Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Москва: Кыргызстандык жарандын миллиондорун тоноп кетишти


Тоноо Москва - Домодедово жолунда болгон.
Тоноо Москва - Домодедово жолунда болгон.

26-апрелде Москва облусунда, Домодедово аэропортунан алыс эмес жерде Кыргызстандын жараны тонолду. Белгисиз адамдар анын 5 миллион доллар жана 12 милллион рублин алып кетишти.

Тоноо Москва – Домодедово жолунун 35-чакырымында болгон. Домодедово шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы “Азаттыкка” окуя кандай болгонун айтып берди:

- Мамлекеттик автоинспекциясынын формасын кийген адамдар “Фольксваген” жана “Тойота” үлгүсүндөгү эки автоунааны токтотушкан. “Тойотада” акчасын уурдатып жиберген Кыргызстандын жараны отурган, “Фольксвагенде” болсо сакчы агенттигинин 2 кызматкери аны коштоп жүргөн. Автоунаалар токтогондон соң, бир кичи автобус келип, андан 8 беткапчан адам чыккан. Алардын колунда “Калашников” автоматы жана 2 тапанча бар экен. Алар акчанын ээсин сабашып, 5 миллион доллар жана 12 миллион рублди алып качып кетишкен.

Акчасын уурадаткандар тоноочулардын артынан кууп жөнөгөндө, алар “Тойотаны” аткылашкан.

Кийинчерээк тоногучтардын күйгүзүлгөн автоунаасы жана “Калашников” автоматы Домодедово шаарынын мүрзөсүнүн жанында табылган.

“Азатыкка” белгилүү болгондой, ири суммадагы акча кыргызстандык жаранга тиешелүү болгон. Укук коргоо органдарына арыз менен да кыргызстандык жаран кайрылган. Азыр кылмыш иши козголуп, тоноочулар изделүүдө.

Акчасын уурдаткан адамдын аты-жөнү азырынча белгисиз. Болгону ал Кыргызстандын жараны экени гана айтылууда. Бирок тактала элек маалыматтарга караганда, жабырлануучунун фамилиясы Омаров. Ал Тамбов облусунда жашап, Москвада убактылуу каттоодо турган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG