Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Путин: Орусия эки жылда оңолот


Путин маалымат жыйында.
Путин маалымат жыйында.

Москвада Путиндин жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференциясы өттү. Анын президент катары быйылкы онунчу басма сөз жыйыны орус акчасы - рубль мурда болуп көрбөгөндөй нарксызданган учурга туш келди.

Путин орусиялыктарды камтамага салган маселе - экономикадагы жана каржы базарындагы кырдаалга басма сөз жыйындын башында эле токтолду.

Каржы жана валюта базарындагы өйдө-ылдыйга карабай экономика жана өндүрүш өсүп жатат деп ырастады:

- Биринчи, эң башкы экономикалык көрсөткүч - ички дүң өндүрүштүн өсүшү, быйылкы жылдын он айында 0,7 - 0,6% болду. Жумушсуздуктун көрсөткүчү да төмөнкү деңгээлде турат. Азыр ал 5% тегерегинде. Каржы базарындагы олку-солкулуктарга карабай, федералдык бюджет бул жылы профицит менен аяктайт. Башкача айтканда, кирешелерибиз, чыгашадан 1,2 триллион рублге ашат. Бул болжол менен ички дүң өндүрүштүн 1,9%. Каржы министрлиги эсептерин али улантууда. Бирок бюджет профициттүү болору анык.

Путин “кара дүйшөмбү, шейшемби” атыккан күндөрдөн кийин Орусиянын валюта базарындагы кырдаалды биринчи ирет комментарийледи.

Рублдин нарксыздануусу дүкөндөрдө сооданы күчөттү. Москва, 17-декабрь, 2014-жыл.
Рублдин нарксыздануусу дүкөндөрдө сооданы күчөттү. Москва, 17-декабрь, 2014-жыл.

Ал рублдин куну кетишин негизинен тышкы факторлорго байланыштырып, бирок мында орус экономикасынын кара майга байланып калганынын да таасири бардыгын моюнга алды:

- Албетте, бүгүнкү кырдаал биринчи кезекте тышкы факторлордон улам жаралды. Бирок биз экономиканы диверсифакциялоо боюнча өткөн жыйырма жылдан бери пландаган, айтып келген иштердин көбү жасалган жок. Буларды жасоо кыйын. Тышкы экономикалык конъюктура жагымдуу кезде бизнес акчаны ыкчам жана максималдуу киреше алуу мүмкүн болгон жерге салып жатты. Бул механизмди кайра куруу абдан оор.

Путиндин бүгүнкү пресс-конференциясына тушташ Москвадагы соодада бир доллар 60 - 64 рубль, бир евро 75 - 78 рублдин ортосунда сатылып жатты. Апта башында доллар 80, евро 100 рублга чейин чыгып кеткен учурлар болгон.

Путиндин пресс-конференциясын Крымда көчөдөн көрүп жаткандар. Севастополь, 18-декабрь, 2014-жыл.
Путиндин пресс-конференциясын Крымда көчөдөн көрүп жаткандар. Севастополь, 18-декабрь, 2014-жыл.

​Мындан улам Орусиянын эң жакынкы өнөктөшү – Беларустун президенти Александр Лукашенко өкмөттүн 18-декабрда өткөн отурумунда Орусия менен сооданы рубль эмес, доллар менен гана жүргүзүүнү талап кылды. Коңшу өлкөнүн базарындагы жагдайды “түшүнүксүз” деп атады.

Путиндин ырастоосунда, Орусия азыркы экономикалык кырдаалдан эң кеч дегенде “эки жылдын” ичинде чыгып, өсүү жолуна түшөт.

- Азыркы кырдаалдан чыгарыбыз айныксыз. Эң аз дегенде эки себептен улам. Биринчиден, дүйнөлүк экономиканын өсүшү сакталат. Ыргак басаңдаганы менен өсүш сакталары анык. Бүгүнкү кырдаалдан биздин экономика да чыгат. Бул үчүн канча убакыт талап кылынат? Эң жаман деген шарт - жагдайда, менимче, эки жыл. Кайталайм, мындан кийин өсүш болору айныксыз. Себеби тышкы экономикалык конъюктура өзгөрөт. Дүйнөлүк экономиканын өсүшү менен кошумча энергетикалык ресурстар талап кылынат.

Путин эми орус экономикасын диверсифакциялоону убада кылып, ансыз мүмкүн эместигин, буга турмуш мажбурлай турганын да айтып өттү.

Пресс-конференция өткөн зал. Москва, 18-декабрь, 2014-жыл.
Пресс-конференция өткөн зал. Москва, 18-декабрь, 2014-жыл.

Дүйнөлүк банк жакында орус экономикасы келерки жылы стагнацияга эмес, рецессияга кириптер болорун болжогон эле.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейн бүгүн “Азаттык” менен маегинде:

- Батыштын санкциялары орус экономикасына таасир бергени ноябрда эле ачыкталган. Биздин болжолубуз боюнча 2015 - жылы экономикалык өсүш нөл пайызды түзөт. Орусиянын бюджети жана фискалдык кырдаал үчүн абдан маанилүү мунайдын арзандоосу уланып жаткандыгын, кредиттердин үстөгү көтөрүлгөнүн, рубль чоң көрсөткүчтө нарксызданганын бириктирип карасак, келерки жыл орус экономикасы үчүн биз ноябрдагы баяндамабызда белгилегенден да оор болчудай. Азыр каржы чөйрөсүндөгү шарт-жагдай дээрлик күн сайын өзгөрүп жаткандыктан, эмне болорун тагыраак айтуу кыйын.

Путин бүгүнкү суроо-жоопто Батышын Орусияга каршы украин кризисинен улам киргизген санкциялары эл аралык мыйзамга, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине каршы келерине да токтолуп, Батышты жаңы виртуалдык Берлин дубалын куруп жатканы үчүн айыптады.

Орус президенти 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышары же катышпасы Орусиядагы кырдаалга жараша чечилерин белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG