык көргөзбөө кеңешин берди.

Депутаттар сенатордун иммунитетин алууга добуш бергенден кийин ал залдан эле камакка алууга жана тинтүүгө макул болду.

- Кылмыштуу уюм түзүү жана ага мүчө болуу, “Газпром” компаниясынан газ уурдоо, эки кишини өлтүрүү фактыларын жана башка кылмыштарды тергөөнүн алкагында Карачай-Черкес жумуриятынын атынан Федерация кеңешинин мүчөсү Рауф Арашуков кармалды, - деп билдирди журналисттерге Тергөө комитетинин маалымат катчысы Свтелана Петренко.

Анын айтымында, кармалган сенатор суракта орусча жакшы түшүнбөгөнүн айтып, тилмеч сурады.

Черкестердин «Адыге-Хасе» кыймылынын лидери Аслан Жуковду "өлтүрдү" деп айыпталган киши кылмышка Арашуков буйрук бергенин былтыр тергөөдө айткан. Окуя 2010-жылы болгон.

РБК агенттигинин маалыматына ылайык, 2012-2017-жылдары эки кишини, 2010-жылы дагы бир адамды өлтүрүүгө байланыштуу Арашуковдун ысымы аталган. Анда жумурияттын президенттигине талапкер Фраль Шебзуховду катуу сабап, атып өлтүрүшкөн.

Былтыр октябрда сенатор жансакчылары менен бирге жергиликтүү депутат Руслан Кардановду токмоктошкону кабарланган. Ал Шебзуховду өлтүрүү ишинде күбө катары суралган.

Арашуковдун кармалганы расмий жарыялана электеле «Бирдиктүү Орусия» партиясы анын мүчөлүгү токтотулганын билдирди.

- Арашуков олуттуу кылмыштарга айыпталды. Ал күнөөлөнүп жаткан окуялар анын Карачай-Черкес жумуриятынын аткаруучу бийлиги тарабынан Федерация кеңешине дайындала электе болгонун баса белгилейт элем, - деди Федерация кеңешинин төрайымы Матвиенко.

Ошол эле күнү Санкт-Петербургда Арашуковдун атасы Раулду кылмыштуу топ түзүү жана көз боёмочулук айыптары боюнча кармашты. Тергөөчүлөр анын «Газпром» компаниясынан 30 миллиард рубль жаратылыш газын уурдоого тиешеси бар деп эсептешет.

32 жаштагы Рауф Арашуков Федерация кеңешине 2016-жылдан бери мүчө. Ага чейин «Газпром» компаниясына тиешелүү тармакта иштеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG