Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

"Түндүк агым" газ кууру ачылды


Бүгүн Орусия менен Батыш Европаны туташтырган “Түндүк Агым” деген газ кууру ачылды.

Балтика деңизинин түбүнө жаткырылган куур ишке киргенде Орусия Украина, Беларус жана Польшанын транзит жолдоруна мурункудай көз каранды болбой калат.

Германиянын Любмин шаарында өткөн салтанатта орус президенти Дмитрий Медведев жана немис канцлери Ангела Меркел символикалык түрдө куурдун чоргосун ачышты. Аземге ошондой эле Франция жана Голландиянын өкмөт башчылары, Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү катышты.

2005-жылы макулдашылган 10 миллиард долларлык долбоор орус газын Батыш Европага түз ташууга жол ачат. Аны менен бирге Москва Украина жана Беларустун аймактары аркылуу өтчү транзит жолдоруна мурдагыдай байланбай калмакчы.

- Жаңы курулуп бүткөн бул маанилүү түтүк Орусиянын Украина өңдүү транзит өлкөлөрдөн көз карандылыгын азайтат. Муну менен Европага газ стабилдүү түрдө берилип турмакчы, экинчиден, биринчи кезекте Германияга газ экспортун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болот, - дейт орусиялык ири инвестициялык менчик банктын аналитиги Валерий Нестеров.

1 миң 224 километрге созулган “Түндүк агым” деңиз алдынан өтчү дүйнөдөгү эң узун куур болуп калмакчы. Норвегия менен Британия ортосунда салынган “Лангелед” кууру андан 60 километр кыскараак.

Жаңы түтүк жогоруда айтылган Любмин менен Орусиянын Выборг шаарын байланыштырат.

Долбоор "Газпром", Германиянын BASF жана EON, Голландиянын Gazuni жана Франциянын GDF Suez компаниялары тарабынан ишке ашырылды. План боюнча куур эки бутактуу болот, экинчиси 2012-жылы иштей баштайт деп болжолдонууда. Экөө биригип жылына Европага 55 миллиард куб метр газ жеткирип турмакчы.

Европа Биримдиги керектеген жаратылыш газынын чейрегин Орусиядан алат жана анын 80 проценттейи Украина аркылуу өтөт. Украинанын "Нафтогаз" мамлекеттик ишканасы менен "Газпромдун" төлөмдөр жана карыздар боюнча талаштарынан улам, европалыктар газсыз калган учурлар көп эле болуп келген.

Түтүк Польша менен Балтика өлкөлөрүн да кыйгап өтөт. Буга Эстония, Латвия жана Литва нааразылыгын билдирип келишкен.

Москвалык аналитик Дмитрий Орешкин болсо эми Орусиянын аскерий күчү ал өлкөлөрдү анча чочутпай калат деген ойдо:

- Жакшы жери - бул ири долбоордун үстүнөн иштөө менен Орусия кандайдыр бир деңгээлде европалык баалуулуктардын системасын кабыл алууда. Ал стандарттарга ылайык, ар бир өлкө өз милдеттенмелерин, сүйлөшүлгөн келишимдердин шарттарын аткарат, коңшуларына орой мамиле жасабайт, же аларды мылтыктын жардамы менен “бактылуу келечекке” айдабайт. “Түндүк Агым” бар кезде, Эстонияга танктар менен кысым көргөзүү аракеттери Орусия тараптан эч качан болбойт.

Ошол эле маалда жаңы куур Москва менен Варшава ортосундагы чыңалуунун булагы болуп калышы ажеп эмес.

Польша сатып алган орус газынын баасы мунайдын баасына байланган. Бирок Евробиримдиктеги кардарларга аны чекене баага сатууга тийиш. Дүйшөмбүдө Польшанын мамлекеттик газ ишканасы импорттолгон газдын баасын төмөндөтүү үчүн арбитраждык сотко кайрылды.

XS
SM
MD
LG