Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Күйөрмандар Москванын меймандостугуна ыраазы


Аргентиналык футбол күйөрмандары
Аргентиналык футбол күйөрмандары

Орусияга футбол көрүүгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны эки миллионго жетти. 2014-жылы Бразилияда өткөн чемпионатта өлкөгө үч миллиондон ашык күйөрман келген.

Орусияга Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатына эки миллион чет өлкөлүк күйөрман келди. Расмий маалымат боюнча Москва бул чемпионатты өткөрүүгө 13 миллиард доллар сарптаган.

Футбол майрамын Москвада тосууга келген чет өлкөлүктөр алгачкы байкоолору менен бөлүштү.

Андрес Оспина теңтушу менен
Андрес Оспина теңтушу менен

Москванын метросунда жолуккан Андрес Оспина Колумбиядан келген. Шаардын кооздугуна суктанган Андрес метрону колдонуу гана ыңгайсыз болуп жатканын айтты.

- Москвага келгениме эки күн болду. Эли, шаары жагымдуу экен, полиция кызматкерлери деле жакшы мамиле кылышат экен. Мен башкача болот деп коркком. Аба ырайы бир аз суук. Анан метросу чоң, адамдар көп экен. Англис тилин билген кызматкерлер аз болгондуктан, бир аз кыйынчылыктар бар. Калганы жакшы. Досторум менен дагы үч жума Орусияда болобуз. Москвадан кийин Саранскка барабыз. Ал жакта Колумбия Жапония менен ойнойт.

Оуен менен Франк
Оуен менен Франк

Перудан келишкен Оуен менен Франк Орусияга жол тартаар алдында Интернеттеги сайттар менен форумдарды окуп, Орусияда жүрүү боюнча кеңештерди топтоп алып чыгышкан.

- Үч жумага келдик. Орусияга келээрден мурда бир топ сайттарды окуп, даярданып алганбыз. Биз күткөндөн жакшы экен. Адамдар деле меймандос көрүнөт. Азыр эле жолдон көчө сурасак көрсөтүп беришти. Бирок биз орус тилин билбей кыйналып жатабыз. Ошондуктан телефондогу сөздүктү, карталарды колдонуп жүрөбүз.

Ортодо Исантро
Ортодо Исантро

Аргентинадан келген Исантро Москвадан тышкары Санкт-Петербургда болот. Бир катар футбол чемпионаттарын тоскон шаарларда болгон Исантро Москванын даярдыктарына көңүл бурду:

- Биз Аргентинанын командасына колдоо көрсөткөнү келдик. Аргентина Исландия, Орусия жана Нигерия менен ойнойт. Орусияга биринчи жолу келишибиз. Москва кооз, кыздары сулуу экен. Чемпионатка даярдык иштери бир кыйла эле жакшы уюштурулуптур. Өзүбүздү коопсуз эле сезип жатабыз. Эми Санкт-Петербургга барабыз.

Дагы бир аргентиналык Марселио өз командасына колдоо көрсөтүп туруу өтө маанилүү болгонун айтты:

- Аргентинадан 20 миңдей футбол күйөрманы келет. Мен "Ривер плейт" командасынын фанатымын. Бирок бул жакта Аргентинанын курама командасын колдойбуз. Москвадан тышкары Нижний Новгород менен Санкт-Петербургда болобуз. Биз теңтуштар болуп алтообуз келдик.

Ал эми Америкадан келген Барди Москва жакшы тосуп алганын белгилейт.

- Мен мынчалык тынч жана коопсуз болот деп ойлогон эмесмин. Жагымдуу сюрприз болду.

Орусиядагы чемпионатка апрелде Британия, Польша, Австралия, Исландия менен Украина өлкөлөрү бойкот жарыялап, жарандарын Орусияга баруудан баш тартууга чакырган.

Ошондой эле Европа парламентинде футбол фанаттарынын Орусиядагы коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүп, бир катар өлкөлөрдө күйөрмандарга Орусияда жүрүү боюнча алдын ала көрсөтмө берилип, сунуштар айтылган.

Июндун башында Санкт-Петербург, Москва жана Саранскта чет өлкөлүк футбол күйөрмандары ур-токмокко алынып, тонолгону тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлаган. Андан соң чемпионат өтчү шаарлардагы ИИМ башкармалыктарына 25-июлга чейин кылмыштар жөнүндө маалыматтарды чектөөнү буйруган атайын тапшырма берилгенин "Медиазона" басылмасы ИИМдеги булактарына таянып жазып чыккан.

Орусияда футбол оюндары бир айдан ашуун убакытка созулат, финалдык оюн 15-июлга белгиленген. Бул мезгил ичинде чемпионатка катышып жаткан 32 команда 11 шаарда, 12 стадиондо 64 мелдеш өткөрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG