Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Кыргызстандык өспүрүмдөр каракчылыкка шектелүүдө


Тверь шаарында кыргызстандык өспүрүмдөрдүн тобу каракчылык, талап-тоноо сыяктуу оор кылмыштарга шектелип сот чечимин күтүп жатат. Алар шаарда таксист болуп иштеген айдоочуларды ээн жерге алып барып сабап, автоунааларын тартып алышкан деп айыпталууда.

Дилробо Мырзакаимова иниси Дастан Жалал-Абаддагы Арал айылында 9-классты бүтүп эле ата-энесинин жанына Тверге келгенин айтат. Өспүрүм эч жерде иштечү эмес. Январда ал айылдаштары менен жолугушууга барып, кылмышка шектелип камалган.

- Классташтары шаарды айланып келели деп инимди алып кетишкен. Анан булар такси жалдашып, токойго жеткенде айдоочуну сабай башташыптыр. Иним муну көрүп эле качып кетиптир. Тигилер болсо таксисттин унаасын да айдап кетишиптир. Инимди биринчи күбө катары тергөөгө чакырышып, эми соттогону жатышат. Ал мартта гана 18ге чыкты. Мурун иштебей эле үйдө болчу. Апам экөөбүз тамак-ашын, кийим-кечесин камсыздачубуз.

Дастан Мырзакаимов
Дастан Мырзакаимов

Бул кылмыш боюнча февралда Дастан Мырзакаимов менен бирге жердештери Мирсултан Азимжан уулу, Кахраман Тажахун уулу кармалган. Ал эми топтун башында турат делген Мавлян Ганижан уулуна издөө жарыяланды.

Бахтияр Мырзакаимов жабырлануучу тарап уулу Дастандын бул талап -тоноого эч кандай тиешеси жоктугун тастыктаса деле учурда камакка алынып, кылмышка айыпталып жатканын белгилейт. Өзү Орусияда миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн “кара тизмеге” түшүп, эки жарым жыл мурда өлкөдөн чыгарылган.

- Жабыр тарткан адам баламдын ал жерде аны сабабаганын айтса деле сот улам жылып, төрт айдан бери камакта отурат. Булар балдарды өздөрү билгениндей кыйнап жатышат. Өзүм барайын десем Орусияга кире албайм. Жардам кыла турган эч ким жок. Адвокаттар болсо ана-мына дегенден башка эч нерсе айтышпайт.

Адвокат Алена Волкова тергөөдө уюшулган каракчылык боюнча окшош бир нече кылмыш иштери иликтенип жаткандыктан айыпталуучулардын өспүрүм курагына карабастан оор жаза берилиши мүмкүн деп божомолдойт.

- Дастан мурун ошол балдар менен каракчылык кылбаганын, алардын бирөөлөрдү сабап-тоноп жүргөндөрүн жана ошондой ниеттерин билбегенин айтып жатканы менен, бардыгынын көрсөтмөлөрү ар башкача болуп, бири-бирине дал келбей жатат. Албетте өспүрүм экени эске алынат, бирок азыр айдоочуларды сабап, тоногон бул ишке окшош дагы бир иштер чыгып жатат. Ошондуктан буларга кандай жаза берилерин так айтуу оор.

Уюшкан каракчылык, талап-тоноо жана адамдын ден соолугуна залака келтирүү кылмыштары үчүн Орусиянын Кылмыш кодексинин 162-беренеси боюнча он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, учурда Орусиянын түзөтүү мекемелеринде эки миңден ашуун кыргызстандык жазасын өтөөдө.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG