Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Орусиянын кредиттик көрсөткүчү төмөндөдү


Standard&Poor's агенттигинин маалыматына ири инвесторлор маани беришет.
Standard&Poor's агенттигинин маалыматына ири инвесторлор маани беришет.

Standard&Poor's эл аралык рейтинг агенттиги Орусиянын кредиттик көрсөткүчүн эң төмөнкү баскычка түшүрдү.

Standard & Poor’s агенттигинин 26-январда жарыялаган рейтингинде Орусиянын кредиттик көрсөткүчү туруксуз катары көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, Орусия бул жылы инвестициялык деп саналган ВВВ деңгээлинен спекулятивдик же “таштанды баскыч” делген "ВВ+" деңгээлине төмөндөдү. Орусия үчүн бул баскыч акыркы он жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Standard & Poor’s агенттигинин өкүлдөрү мындай жыйынтык Орусиядагы акча-кредиттик саясаттын туруксуздугу жана экономикалык өсүүнүн төмөндөгөнүнөн улам келип чыкты деп түшүндүрүүдө.

Буга чейин кадыр-барктуу Fitch агенттиги Орусиянын кредиттик рейтингин төмөндөткөн. Бул компаниянын рейтинги боюнча Орусия азырынча эң төмөнкү деңгээлге түшө элек. Бирок ал төмөндөө жолунда экенин эскерткен. Каржы базарындагы аналитикалык компаниялардын бири Moody’s Орусия боюнча рейтингин жарыялай элек. Адистер азыркы шартта бул агенттиктен деле позитивдүү жыйынтык күткөн жок.

Ошентип Батыштын санкцияларынын жана дүйнөдөгү мунайдын баасынын арзандашынан улам экономикасы оор абалда турган Орусияга бул рейтинг дагы бир көңүл чөгөргөн жаңылык болду. Дүйнөдө көпчүлүк инвесторлор бул агенттиктер түзгөн көрсөткүчкө маани беришет. Андыктан бул рейтинг Орусияга кызыккан инвесторлордун азайышын шартташы мүмкүн.

Орусиядагы МДМ-Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Олег Вьюгин мындай баалоо инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин орус каналдарына билдирген:

- Бул Орусияны инвестициялык деңгээлден төмөн түшүргөн биринчи агенттик болду. Мындай жагдай бир катар инвесторлорду Орусиянын баалуу кагаздарынан баш тартууга түртүшү мүмкүн. Инвесторлордун ансыз деле кызыкчылыгы азайып турган учур. Бирок бул рейтинг мындай кадамга түртчү дагы бир себеп болот.

Антон Силуанов
Антон Силуанов

Орусиянын финансы министри Антон Силуанов мындай рейтинг учурдагы абалды чагылдырбайт жана “агенттик ашыкча пессимизмге алдырып жиберди” деп билдирди:

- Standard & Poor’s кредиттик көрсөткүчтү төмөндөтүү боюнча маселени 2014-жылдын күзүндө караган. Ал учурда чынында эле валюта базарында туруксуздук өкүм сүрүп, рублдын курсу бир жээктен экинчи жээкке алмашып жаткан эле. Азыр болсо бул жагдай жалпысынан айтканда жөнгө салынды. Рублдин курсу бир калыпка түштү. Валюта рыногундагы абал турукташты. Мындан улам Standard & Poor’s түзгөн бул рейтингде пессимизм көбүрөөк деп эсептейбиз.

Министр Силуанов чет өлкөлүк инвесторлор орусиялык компаниялардагы акциялар үчүн тынчсызданбай койсо болоруна ишендирди.

Анткен менен Standard & Poor’s рейтингин жарыялаар замат орус рублинин долларга карата курсу төмөн түштү. ТАСС маалымдагандай, 26-январда доллардын курсу 66 рублден 69 рублге чыкты.

Каржы рыногу кризиске кептелип калган Орусия менен экономикалык биримдикке кирип жаткан Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Кыргызстандын Улуттук банкынын мурдагы төрага орун басары Максат Ишенбаев мунун Кыргызстанга түз таасири болбосо да, кыйыр кесепети болорун айтууда:

- Чет өлкөлүк инвесторлор Standard & Poor’s сыяктуу агенттиктердин рейтингине аябай маани беришет. Бул жагдай Орусиядан капиталдын тышка агылышына шарт түзүшү мүмкүн. Ал эми Кыргызстанга таасири тууралуу айтсак, түздөн-түз таасири жок. Бирок кыйыр таасири сөзсүз болот. Орусиянын экономикасындагы туруксуздуктан улам бул Москва каржылайт деген бир катар долбоорго кечеңдеши мүмкүн.

Былтыр мартта Орусия Крымды аннексиялап алган соң жана Украинанын чыгышындагы кырдаалдан улам АКШ менен Батыш Орусияга каршы бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Кремл өз экономикасынын алсызданып жатканын моюнуна албаганы менен Эл аралык валюта кору сыяктуу каржы институттары Орусия капиталдын сыртка көп агылып жатканына жабыр тартып, экономикасы рецессияга чукулдап калганын эскертет.

Ушул апта башында орус президенти Владимир Путин өкмөттөн чыгымдарды азайтып, инфляцияны өз деңгээлинде кармоо үчүн алтын-валюталык резервди жөнү жок чачпоону талап кылды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG