Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 12:39

Жайкы лагердеги өрт төрт баланын өмүрүн алды


Өрт болгон балдар лагери, Хабаровск крайы, 23-июль 2019-жыл

Орусиянын Хабаровск крайында 23-июлга караган түнү балдардын жайкы лагери өрттөнүп кетти. Расмий маалыматка ылайык, бир кыз жеринде каза тапты, үч жеткинчек реанимацияда көз жумду. Өрт болжол менен жылытуучу жабдыктан келип чыккан. Окуя боюнча кылмыш иш козголду.

Хабаровск крайынын жетекчилиги өрт 23-июлда саат экиге жакын «Холдоми» деген туристтик комплексте тутанганын билдирди. Ошол маалда чатыр лагеринде 7-15 жаштагы 189 бала бар болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча лагердеги 26 чатырдын 20сы толугу менен күйүп кетти. От 240 чарчы метр аянтты чалган.

Балдардын өлүмү боюнча кылмыш ишти Орусиянын федералдык Тергөө комитети өзү карамай болду.

Өрт болгон жерде ажал тапкан кыз ошол күнү 11 жашка толмок экен. Каза болгон калган балдар оор абалда райондук ооруканага жеткирилген. Алар комага түшүп, реанимацияда жан беришти.

Лагерь
Лагерь

Кырсыктан жабыркаган 12 кишинин бешөө жашы жетелек балдар экенин жергиликтүү бийлик өкүлү кабарлады.

Туристтик комплекстин иши убактылуу токтотулду. Премьер-министр Дмитрий Медведев өткөргөн чукул жыйында Хабаровск аймагынын губернатору Сергей Фургал чатыр лагери жөнүндө эч кимдин кабары болбогонун айтты. Өкмөт башчы «губернатор эч нерсе билбесе, демек өз милдеттерин начар аткарууда» деп сындады жана лагерди уюштурууга уруксатты ким бергенин, кырсыктын себебин териштирүүнү тапшырды.

Фургалдын айтымында, менчик лагерди ачууга комиссия лицензия берген эмес.

Лагердин директору Максим Кузнецов кармалганын өзү маалымат каражаттарына билдирди. Андан тышкары Тергөө комитети кошумчалагандай, лагердин ээси – «Экстрим Сервис» компаниясынын директору Виталий Брулков кармалды. Алар кардарларды тейлөөдө коопсуздукту камсыздабаганы үчүн күнөөлүү деп табылса, экөө тең 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өрттөн кийин
Өрттөн кийин

Кузнецов жергиликтүү гезиттердин бирине айтып бергендей, күйүп кеткен чатырлардын бардыгында "өрткө туруштук берет" деген сертификаты бар болчу.

«Адатта чукул кырдаалдар мекемелери жабдылган чатырлар болчу. Санкт-Петербургдагы заводдон түз сатып алганбыз. Эң кымбат чатырлар болчу», - деди Кузнецов.

Директор бийлик ал лагерь тууралуу билмек турсун, эки аптадай мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жерде эвакуация боюнча машыгуу өткөргөнүн, гигиена жана эпидемиология борбору эксперттик тыянагын чыгарганын, өрт коопсуздугу кызматынын өкүлдөрү да келип кетишкенин айтып берди.

Айрым маалыматтарга караганда, өрт жылытуучу жабдыктагы мандемден улам келип чыккан болушу ыктымал.

Былтыр 25-мартта Кемерово шаарындагы «Зимняя вишня» соода борборунда өрт чыкканда тилсиз жоонун туткунунда калган 60 киши, арасында 37 жашы жете элек бала каза болгон. Алар кинотеатрда бекитилген эшиктен, калгандары жогорку кабаттагы балдар бөлүмүнөн чыга албай калышкан. Ошондон кийин Орусия бийлиги коомдук жайлардагы өрт коопсуздугун жапырт текшерүү тапшырмасын берген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG