Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Орусия-Жапония: Курил маселесинде бир пикир жок


Расмий Токио Кремль менен алакаларды бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу Жапониянын тышкы иштер министри Сэйдзи Маэхара билдирди. Министр бүгүн (11-февралда) Москвага учуп келет.

Кремлде өткөн жыйында президент Дмитрий Медведев талаштуу Курил аралдарын коргоого алууну күчөтүү талабын койду. Орусиянын коргоо министри аралдарга тик учактарды ташуучу эки “Мистраль” жөнөтүлөрүн маалымдады.

7-февралда жапон активисттери Токиодогу Орусиянын элчилигинин алдында орус байрагын өрттөп, нааразылыгын билдиришти.

Орусия менен Жапониянын ортосундагы Курил аралдарына байланыштуу талаш 60 жылдан бери уланып келатат. 2010-жылы ноябрда президент Дмитрий Медведев күтүүсүз сапар менен талаштуу Курил аралдарына баргандан кийин эки өлкө ортосундагы кайым айтыш күч алган. Жапониянын өкмөт башчысы Наото Кан Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин Курил аралдарына жасаган сапарын кескин сынга алып “жол берилгис оройлук” деп баалаган.

Жапон ативисттеринин нааразылык акциясы
Экинчи Дүйнөлүк согушта Жапония жеңилип, Курил аралдары Советтер Союзуна өтүп, буга байланыштуу келишимге Жапониянын ошол кездеги бийлиги кол койгон. Келишим АКШ менен Жапониянын ортосунда түзүлгөн жана ага Москва кол койгон эмес. Ошондон улам расмий Токио эл аралык укугун талашып келет.

9-февралда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бул маселеде чечимин өзгөртпөй турганын дагы бир жолу белгилеп, “ал аралдар Орусия федерациясынын жери экенин бардыгы түшүнүшү керек”,-деп айтты.

10-февралда Москвага аттанар алдында Жапониянын тышкы иштер министри Сейдзи Маэхара “Курил аралдарына канча жогорку даражалуу кызматкер барып кетпесин же өз аскердик күчүн кеңейтпесин, биздин эл аралык укукка негизделген көз караш өзгөрбөйт”,-деп айтты.

Саясат талдоочулардын баамында, Жапонияда Орусияны ийге келтире алгыдай эч нерсе жок. Талдоочу Фёдор Лукьянов бул тиреш жөн гана “сен мага мындай мамиле жасасаң, жообу мындай болот” деген эле маанайда уланууда. Федор Лукьянов жапон өкмөт башчынын аракетин сынга алып, “ал бүгүн бирди, эртең башканы айтат. Кандай багытта иш алып бара тургандыгы белгисиз”, - деп белгиледи.

Талдоочу Алексей Мухин:

- Албетте эки тарап тең кызуу кандуулукка алдырбашы керек. Жапония да, Орусия да буга окшогон маселени туура чечиши керек.

XS
SM
MD
LG