Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

"Гринпис" орус бийлигинин ачуусуна тийди


Арктикада “Газпром” ишканасынын мунай өндүрүүчү платформасынын ишмердүүлүгүнө каршы акция өткөргөн "Гринпис" экологиялык уюмунун 30 активисти Мурманскта кармалып, аларга орус бийликтери каракчылык боюнча айып тагабыз деп жатышат.

Орусиянын Чек ара кызматы 20-сентябрда экологдор түшкөн "Арктик Санрайз" кемесин кармап, экинчи күнү тергөөчүлөр каракчылык боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Тергөө комитетинин маалымат катчысы Владимир Маркин активисттердин баарына жарандыгына карабастан каракчылык боюнча айып тагылаарын билдирген.

Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар 15 жылга кесилет же 500 миң рубль айыппул төлөшөт (15, 500 доллар).

"Гринпистин" активисттери, 24-сентябрь, 2013-жыл
"Гринпистин" активисттери, 24-сентябрь, 2013-жыл
Маркин “Гринпистин” “чабуулу” өлкөнүн эгемендигине коркунуч келтирген деген пикирде.

- Элестетсеңиздер, ичи толо электрондук техника жүктөлгөн чет өлкөлүк кемедеги өздөрүн “Гринпис” уюмунун мүчөлөрү деген адамдар мунай платформасына чабуул коюп жатса, алардын максаты тууралуу суроолор жаралбай койбойт.

Бирок “Гринпис” ишканасынын Орусиядагы филиалынын маалымат катчысы Мария Фаворская бир да активистке расмий түрдө күнөө коюла электигин маалымдады.

- Биринчиден, формалдуу күнөө коюла элек. “Гринпистин” юристтери ал документтерди ала элек. Иш бир адамга жана бир конкреттүү маселе боюнча козголушу керек да. Биз бул нерсени көрө элекпиз, баары түшүнүксүз.

“Арктик Санрайз” кемесинде 18 өлкөдөн 30 адам болгон. Алар: Аргентина, Австралия, Бразилия, Канада, Дания, АКШ, Британия, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Украина, Орусия, Франция, Түркия, Финляндия, Швейцария, Польша жана Швециянын жарандары.

Орус президенти Владимир Путин бүгүн Салехардда Эл аралык Арктика форумунда экологдор боюнча суроого жооп берди.

- Алар, албетте, каракчылар эмес. Бирок формалдуу түрдө алар платформаны басып алайын деп аракеттенишкен. Биздин чек арачылар жана укук коргоо органдары “Гринпистин” атын жамынып алып, ким чабуул уюштуруп жатканын билишкен жок.

Путиндин ою боюнча “Гринпистин” өкүлдөрү экология маселелерине арналган тынч иш-чараларга катышса жакшы болмок.

- "Гринпистин" өкүлдөрү ушул залда өздөрү отуруп, биз талкуулап жаткан көйгөйлөргө мамилесин билдирсе жакшы болмок. Өздөрүнүн кооптонууларын, ойлорун, дооматтарын айтышсын, себеби эч ким мындан качкан жок. Биз бул иш-чараларга ушул көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн чогулуп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG