Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Москва: бала баккан мигранттардын убайымы


Москвада иштеген кыргызстандык Гүлира
Москвада иштеген кыргызстандык Гүлира

Москвада төрт жаштагы майып кызды мууздап өлтүрдү делген өзбекстандык келиндин окуясынан кийин бала багуучу болуп иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин айрымдары жумушунан айрылган.

Орусияда үй кызматында бала багып же улгайган адамды кароо - мигрант кыз-келиндер үчүн эмгек акысы жакшы төлөнгөн, тамак-ашы белен, жата турган жери бар ыңгайлуу жумуш. Мурда орусиялыктар бул ишке беларус, украин жана молдовандарды алса, акырындык менен алардын ордун борбор азиялыктар ээлей баштаган.

Мындай жумуштарда мектепти бүтпөй эле Орусияга келген өспүрүмдөр да иштешет. Москвага 17 жашында келген Айдана Төлөнова эмгек жолун москвалык үй-бүлөдө бала кароодон баштаган.

- Мен Любовь аттуу кызды сегиз айдан бери багам. Бала бакчага жеткирем, кайра алып келем. Анын ата-энесинин үйүндө жашайм. Аялы - психолог, күйөөсү - режиссер. Булар адамды бир көрүп эле түшүнөт, менин паспортумду деле сурашкан эмес. Өзбекстандык келин төрт жаштагы кызды өлтүрүп салганын өздөрү айтып беришти. Аны укканда аябай жаман болдум. Бирок мага мурдагыдай эле жылуу мамиле кылууда.

Мигрант келин. Москва
Мигрант келин. Москва

Жыпара Байзакова да бала багуучу болуп иштейт. Ал үй ичинде кыйналбаганы менен көчөдө полициянын рейди күчөп, текшерүү көбөйгөнүн айтты. Жыпаранын бушайман болгонунун жөнү бар. Анткени көпчүлүк кыздар бул жумушту тааныш аркылуу таап, расмий документи жок эле иштейт.

- Суук кабардан кийин үй кожоюнунун мага болгон мамилеси өзгөргөн жок. Аялы “мунун баары саясат, көчөгө чыкпай, этият бол” деп койду. Мен балдарга аябай көнүп калгам, алар да мени жакшы көрүшөт. Өзүмдүн кызымды бул жакка алып келип окутам, ата-энемди да таанышат. Албетте, ал балага кол салган келинге жиним келип жатат. Ушунча элдин ырыскысын тепти да. Анын кылыгы үчүн биз эмнеге жапа чегишибиз керек?

Орто эсеп менен 40-50 миң рубль төлөгөн үй кызматчылыкка москвалыктар медициналык же педагогикалык билими бар, орус тилин мыкты билгендерди алышат. Андан тышкары иш тажрыйбасына жана мурунку жумуш берүүчүлөрдүн мүнөздөмөсүнө тыкыр көз салынат.

Адина Жолдошева болсо бул тармакта акырындык менен ишенимге ээ болгон кыргызстандык мигрант кыз-келиндерге ишке орношуу эми оор болорун белгилейт.

- Мурда эле бизге шектүү карап, славяндарга артыкчылык беришчү. Бирок көп учурда орусчаны жакшы билет деп кыргыз кыз-келиндерди жумушка көбүрөөк алып жатышкан. Тиги келин бизге болгон ишеничти кетирди да... Мындай жумушта жашы улгайып калган эжелер дагы көп иштейт эмеспи. Ошолорго дагы оор болду. Мен иштеген үй-бүлөдө мага эч нерсе дешкен жок. Бирок окуяны уккандан бери мен өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам.

Мигрант. Москва
Мигрант. Москва

Ал эми Элмира Айдарова болсо төбө чачты тик тургузган кылмыштын айынан кыскартууга дуушар болгон.

- Эки айдан бери жеке бала бакчада ашпозчу болуп иштейм. Он беш балага тамак жасайм. Андан тышкары ошол эле жерде дем алыш жана майрам күндөрү бала багуучу болуп иштечүмүн. Башка тарбиячылар менен кезектешип турчубуз. 8-мартка карата майрам күндөрү мен иштемекмин. Анан бир тарбиячы келип “жетекчилик айтты, Москвада болгон окуяга байланыштуу сенин ордуңа мен ишке чыгам” деди. Мурун жетекчибиз түз байланышып, ал-акыбал сурап, өзү көрсөтмө берчү. Эми “кардарларыбызды сактап калышыбыз керек” деп мени кыскартып коюшту. Аз күндө ашпозчулуктан да кетиришпесе болду...

Тиги келин бизге болгон ишеничти кетирди да... Мындай жумушта жашы улгайып калган эжелер дагы көп иштейт эмеспи. Ошолорго дагы оор болду.
Адина Жолдошева

Борбор азиялык мигранттарды үй кызматынан кетирүү массалык түрдө байкалбаганы менен адистер Москвада ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн төрт жаштагы наристенин жана анын өлүмүнө шектелген өзбекстандык мигрант Гүлчехра Бобокулованын иши саясий темага айланып, борбор азиялык мигранттарга каршы нааразылыкты күчөтүп жатканын белгилешет.

Орусияда расмий маалыматтар боюнча үй кызматында иштегендердин саны 2 миллиондон ашуун. Бул тармакта орусиялыктар менен бирге беларус, украин, молдовандар да басымдуулук кылат. Ал эми Орусиядагы 580 миңден ашуун кыргызстандык мигранттардын 10 пайыздан ашууну үй кызматында иштери айтылууда.

Учурда Орусияда үй кызматчылардын иш рыногун мамлекеттик көзөмөлгө алып, эмгек мигранттарга талаптарды күчөтүү тууралуу сунуштар айтылууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG