Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Медведев: Биз Орусияны модернизациялайбыз


18-июнда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Санкт-Петербургда Эларалык бизнес форумду ачып жатып, узак мөөнөткө эсептелинген инвестициялар, инновациялык компаниялар үчүн салыкта жеңилдиктер болоорун убада кылды.

Орусиядагы эң маанилүү экономикалык форумду ачуу менен президент Д.Медведев өлкөдө мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынчу ишканалардын санын беш эсеге кыскартканын айтты. Ал бул боюнча жардыкка кол койгонун, эми 208 стратегиялык компаниядан 41 калаарын, бул атаандаштыкка жол ачаарын белгиледи.

Мунун баары өлкөнүн экономикасын мунайдан түшкөн кирешеге гана байлабай, ииновациялык ишканаларды өнүктүрүү максатында жасалып жатканын айтты.

“Инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү – биздин башкы милдетибиз, - деп айтты орус президенти. - Биз буга чейин деле ушундай аракеттерди көргөнбүз. Балким, дайыма эле ийгиликтүү болбосо керек. Бирок бүгүн аны негизги ишибиз кылып жатабыз”.

Модернизацияны өзүнүн президенттигиндеги башкы миссия катары атап жүргөн Медведев: “Биз Орусияны жаңылайбыз”, - деди.

Президент инвестиция фондун түзүү боюнча буйрук бергенин, ал жакка чет элдик инвестиция менен кошо мамлекеттик каражат да түшөөрүн, алар маанилүү долбоорлорду каржылоого колдонулаарын айтты.

Медведев инновациялык, жогорку технологияларга негизделген орус экономикасын курууда маалымат технологияларынын мааниси зор экенин, мамлекетте интернет колдонуучуларынын санын дээрлик 90% жеткирүү боюнча өтө “дымактуу пландары” бар экенин кыйытты.

“Маалымат технологиялары - демократиянын өнүгүшүнүн эң башкы багыттарынын бири”, - деди Медведев.

Ушул өңдүү өтө көптөн үмүт кылган пландарга кеңири токтолсо да, орус президенти өлкөдө бизнестин өнүгүшүнө башкы кедерги болуп жаткан коррупция, сот системасындагы проблемалар, ашыкча текшерүүлөр жөнүндө бир азга эле токтолгонсуду.

“Азаттыктын” орус редакциясынын кабарчыбыз Данила Гальперович үч күндүк форумдун ишин чагылдырууда. Ал Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун ишин эки дүлөйдүн маегине окшоштурат. “Чет-өлкөлүктөр орус өкмөтү менен бизнес өкүлдөрүнөн: “Силер качан өзүңөрдө мыйзамдарды аткарып, коррупцияны жоесуңар?”, - деп сурашат. Ага жооп иретинде орус аткаминерлери менен олигархтары, кудум, суроону укпагандай таризде баш ийкеп: “Ооба, бизге инвестиция алып келгиле. Биз даярбыз!”, - дешет”, - дейт кабарчы.

Форум жөнүндө сүйлөп жатып, орус экономикасынын 1990-жылдардагы реформасынын куруучуларынын бири Анатолий Чубайс: “Батыш эми Орусияны окута бергенин токтотушу керек”, - деди.

Анткен менен Кремлдин жактоочулары бул форумдан жакшы натыйжаны күтүшөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG