Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Миграция курмандыктары


Айганыштын аянычтуу өлүмү, иштейм деп кетип "кылмышкерге" айлангандар, темир тор артындагы мигранттар. "Азаттык+" бул чыгарылышын миграция курмандыктарына арнады.

Төрт баланын улуусу Айганыш апасынын уруксаты менен бала багуу үчүн Екатеринбургдагы тааныштарына 2014-жылы июнь айында эле барган. Атасы түрмөдө болгондуктан апасы Айганыш салган акча менен насыясын төлөп келаткан.

Анара үч баласы менен Өзгөндө ижарага алынган батирде турат. Туруктуу жумушу жок, кээде мекемелердин полун жууп, күн көрөт.

Мыйзамга ылайык, жашы жете элек өспүрүм мейли тууганы менен болсо да, ата-энесинин уруксаты жок бөтөн мамлекетке чыга албайт. Апасы макулдук бергени менен атасынын жообу кандай болгон? Бул жагдайды териштирип отуруп, жагымсыз маалыматка туш болдук. Айганыш Орусияга кеткенге чейин сексуалдык зомбулукка кабылып, бул кылмышка барган атасы соттолуптур.

Миграция курмандыктары
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:59 0:00

Айганыш балдарын баккан үй-бүлө анын эч кандай тууганы же кошунасы эмес. Ал эми кызды Орусияга алып келген жаран мурда эле депортация болуп өлкөдөн чыгарылган. Алар кызга издөө салып, консулдукка кайрылган арызында Айганышты кез-кезде тартипке салып коюшарын жашырган эмес.

4-январда Екатеринбургда кар калың жаап, сыртта катуу суук болчу. Кыштын кыраан чилдесинде өспүрүмдүн үйүнө эмес, башка жолго түшүп кеткени таң калтырбай койбойт. Көпчүлүк муну кыз сүт албаганынан үйүнө баргандан коркуп, качып кеткен деп божомолдоп жатышат. Андай болсо, ал кандай үй-бүлөдө, кимдин колунда жашаган?

Айганыштын сөөгүн 4-апрелде бейтааныш адам Екатеринбург шаарынын Железнодорожный районунун аймагынан капыстан көрүп калган. Окуя боюнча Свердлов облусунун тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Эгер бир айдан кийин да экспертиза алдын ала көрсөткөндөй, өспүрүм зордук-зомбулуксуз каза тапкан деген тыянак чыгарса, иш жабылып калышы толук ыктымал.

Москвага жылына миндеген мигрант тыйын тапканы келет. Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандыктар жашап-иштесе, көпчүлүгү ушул мегаполисте турат. Бирок алардын баарына эле ийгилик жылмая бербейт. Арасында жумуш таба албай, түрдүү кылмышка кириптер болгондору да арбын.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын соңку маалыматында, бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны 560 миңден ашуун. Ал эми ар кандай кылмыш иштери боюнча айыпталып, орус абактарында жаза өтөп жаткандардын саны 1500 миңден көп. Алардын басымдуусу уурулук жана каракчылык үчүн соттолушкан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG