Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Миграция курмандыгына айланган балдар


Орусиядагы кыргыз кызы. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Орусиядагы кыргыз кызы. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Екатеринбург шаарында 4-январда жоголгон кыргызстандык тестиер кыздын дайыны эмгиче табылбай жатат.

13 жаштагы Канат кызы Айганыш 4-январь күнү кечки саат тогуз чамасында дүкөнгө сүткө чыккан бойдон кайтып келген эмес. Айганыштын жоголгону тууралуу маалымат жергиликтүү полицияга 5-январь күнү берилип, алар Кыргызстандын консулдугуна кабарлашкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө секелек кыз дүкөндөн кефир уурдап, кармалып калган. Андан кийин бошотулганы да аныкталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Екатеринбургдагы башкы консул Төлөнбай Кожобаев билдирди:

- Сүткө жиберген экен, ал айранды кошо ала чыгууга аракет кылыптыр. Мага башында кызды кармоо учурунда качып кеткен деп маалымат беришкен. Кийин тергөө комитетинин адистеринин айтканы боюнча, аны дүкөндүн кароолчулары кармап, өздөрүнүн кабинетине алып кирип, айран-сүтү менен кошо акчасын алып коюшкан. Мен бул кароолчулардын аракети боюнча да иликтөө жүргүзүлүүсүн, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлүүсүн тергөөчүлөргө айттым. Анткени, кыздын уурулук кылганы билинсе, кароолчулар полиция чакырууга тийиш эле. Өз алдынча чара көрүүгө укугу жок болчу.

Башкы консулдун айтуусунда, кызды издөөгө полиция менен бирге кыргызстандык диаспоранын өкүлдөрү, “Сокол” иликтөө отряды катышууда. Бирок азырынча дайын-дареги белгисиз.

Мектептен түйшүккө

Айганыш Екатеринбургга 2014-жылы июнда эле бала багуу үчүн барган. Өзгөндүн Мырза-Аке айылында жашаган апасы Анаранын айтуусунда, кызды Екатеринбургда иштеген коңшуларына “акча таап келсин” деп кошуп берген:

Адистер балдар кара жумушка эрте аралаша баштаганын айтууда.
Адистер балдар кара жумушка эрте аралаша баштаганын айтууда.

- Кыйналганымдан улам жибердим эле. Шартым оор, төрт балам бар, Айганыш балдарымдын улуусу. Күйөөм болсо камалып кеткен. Ай сайын 5 миң сомдон кредит төлөйм. Ошон үчүн кошунамдын кызына кошуп, былтыр июнда жибергем. Он бир айдай бала бакканы үчүн ай сайын 3-5 миң рублден жиберип турушту. Андан кийин акча деле салбай калышкан. Үйгө жиберип ийгиле десек, бирде акча жок десе, бирде кошуп берчү киши жок деп отурушуп эми кызым дайынсыз.

Екатеринбургдагы башкы консул Төлөнбай Кожобаев жашы жетелек балдарын акча таап кел деп, башка мамлекетке жиберүү кийинки убактарда ата-энелер үчүн көнүмүш адатка айланды дейт. Анын берген маалыматы боюнча, жыл жаңыргандан көп өтпөй, эч кандай документи, акчасы, барар жери жок 16 жаштагы кыргызстандык кызды диаспоранын көмөгү менен мекенине кайтарышкан:

- Ханласан Айгерим Юсуфовна деген 1999-жылы туулган кыргызстандык кызды бул жердеги биздин балдар алып келишти. Аны да ата-энеси жиберген, туруктуу иш таба алган эмес. Ар кимдин колунда, көрүнгөн жерде жашаптыр. Акыры кыргыздар таап, алып келишиптир. Биздин консулдукта эки күн жашады. Тамак-ашын берип, диаспоралардын көмөгү менен жолуна жана башка керегине акча чогултуп, Кыргызстанга жөнөттүк. Негедир кийинки убакта ушул сыяктуу окуялар көп болуп жатат.

Андан ары туңгуюк...

Жашы жетелек балдарын “колоктоп көчө таптап жүргөнчө, Орусияда иштеп акча тапсын” деп тааныш-туугандарына кошуп жиберген ата-энелер четтен чыгат. Муну баса белгилеген башкы консул ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылчылыгын айтууда.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө иштегени кеткен жашы жетелек балдардын так саны белгисиз. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта ички миграциядан улам мектепке барбай, базарларда, талааларда иштеген балдардын саны 80 миңге чамалуу. Алардын дээрлик бардыгында билим алууга мүмкүнчүлүк жок.

Орусияга барган мигрант кыз
Орусияга барган мигрант кыз

Жашы жетелек балдарын иштетип, миграцияга жиберүүдө ата-энелерди айыптоо бир жактуу болуп калат. Мындай пикирин балдар укугун коргоочу Таалайбек Жакыпов “Азаттыкка” билдирди:

- Бул эми айла жоктон болуп жатпайбы. Мындай учурлар бизде өтө көп. Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда алыскы аймактардан көчүп келген ички мигранттар ушуга аргасыздан барып жатышат. Мына, жаңы эле мисал, Ак-Бата жаңы конушунда үй-бүлөдө жети баласы бар. Каттоосу жок болгондуктан, жөлөк пул алышпайт. Атасы оорукчан, апасынын чөжүрөгөн балдары бар. Ал балдарын таштап кете албайт. Анан айласыздан улуураак, кол арага жарап калган балдарын аз да болсо акча тапсын деп, Орусияда иштеген туугандары же кошуналары болсо, кошуп жиберип атат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери Орусия, Казакстанга жумуш иштөө үчүн кетип жаткандар көбөйдү. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы миграция кызматынын мигранттарды жумуш менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анара Мусина жашы жетелек балдарды башка өлкөгө жумушка жиберүү акылга сыйбаган иш деп эсептейт. Анын айтуусунда, миграция кызматы аркылуу чет өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандык жарандардын абалы дайыма көзөмөлдө болот:

- Биз жашы жеткен гана адамдар менен, 18 жаштан 50 жашка чейинки кыргызстандык жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштурабыз. Биз жөнөткөн жарандар кандайдыр бир көйгөйгө кабылса, аларга жардам беребиз.

Жашы жете элек өспүрүмдөр Орусияга эмгек мигранты катары көбүнчө туугандары же тааныштары аркылуу кетишет. Алар негизинен ошол эле туугандарынын кичинекей балдарын караганы, үй-жайын тазалаганы, курулуш же талаа иштерине жардам бергени барышат. Анткени жашы жете элек балдарды башка иштерге албайт, ал эми тууган-уругуна жардам берип иштегени үчүн алардын айлык акысы көбүнчө айылда калган ата-энесине жиберилет. Ушундан улам, айрым ата-энелер балдарын жана кыздарын “көчө таптап, бекер жүргөнчө” аз да болсо “турмушка эртелеп бышып, акча табуу" үчүн иштегени жиберишет. Мындай тууган-уругу же тааныштары аркылуу сыртка иштегени кеткен балдардын дээрлик бардыгы билим алышпайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG