Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Орусияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Орусиядагы шайлоо
Орусиядагы шайлоо

Бүгүн Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо өтүп жатат. 450 депутаттык орун үчүн 14 саясий партия ат салышууда. Алгачкылардан болуп Камчаткадагы шайлоо участоктору ачылды. Шайлоо Орусиянын эң батышындагы Калининград облусунда добуш берүү аяктаганда бүтөт.

Жарандык активисттер добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирүүдө. “Добуш” кыймылынын мүчөлөрү кабарлашкандай, Мамлекеттик Думага шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар боюнча түшкөн даттануулар 300дөн ашты.

Алардын көпчүлүгү шайлоочулардын, участкалык шайлоо комиссияларынын жана журналисттердин укуктары бузулганы тууралуу арыздар.

Мындан тышкары жарандар шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, добуш берүү жараянындагы мыйзам бузуулар тууралуу да маалымдап жатышат. Укук коргоочулардын белгилөөсү боюнча, дооматтардын көпчүлүгү Москва шаарынан жана Ставрополь, Алтай крайларынан түшүүдө. Москвада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курсанттарын ташыган автобус бир нече шайлоо участокторун кыдырганга жетишкени айтылууда.

Орусия БШКсынын төрайымы Элла Памфилова болсо массалык түрдө айланма добуш берүү фактыларын жокко чыгарып, андай маалыматтарды тараткандарга карата “жалган жалаа жапканы үчүн” чара көрөрүн эскертти.

Москвалыктар добуш берүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Украинадагы добуш берүү

Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдына бир нече киши келип, имаратка кирүүчү эшикти тосууга жана элчиликтин тосмосун бузууга аракет кылышкан. Алардын максаты добуш берүү үчүн келгендерди ичкери киргизбөө болгон. Элчиликти 300 чамалуу полициячы кайтарып турат. Башаламандык кылгандардын бирөө кармалганы кабарланууда.

Түшкө чейин Киевдеги шайлоо участогунан 20 чакты киши добуш берди.

Киев: орус элчилигиндеги мушташ
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Ал эми Одессадагы орус консулдугунун алдында “Оңчул сектор” кыймылынын мүчөлөрү полиция менен кагылышып, бир нече киши кармалган.

Орусия тарабынан аннексияланган Крымда миңден ашуун шайлоо участогу ачылган. Крым татарларынын лидери Рефат Чубаров элди шайлоого бойкот жарыялоого чакырды. Ал эми АКШнын мамлекеттик департаменти Крымдагы шайлоолорду тааныбасын жарыялады.

Кыргызстандагы добуш берүү

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде жана Ош шаарындагы консулдугунда добуш берүү участоктору бүгүн жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 8де ачылган. Бул тууралуу Бишкектеги элчиликтин атын атагысы келбеген нөөмөтчү коменданты “Азаттыкка” билдирди:

- Элчиликтеги шайлоо участогу эртең мененки саат 8ден кечки саат 8ге чейин иштейт. Бардык Орусия жарандары келип добуш бере алышат. Азыр добуш берүү элчиликте жана Ош шаарындагы консулдукта жүрүп жатат.

Бүгүн Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо өтүп жатат. 450 депутаттык орун үчүн 14 саясий партия ат салышууда. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу депутаттардын жарымы партиялык тизме менен шайланса, калган 225 орунга талапкерлер бир мандаттуу округдардан шайланат.

XS
SM
MD
LG