Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Ходорковский бизнеске кайтпайт


Михаил Ходорковский абактан чыккандан кийинки алгачкы маалымат жыйынын Берлин дубалы музейинде өткөрдү. Анда мурдагы мунай олигархы саясатка аралашпай, бизнеске кайра барбай турганын белгиледи.

Абактан бошогону үчүн маалымат каражаттарына, журналисттерге, Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Ганс-Дитрих Геншерге, учурдагы канцлер Ангела Меркелге ыраазычылык билдирген Михаил Ходорковский түрмөдөн түз эле Германияга келип калганынын чоо-жайын мындайча чечмеледи:

- Бошонуу процессинде менде тандоо болгон жок. Түнкү экиде мени лагердин башчысы ойготуп, үйүмө барарымды айтты. Көп өтпөй саякатым Берлинде бүтөрүн билдим. Менин артымдагы конвой немис авиакомпаниясына караштуу учактын эшиги жабылгандан кийин гана кетти.

Ходорковский өзүнүн абактан мөөнөтүнөн мурда же мөөнөтү бүткөндөн кийин чыгаарын президент Владимир Путин гана чечерин күн мурунтадан эле билгенине да токтолду:

- Кечирим жөнүндө өтүнүч жазуу мен үчүн эч качан проблема болгон эмес. Анткени менин тагдырым, кесиптештеримдин тагдыры президент Путиндин гана колунда экени түшүнүктүү болчу. Ырайым менен бошотуламбы же мөөнөтүм бүткөндө чыгамбы - бул Путиндин түздөн-түз көрсөтмөсү менен гана ишке ашмак же ашмак эмес. Ансыз бул чечимди эч ким кабыл алмак эмес. Бул жагынан кечирим мен үчүн маселенин расмий жагы эле. Расмий эмес жагы күнөөнү моюнга алуу болчу. Балким акыркы беш жылдан бери кечирим тууралуу өтүнүч жазууга мен күнөөнү моюнга алуу жөнүндөгү сөздөн улам гана баш тартып келгем.

Ходорковский ага берилген акыркы сунушта күнөөнү моюнга алуу жөнүндө сөз жүрбөгөнүн, президент Путинге жолдогон эки катынын биринде ал мурда да ачык айтып келгениндей эле саясатка аралашпасын, башкача айтканда бийлик үчүн күрөшпөсүн белгилегенин кошумчалады.

​Бирок Ходорковскийдин айтымында, ал Орусияда саясий айыпкерлердин санын азайтуу үчүн күрөшөт:

- Мени Орусияда саясий айыпкерлер калбаганынын символу иретинде кабыл албагыла. Мени жарандык коомдун аракети бошотулат деп күтүлбөгөн адамдардын эркиндик алышына алып барган символ катары санагыла. Биз жөн гана Орусияда жана башка өлкөлөрдө да саясий айыпкерлер калбашы үчүн иштешибиз керек. Мен түрмөдө азыр адилетсиз айыптар менен отургандар, анын ичинде Болотная ишинин туткундары биринчи кезекте өз ден соолугун, акыл-эсин сакташы керек деп эсептейм. Бул - эң башкысы. Алардын боштондугу үчүн биз эркиндикте жүргөндөр күрөшөбүз.

Ходорковский Берлиндеги басма сөз жыйында бизнеске кайтып барбай, мурдагы ЮКОС мунай компаниясынын активдерин талашпай турганын, бирок абакта калган өнөктөштөрүнүн боштондугу үчүн иштей турганын, Орусияга азырынча бара албай турганын да айтты:

- Мен убактымды түрмөдө жаткан адамдар алдындагы парзымдан кутулуу жана Орусияда жашоонун жакшы жагына өзгөрүүсүн талап кылган орус коому үчүн жумшайм. Орусияга кайтышыма мүмкүнчүлүк жаралышы үчүн Орусиянын Жогорку Соту Европанын Адам укуктары сотунун ЮКОСтун биринчи иши боюнча 500 миллион доллардык айып менден жана досум Платон Лебедевден алынганын ырасташы керек. Бул азыр ишке аша элек. Мындай шартта Орусияга келип, бирок кайра сыртка чыгууга уруксат алалбай калышым мүмкүн.

Ходорковский ата-энеси менен жолуккан учур. Берлин, 21-декабрь, 2013-жыл.
Ходорковский ата-энеси менен жолуккан учур. Берлин, 21-декабрь, 2013-жыл.
50 жаштагы Ходорковский абактан 20-декабрда чыгарылган. Президент Путиндин жарлыгында ырайым ага “гуманитардык жүйөдөн” улам берилгени айтылат.

Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген айыптар менен эки ирет соттолгон. Жактоочулары соттолушунун саясий жүйөсү бар болгонун айтып келишкен. Ходорковскийдин жаза мөөнөтү келерки жылдын августунда аяктамак.

Айрымдар анын бошотулушун Батыш коомчулугунда Орусияга карата калыптанган терс маанайды Сочи Олимпиадасы алдында өзгөртүү аракети деп санашат. Батыш өкмөттөрү Ходорковскийдин бошотулушун этияттык менен кубаттады. АКШнын мамлекеттик катчысы муну менен бирге Орусияны сот реформасын жүргүзүүгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG