Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

“50 кишинин каты”: өзгөргөн көз караш


Анастасия Волочкова
Анастасия Волочкова

2005-жылы күзүндө ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийдин үстүнөн тергөө жүрүп жатканда орусиялык маданий ишмерлер тобу атайын кат менен бийлик жүргүзүп аткан саясатты колдогонун билдирген. Ал “50 кишинин каты” деп аталып калган. Кийин алардын көбү “Бирдиктүү Орусия” партиясына мүчө болушкан.

Жакында Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин экинчи жолу соту болгондон кийин катка кол койгон ишмерлердин айрымдары бул партиянын катарынан чыга баштаган.

“50 кишинин каты” 2005-жылы “Известия” гезитинде жарык көргөн. Катта маданий жана илимий ишмерлер, белгилүү спортчулар “ЮКОСтун мурдагы жетекчисин соттоо – адилеттик издөө” деп айтып чыгышкан. Арадан беш жыл өткөндөн кийин белгилүү бийчи Анастасия Волочкова, артисттер Александр Буйнов менен Светлана Светличная, спортчу Ирина Роднина катка кол койгону үчүн өкүнүчтө экенин билдиришти. “Бирдиктүү Орусия” партиясынан чыгып жатканын Анастасия Волочкова ачык айтты. Көп өтпөй бийчи кыз даярдаган бир сааттык көрсөтүү мамлекеттик биринчи каналдан чыкпай калды. Анастасия Волочкова:

- Буга дейре мен партиядан чыгып кеткен үчүн эч ким өч албай турган өлкөдө жашап жатабыз деп ойлоп келгем. Мен бийликтегилердин эч кимисине жамандык кылган жокмун. Эмнеге мени алар куугунтукташат?

Катка кол койгондордун бардыгы эле баш тартпаганы да белгилүү. Маселен, муз тебүү боюнча жаштарды тарбиялап келген машыктыруучу Елена Чайковская, Ооган согушунун ардагери Франц Клинцевич жана Орусиянын театралдык ишмерлер биримдигинин жетекчиси Калягин мурдагы турумунда экенин билдиришти. Актер Александр Калягин ар ким колу менен жасаганды мойну менен тартыш керек деген пикирде:

- Кол койгондо дал ошол тууралуу айткам, сот чечиши керек. Бир гана сот өкүмү болсун, саясат эмес.

Айрым талдоочулар маданий ишмерлердин көз карашы ЮКОСтун мурдагы жетекчисинин үстүнөн жүргөн соттон кийин кыйла өзгөргөнүн жана бийликтин “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөлөрүнүн арасында жик кеткенин каңкуулашат.

50 ишмерлердин айрымдары партиянын лидерлери аларды катка мажбурлоо жолу менен кол койдурганын айтышат. Ошол себептен бир топ ишмерлер Ходорковскийдин иши боюнча эч кандай кагазга кол коюшпаганын айтышууда. Алардын бири – дарыгер Лео Бокерия “мен эч качан Ходорковскийге каршы кагазга кол койгон эмесмин”,-деп айтты.

Таанымал актриса Светлана Светличная да эч качан Ходорковскийдин соту боюнча катка кол койбогонун ырастайт. Светличная ЮКОС боюнча жүрүп жаткан иште саясат көбүрөөк болгонун, Ходорковскийди абакта кармап, калгандары эркиндикте жүргөнүн:

- Катка кол койгонум эсимде жок. Мен дегеле мындай ишке катышпайм. Андай иштин сыры көп, ошондуктан мен Ходорковский соту тууралуу эч нерсе айткым келбейт.

Ушул өңдүү пикирлерин режиссер Борис Токарев менен тарыхчы Антон Антонов-Овсеенко да билдиришкен.

XS
SM
MD
LG