Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

Орусия: Кремлге талаптар коюлду


Москвада өткөн оппозициялык митингге он миңдеген адамдар катышты. Атайын резолюция кабыл алынды. Путиндин миңдеген тарапкерлери дагы акция өткөрдү.

Москва полициясы “Таза шайлоо үчүн” деген ураан астында бийликке нааразы болгондордун митингине 90 миң чамалуу адам чогулганын кабарлады.

"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Аида Касымалиева митинг өткөн жерден кабарлайт:


please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00
Түз линк



Митингдин талаптары жазылган резолюция кабыл алынды:

1. Саясий туткундарды жана адилетсиз соттолгондорду бошотуу;

2. Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу;

3. Чуровду кызматтан кетирүү, бурмаланган добуштардын баарын иликтөө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу;

4. Оппозициялык партияларды каттоо, саясий системаны, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жазга чейин реформалоо;

5. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү;

6. Митинг Путинге бир дагы добуш бербөөгө чакырат;

7. Митинг шайлоодо байкоочу болуп катталууга чакырат;




Москвада нааразылык митинги өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00
Түз линк


Оппозициялык демонстрацияга удаа эле премьер Путиндин миңдеген жактоочулары Москванын Поклонная Гора деген жерине чогулду.


Москвадагы Путинди колдогон акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
Түз линк


Бүгүнкү акциянын алдында 4-февралда Москвада төрт ири митинг өтөөрү кабарланган: оппозициялык күчтөр уюштурган "Таза шайлоо үчүн!" акциясы, премьер-министр Путинди колдогон акция, "Таза шайлоо жана демократия үчүн" деген аталыштагы митинг жана ЛДПР партиясынын Пушкин аянтындагы митинги.

Буга чейин 10-декабрда да, 24-декабрда дагы оппозициянын миңдеген адамдардын башын бириктирген акциялары өткөн. Эки митингде тең чогулгандар 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдиришкен.

4-декабрда Орусияда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы алдыга озуп чыккан.

Пикирлерди көрүңүз (25)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG