Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

ЕККУ: Орусияда шайлоо эркиндиги толук камсыз боло элек


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары Орусия эли дагы эле эркин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес деген баасын берди.

Орусиядагы парламенттик шайлоого байланыштуу жашыруун камера менен тартылган чакан видео соңку эки күндөн бери интернеттеги социалдык тармактарда өзгөчө хит болууда. Анда бюллетендерди чоң жоолугу менен жашырымыш болуп кочуштап көтөрүп келип, адегенде биринчи үкөккө, калганын жанында турган экинчи үкөккө тартынбай эле ыргытып жаткан аял кишини көрсө болот. Жанында бири-бирине жанаша туруп, ага далдаа болуп жардамдашып жаткан дагы эки адам бар.

Бул факт Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясына чейин жетип, мекеменин башчысы Элла Памфилова окуя Ростов облусунда болгонун моюнуна алды жана бюллетендерди топ-тобу менен салып жаткан аял участкалык комиссиянын катчысы экени аныкталганын, Тергөө комитети кылмыш иш козгогонун жана мындай мыйзамсыз ишке барган кызматкерлер сөзсүз жазага тартыларын билдирди.

Бирок, жалпысынан, Боршайком бул жолку парламенттик шайлоо Орусияда буга чейинки шайлоо өнөктүгүнө салыштырганда ачык өттү деген пикирде.

Өнөктүктүн жыйынтыгына өлкө башчысы Владимир Путин да ыраазы:

- Шайлоонун жыйынтыгы жакшы. Бирок, бул элибиз берген аванс экенин так белгилөө керек. Аны акташыбыз зарыл.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда, Мамлекеттик Думанын жетинчи чакырылышына федералдык шайлоо округу жана 225 бир мандаттуу округ боюнча алты саясий партиянын өкүлү өттү. Алар бийликчил «Бирдиктүү Орусия» жана Коммунисттик, Либерал-демократиялык, «Адилет Орусия», «Мекен», «Жарандык платформа» партиялары.

Путиндин «Бирдиктүү Орусиясы» парламенттеги 450 орундун 343үн ээлемей болду. Бул конституциялык көпчүлүк камсыз болду дегендик. Өткөн чакырылыштагыга салыштырганда бул жолу бийликти, Кремлди, Путинди колдогондор 105 орунга көп болду.

Оппозициядагы «Яблоко» жана «ПАРНАС» партиялары тиешелүү добуш ала албай калгандыктан парламентке кирүү укугуна жеткен жок.

Ал арада жарандык коом өкүлдөрү шайлоо таза өтпөгөнүн, айрым жерлерде бюллетендер үкөккө топ-тобу менен салынганын, байкоочулардын укуктары бузулганын айтып, бул тууралуу миңдеген арыздар катталганын билдирди. Ошондой эле адамдарды бир бекеттен экинчи шайлоо бекетине ташып алып барып, добуш бердирткен учурлар да көп болгону айтылууда. Мындай көрүнүштөр айрыкча Москвада көп катталды дешет алар.

Орусиядагы парламенттик шайлоого өз баасын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) да берди.

Уюмдун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Илкка Канерва «Кремлдин жарандык коомду кысымга алышы жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын үстүнөн катуу көзөмөл жүргүзүшү шайлоого терс таасирин тийгизди, бул орус элин тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты» деген көз карашын билдирди.

Ошону менен катар уюм бул жолку шайлоодо ачыктык жана ишеним деңгээли жогорураак болгонун байкаган.

Байкоочулар миссиясынын башчысы Илкка Канерва:

- Эгер Орусия демократияга умтулуусун далилдегиси келсе элине жеке көз карашын, пикирин ачык айтуу эркиндигине көбүрөөк шарт түзүп, жарандардын коомдук турмушка тартылуусун камсыз кылышы керек, - деди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, ыкчам текшерүүлөрдүн натыйжасында Дагстанда, Белгород, Нижегородск жана Ростов облустарында төрт участокто шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы жума күнү жарыяланат, бирок Мамлекеттик Думада да, аймактык парламенттерде жана аймак башчылары арасында да саясий күчтөрдүн олуттуу орун алмашуусу болбой турганы анык.

Бул жолку шайлоонун өткөндөгүдөн дагы бир айырмасы – добуш берүүчүлөрдүн катышканы боюнча көрсөткүч дээрлик 10% төмөн болду.

XS
SM
MD
LG