Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

Санкт-Петербург: Азаматтан дайын жок...


Дайынсыз жоголгон Азаматтын сүрөтүн кармап турган аялы Айжамал
Дайынсыз жоголгон Азаматтын сүрөтүн кармап турган аялы Айжамал

Санкт-Петербургда кыргызстандык Азамат аттуу жигит бир айдан бери дайынсыз болууда. Ал акыркы ирет жубайы Айжамал менен 25-март күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн.

25 жаштагы Жакыпбек уулу Азамат Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жарым жыл мурда барган. Келинчеги экөө шаардагы заводдордун биринде иштечү. Айжамал окуя болгон күндүн эртеси эле шаардагы Красная гвардия аймагында жайгашкан полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын айтуусунда, полиция иш козгогону менен аликүнчө Азаматты табуу боюнча олуттуу жардам көрсөтө элек:

- 25-мартта жумуштан бирге чыкканбыз. Мен үйгө кеткем, Азамат жердештери менен калган болчу. Түнкү саат он бирде мага телефон чалып, үйгө келатканын айткан. Мен күтүп отуруп, уктап калыпмын. Түнкү саат үчтө ойгонуп, телефон чалсам өчүк экен. Өзүнөн өзү кетип калбайт эле. Карызы деле жок болчу. Азамат Орусияга менден биринчи келген, менин келгениме үч-төрт ай эле болгон. Чыр-чатакка барбаган адам болчу. Мен үчүн анын жоголуп кеткени табышмак болуп жатат. Менимче, аны бирөө зордук-зомбулук көрсөтүп кармап отурат. Болбосо сөзсүз түрдө кабарламак. Полицияга арыз менен кайрылдым. Алар издешкенге бир стажерду эле бөлүп берип коюшту. Кечээ барсам, шаарда жалпы жонунан 800дөй оорукана бар экен, анын жарымынан жооп келди дешти. Иш козголгону менен ордунан жылган жок.

Азаматтын жоголгону тууралуу Санкт-Петербургдагы консулдук да кабардар. Алар жергиликтүү полиция менен тыгыз иштешип жатат. Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы ардактуу консулунун жардамчысы Азамат Мамышев:

- Азаматтын келинчеги, туугандары бизге кайрылган. Консулдук атайын кат жиберип, иш тууралуу укук коргоо органдарынан маалымат алууда. Азырынча аларды сындаган эрте. Себеби Санкт-Петербург чоң шаар. Андагы камералардын ар бирин карап чыгууга убакыт керек. Анын жоголушу боюнча так жоромол жок. Бизге маалым болгону - Азамат үйүнө бараткан учур видеого тартылган, бирок үйүнө жакын жерден баштап видеодо көрүүгө мүмкүн эмес. Себеби түн, караңгы, Санкт-Петербург шаарында чоң камералар да көп. Азамат чыгып үйүнө бараткан жолдо адам көп болуп, анын кайсыл жакка кеткени байкалбай калыптыр. Кат алышып, иштеп жатабыз. Азырынча бир жоромол жок.

Ал ортодо Санкт-Петербургдагы жүзгө чукул кыргызстандык шаар ичин түрө кыдырып, мекендешин өз алдынча табууга аракет кылышкан. Азаматтын досу Болотбек Кабылов:

- Биз, кыргыздар чогулуп алып таштанды, өлүккана, оорукана, убактылуу кармоочу жай, ФМС, болгон жердин баарын карап чыктык. Бир да кабар жок.

Азаматтын жанында өз документтеринен тышкары келинчегинин паспорту да болгон. Эми Айжамал эки баласын кучактап, жолдошун издегени издеген. Дайынсыз жоголгон Азаматты табууга жергиликтүү массалык маалымат каражаттары да кол кабыш кылган. Бирок ушул күнгө чейин бир да адам ал тууралуу маалымат айткан эмес. Айрымдар издөөнүн солгун жүрүшүн Орусияда жергиликтүү элдин мигранттарга болгон терс мамилеси менен түшүндүрүшөт. Орусиялык журналист Илья Казаков:

- Тилекке каршы, калк арасында мигранттарга болгон мамиле, эки ача пикир бар. Бири улутка маани бербей жардам берсе, экинчиси бул биздин балдар эмес, аларга эмне мынча сарсанаа болуп жатасыңар дейт. Балким, ушул терс мамиле да иштин жылбай жатышына себеп болуп жатат.

Расмий маалымат боюнча, өткөн жылы Орусиядагы элчиликке 26 адам жакындарын издеп, арыз менен кайрылган. Бирок арыз жазбагандар мындан да көп экени айтылат. Алардын тең жарымы темир тор, убактылуу кармоочу жайларда, айрымдары ооруканада, андан азырагынын сөөгү өлүкканада табылган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG