Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Шайлоодо муундар ажырымы байкалат


Орусияда президенттик шайлоо Владимир Путиндин кетишин каалаган жаш муун менен ал кетсе, өлкө башаламандыкка кабылат деп корккон улуулардын ортосунда ажырым пайда болгон.

Александр Аванесов ушул жекшембидеги президенттик шайлоодо премьер-министр Владимир Путинге добуш бергени жатат. Себеби Москвадагы француз хорун жетектеген өнөрпоз Орусияда Путинге чейин эч качан бүгүнкүдөй бейкут жашоо болгон эмес деп эсептейт.

Татьяна Ким да шайлоого барат, бирок ал бардык талапкерлерге каршы добуш берет, себеби аталган хордо ырдаган кыз Орусияда саясатты көз бойомочулардын оюну деп кабылдайт.

56 жаштагы Аванесов Путин бийликке келгенге чейинки 1990-жылдардагы башаламандык менен ачарчылыкты азыркы муун билбей калганын айтат. Ал эми 18 жаштагы Таня Путиндин авторитардык системасына баш ийгиси келбейт жана 4-мартка белгиленген добуш берүүдөгү Путиндин атаандаштарын Кремлдин "кол балдары" деп эсептейт.

Путинге чейинки оор экономикалык саясий кырдаалды башынан өткөргөн Аванесовдун муунундагы адамдар премьер-министрге дагы бир мүмкүнчүлүк бериш керек деген көз карашта. Ал эми Танянын курбалдаштары Путиндин доорундагы туруктуулук менен барчылык турмушту кадыресе көрүнүш катары кабылдашат жана анын авторитардык бийлигин жаңылап, демократиялаштыруу зарыл деген пикирди карманышат.

Чын-чындап келгенде Аванесов президент Дмитрий Медведевдин экинчи мөөнөткө калышын каалар эле. Бирок ал Таня өңдөнгөн жаштар Путин алып келген туруктуулуктун баркын билбей калганын эске салат:

Жаштар Путиндин улуусунуп, акыл үйрөткөнүнөн тажашкан. Бирок биз саясатты унуткан, компартиянын ар бир курултайынан коркпой калган күн качан келер экен деп эңсечүбүз. Турмушка жеткидей акча таап, балдарыбызды баксак, жакшы кийинип, тоюна тамак ичсек, чет өлкөгө барсак деп кыялданчубуз. Азыр ошол заман келбедиби...

"Азаттыктын" кабарчысы менен Москвадагы кафелердин биринде отурган Таня жана анын курбулары ата-энелерине караганда жашоосу жаман эмес экенин моюнга алышты, бирок турмуш оңолгону үчүн эле бир гана чөйрөнүн доорону сүргөн система сакталып калыш керекпи деп ийин куушурушту.

Танянын курсташы, Москвадагы Экономика институтунда окуган 17 жаштагы Камиля Грачева Орусиядагы саясий системаны Екатерина Экинчинин доорунда ханыша үчүн ал өткөн жолдо шашылыш курулган Потемкин айылдарына салыштырды. Ал декабрда Мамлекеттик Думага болгон шайлоо алтернативасыз өткөндүгүн белгиледи.

Социологдор муундар ортосундагы мындай айырма шайлоочулар арасындагы көп ажырымдардын бири гана экендигин белгилешет. Борис Дубин - көз карандысыз «Левада» сурамжылоо борборунун адиси. Анын уюму жүргүзгөн иликтөө Москвадагы былтыр жыл этегинен берки массалык чыгууларга катышкандар анча деле жаш эмес, 40тардын айланасында болгонун аныктаган.

Айрыкча 40тан 55 жаш курактагылар көп болгон. Изилдөөчү шаардын борбору менен чет жакасында жашагандар, колунда барлар менен колунда жоктор ортосунда да ажырым бар экендигин белгиледи.

Таня менен Камиля Путин баары бир жеңип чыгарына моюн сунуп калышкан, ошентсе да ал Кремлге кайтып келсе, жок дегенде маңыздуу саясий-экономикалык реформа жүргүзөт деп үмүттөнүшөт. Аванесов алар менен кур дегенде ушул боюнча ою бир жерден чыкты:

Мен да Путин өзгөрөт деп үмүттөнөт. Ал бийликке жаңы келген жылдардагы катаалдык, оройлук аргасыздан болду. Чеченстанды башкарыш үчүн Сталин же Гитлердей катаалдык керек болгондур, мындай жүрүм-турум өзүн актады деп ойлойм. Азыр эми биз цивилизациялашкан саясатка, акылга таянган турумга көбүрөөк муктажбыз.

XS
SM
MD
LG