Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Медведев-Путин: шайлоого даярдык башталдыбы?


3-мартта Санкт-Петербургда “Орусияны кайра жаратуу жана улуу реформа” аттуу конференция өтүп, анда президент Дмитрий Медведев сүйлөп, падыша Александр Экинчи жүргүзгөн реформага баа берип, анын өлкөгө сиңирген эмгегине баа берди.

Президент Дмитрий Медведевдин баамында, Александр Экинчи жана анын замандаштары бир жолго түшүп калган системадан баш тартуу менен “аябагандай олуттуу салым” кошкон. “Мисалы, жогорудан төмөн карай башкарылган крепостук жана аскерий-бюрократтык саясий институттар жоюлган”,-деди президент.

Ккрепостук укуктун жоюлганынын 150 жылдыгына карата Санкт-Петербургда өткөн жыйында Орусиянын президенти элди азаттыкка Сталин эмес, падыша Александр Экинчи чыгарганын белгиледи:

- Азаттыкты койо турсун деп артка түртө салууга болбойт. Эркин адам өзүнүн эркин абалынан пайдаланып, кандайдыр бир реформадан коркпошу керек. Саясий жана социалдык кайра жаралуунун ийнесинен жибине чейин алдын ала ойлонулушу керек. Ал акырындап, бирок күн санап эч кынтыксыз ишке ашырылышы керек.

Жогорудан төмөн карай башкаруу 2000-2008-жылдардын арасында, башкача айтканда бийликте Владимир Путин турган жылдары жаралган саясий система. Ошондон улам саясат талдоочулар Медведев бул сөздү өкмөт башчы Владимир Путинге айтканын белгилешет. Муну менен буга чейин бекем деп эсептелип келген тандемде жарака пайда болгону айтылууда.

Өткөн аптада Брюссел шаарында Владимир Путин араб өлкөлөрүндө авторитардык режимдер алмашканына каршы экенин ачык айтты. Анын эртеси күнү Дмитрий Медведев Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин элине каршы зордук-зомбулугун кылмыш деп баалады.

Ушундан улам талдоочулар эки саясатчынын ортосунда 2012-жылы өтчү президенттик шайлоо алдында таймашы башталганын белгилешет.

Ал эми тарыхый күнгө карата Славян академиясынын окутуучусу Виктор Аксючиц “«Варвардык» делген Орусиядагы крепостук укук Кошмо Штаттарда жарандар согушунан соң пайда болгон демократиядан төрт жыл мурда улуу даражалуу императордун буйругу менен жоюлган”,-деп айтты.

Философ Игорь Чубайстын айтымында, падыша жүргүзгөн реформа коомчулуктун бардык катмарына тараган. Дворяндар, көпөстөр, соодагерлер, билим берүүгө дейре кайра жаралууга дуушар болгон. Цензура алынып ташталган. Игорь Чубайс муну Орусияда жүрүп аткан реформа менен салыштырууга болбой турганын айтат:

- Советтер Союзу тыйпыл болгондон бери 20 жыл өттү. Бирок ал кездеги бийлик архиви эмдигиче ачыла элек. Орусияда мындай маселе тез аранын ичинде чечилип турган, анын бир мисалы – дыйкандардын көзкарандылык укугунун жоюлушу.

Саясий талдоочу Кирилл Роговдун баамында, “Медведев тилинен бал төгүлгөн президентке” айланып баратат.

Ал эми саясатчы Глеб Павловский Путиндин эл арасындагы баркы мурдагыдай эле болгонун айтып, “бирок ички башкаруучу тап үчүн 2012-жылкы шайлоого татыктуу бирден бир талапкер Медведев болуп баратат”,-деп айтты.

XS
SM
MD
LG