Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Орусияда мусулман телеканалы ачылат


Египет -- Жалаң мусулман аялдар иштеген жаңы телеканалдын студиясында программа тартылууда. Каир, 19-июль, 2012.
Египет -- Жалаң мусулман аялдар иштеген жаңы телеканалдын студиясында программа тартылууда. Каир, 19-июль, 2012.

«Альт-РТВ» телеканалы август айынын аягында ишке киргени турат. Мындан улам казак дин өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттери Казакстанда да мындай долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү туурасында ой бөлүшүүдө.

Орусиянын муфтийлер кеңешинин маалыматына караганда, бул долбоор ири мусулман уюмдарынын жана бийликтин федералдык органдарынын колдоосунда ишке ашууда. Телеканалды жеке ишкерлер каржылай турган болуп жатат. Мындан тышкары ага мамлекет грант бөлүшү ыктымал деген сөздөр да бар.

Орусиянын массалык маалымат каражаттарынын билдиришинче, телеканалдын башкы маңызы динди жайылтуу болгондуктан, ишке диниятчылар жана бийликтеги белгилүү диний ишмерлер тартылат.

Орусиянын Дин башкармалыгынын Европа бөлүгү боюнча жетекчисинин орун басары Дамир Мухетдиновдун айтымында, телеканалдын көрармандары негизинен жаштар болоору болжонууда.

- Орусиядан, Кавказдан же Борбор Азиядан болобу, алардын бардыгына тегиз таалим-тарбия берип, рухий-нравалык баалуулуктарды үйрөтүү - каналдын негизги максаты болуп саналат.

Адистер Орусияда мындай телеканалды ачуу идеясы көптөн бери талкууланып, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү аракеттер жакында гана башталганын айтышат. Батышчыл басылмалар Татарстанда эки диний жетекчиге болгон кол салуу дагы процессти тездетип жибергенин жазып чыгышты.

Эгер Казакстанда мындай телеканал ачуу жөнүндө сөз кыла турган болсок, көпчүлүк 2009-жылы эфирге чыга баштаган “Асыл арна” каналын эстей турганы бышык. Аталган каналды төкмө акын Мухамеджан Тазабеков башкарып турган. Телеканал ачылар менен башкы максаты улуттук салт-санааны өнүктүрүп, элдин калың катмарына исламдын баалуулуктарын сиңирүү экендигин жарыялаган.

Бирок аз убакыттан кийин эле “Канал койгон башкы максаттарынан тайып, араб жашоосунун үлгүсүн жана арабдардын көз карашындагы исламды жайылтуу аракетин көрүп жатат” деген сындар угула баштаган. Мисалы, Abai.kz сайтына 2011-жылы чыккан “”Асыл арнанын” берүүлөрүнө диний анализ ” деген макалада каналдагы берүүлөрдүн 25 пайызы гана Казакстандагы салттуу исламдын көз карашына төп келээри айтылып, анда көрсөтүлгөн фильмдердин бардыгы Сауд Аравиясынан түз алынып келээри жазылган.

Каналдын жетекчиси Мухамеджан Тазабеков бул сындардын көбүн четке кагып, коомдо чын эле ваххабизм менен радикализм бар экенин, бирок бул үчүн телеканалды айыптоо акылга сыйбаган көрүнүш экенин билдирген.
Мындан бир аз убакыт өткөндөн кийин эле “Асыл арна” телеканалы кабелдик телевидениенин топтомунан чыгып калган.

Ага чейин “Алмаз ТВ” кабелдик оператору “Асыл арнанын” ордуна жаңы “Мадениет” каналы чыгаарын эскерткен эле. Жакында Алматынын борбордук мечитинин имамы Кулмухаммед Маханбет кабелдик оператордун атына кат жазып, кайра “Асыл арна” телеканалын калыбына келтирүүнү өтүнгөн.

Адистер өлкөдө диний кырдаал туруксуз болуп турган чакта казак коомчулугунун талабына жооп берген мусулман каналын ачуу оңойго турбасын билдирип жатышат. Укук коргоочулар кандай гана учур болбосун бул ишке мамлекет аралашпашы керектигин эскертип жатышат.

Алар Орусияда мындай каналдын расмийленишине каршы пикирлерин билдирүүдө.

- Эгер мамлекет Конституция боюнча өзүн светтик деп тааныса, ал маалымат каражатынын ишине бут тоспошу керек, ошол эле учурда аны каржылабашы керек. Карыжлоо грант же башка жол менен да болбошу керек,-дейт укук коргоочу Нинель Фокина.

Ошол эле учурда адистерди өлкөдөгү башка конфессиялардын абалы да тынсыздандырууда.

- Эгер Казакстанда мусулман каналы ачыла турган болсо, башка диндердин да кызыкчылыгын эске алып, православ, католик жана башка ушул сыяктуу каналдарды да ачууга шарт түзүү керек болот. Мисалы, Орусиянын православ “Спас” каналын ачуу керек же ага окшош жаңы канал түзүү керек болот,- деген оюн айтат дин таануучу Артур Артемьев.

Ал эми саясат таануучу Досым Сатбаевдин пикиринде, мамлекет мындай каналды каржылабаган күндө деле кыйыр түрдө бул тармакты көзөмөлдөшү керек:

- Маалымат каналы элдин аң-сезимине, диний сезимине таасир этет. Албетте, эгер бул каналдын берүүлөрүнүн ички мазмуну экспертизадан өтпөй турган болсо, анда бул жерде белгилүү бир тобокелчилик пайда болот. Бул каналдын дестабилдештирүүнүн бир куралы болуп кеткенден кудай сактасын. Телеканал демөөрчү, же жеке инвестордун каржылоосунда иштеген күндө да анын мазмунун мамлекет көзөмөлдөй албайт дегенди түшүндүрбөйт. Бизде кайсы бир радикалдуу диний агымдын өкүлдөрү мамлекеттик бийлик түзүмүнө да кирип алганы билинип калып, чатак чыккан учурлар болгон.

Сатбаев Орусиядагы мусулман каналын ачуу тажрыйбасынын утуштуу жактарын гана пайдалануу мүмкүнчүлүнүн белгилейт. Ал эми дин таануучу Артур Артемьев мындай телеканалдын ачылышы коомчулукта өтө көп жоопсуз суроолорду пайда кылаарын эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG