Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Ставрополдо бир үйдөн сегиз кишини атып кетти


Ставрополдогу сегиз киши атылган үй, 22-январь.
Ставрополдогу сегиз киши атылган үй, 22-январь.

Ставропол шаарында 21-январда жапырт түрдө бир бүлөнү кырып кетүү болду. Кылмышты териштирүү үчүн Орусия иликтөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин Ставрополго келди.

Андан мурдараак өлкө баш прокурорунун орун басары Иван Сыдорук да бул ишти өзү көзөмөлгө аларын айткан. Бешинчи күнү менчик үйдүн гаражынын ичине камап атып өлтүрүлгөн 8 кишинин сөөгү табылган. Мерт болгондор арасында кылмышкерлер мыкчыгери атанган Владимир Слизаев жана анын үй-бүлөсү бар. Эки баласы тирүү табылган. Кийин такталган маалыматта, бири эмчектеги кыз бала, экинчиси – сегиз жашар эркек бала экени айтылат.

Бул жолку кылмышты эксперттер мындан эки айча мурда Краснодар крайындага Кущевск станицасында 12 кишини, арасында эмчекте баланы да жайлап кетишкен кандуу окуяга абдан окшош экенин белгилешүүдө.

Ставрополдо болсо 21-январ күнү менчик үйдүн машие койчу гаражына камап 8 кишини кимдир бирөөлөр атып кетишкен. Атылгандардын бешөө эркек, үчөө аял. Ал үйдүн кожоюну Владимир Слизаев ошол аймакка атагы чыккан кылмышкер, Хан деп аталчу башкесерлер мыкчыгери экен. Бөйдө ажал тапкандар - анын бүлөсү. Алардан сырткары анын ит багары, машине айдоочусу, балдарын багуучусу. Үйүндө тирүү калган эки бала да аныкы. Ошондуктан крайлык иликтөөчүлөр «муну же мыкчыгер байлыгын тоноп алуу үчүн, же мыкчыгерден өч алуу үчүн жасашкан» дешүүдө.

Кущевск станицасында 12 кишини союп кетүү ноябр айында болгон. Анын чуусу басыла элек, соту да өтө элек. Ал жерде уюшуп алган кылмыштуулук бети ачылууда.

Ставрополдук саясий талдоочу Владимир Кобякин баамында, бул эки жолку киши өлтүрүүнүн окшош жагы бар. Бирок жаман жери – адамдар мындай көрүнүштөргө көнө башташы:

- Кущевск кандуу окуясы кишинин оозун ачырды эле, а бул (Ставрополдогу бир бүлөнү кырып салуу –ММ) болсо демейде болуучу нерседей көндүм кабыл алынды.

Кийинки учурда буга окшогон уюшулган кылмыштуу топтор өлкөдө жайылып баратканы ачык айтыла баштады. Кемерово обулусунда жагдай оор. Ал эми Гусь-Хрустал шаарында төрт уюшкан кылмыштуу топко кирген 20 киши кармалган.

Ставрополдогу кан төгүшкө чамалаш Ростов-на-Донуда мамлекеттик чек ара курулушу «Росгранстрой» баш директорунун орун басарын кимдир бирөөлөр өлтүрүп кетишкен. Ошондуктан бул эки киши өлтүрүүчүлүк бир максаттын тегерегиндеги иш – буюртмасы бар кылмыштар дешкендер да бар.

Ал эми ИИМдин мурдагы иликтөөчүсү Владимир Волков айтышынча:

- Ставрополдо бир бүлөнү кырып салуу жөн эле Кущевка эмес – бул кылмыштуу жааттын кезектеги чагымы, анын бийликке кыр көрсөтүшү.

Ставропол крайынын админстрациясы болсо бул каргашалуу окуяны Кущевдеги кан төгүүгө салыштырууга жарабайт деген. Крайлык өкүмөт орун басары Юрий Белый айтышынча:

- Крайда, ошондой эле Ставропол шаарында жагдай тынч, кишилердин коркуп-үркүшүнө эч кандай себеп жок. Кылмыштуулук өстү дешке негиз жок, кийинки учурга дейре киши өлтүрүү болгон эмес.

Колтук алыша ишкердикке өтүшкөн паракорчулук түбү жүрүп ушуга алып келгенин, анын системага айланып бартышын ИИМдин мурдагы кызматкери, генерал Владимир Овчинский айтат:

- Мен Орус бийлигине, арасында Бастрыкинге дейре канча жорлу арыз жөнөттүм. Паракорчулук табакташтыгы деген ушул. Прокуратура, милиция жана сот бирин-бири колдоого алып атып, акыры өздөрү кылмыштуу уюмга айланып калышкан.

XS
SM
MD
LG