Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Сочи катуу корголо баштады


Сочидеги айрым жерлерге билет, паспорттор менен да кирүүгө мүмкүн болбойт
Сочидеги айрым жерлерге билет, паспорттор менен да кирүүгө мүмкүн болбойт

Орусиянын Сочи шаарында Кышкы Олимпиаданын ачылышына туура бир ай калганда буга чейин эч болуп көрбөгөн деңгээлдеги катуу коопсуздук эрежелери киргизилди.

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков 7-январда Олимпиаданын коопсуздугун коргоого тартыла турган бүт күчтөр толук даярдыкка келтирилгенин жарыялады.

Анын айтымында, ар бир имарат коргоого алынат жана спутник аркылуу көз салуучу аппараттар да ишке киргизилет.

7-февралдан тарта 23-февралга чейинки оюндар маалында элдин амандыгын коргоо озуйпасына тартылчу 30 миңден ашуун полисменге оор техника менен камсыздандырылган аскерлер, Кара деңизди коргогон деңиз аскерлери да көмөктөшөт.

Сочиде катталбаган же Олимпиада үчүн атайын аккредитация албаган машинелер шаарга дегеле киргизилбейт. “Олимп оюндарынын транспорттук дирекциясы” ишканасынын расмий өкүлү Виталий Шушпанников: "Сочинин жана чектеш Абхазиянын турмуш-тиричилигине зарыл болгон автотранспортко, эгер ал Сочиде катталбаган болсо, атайын аккредитациялык күбөлүк беребиз. Биз андай күбөлүктөрдөн 12 миңден ашуунун бердик", - деди.

Спорттук мелдештер өтө турган айрым жерлерге өндүрүш иштерине тартылгандардан башка эч ким кире албайт. Айрым көзөмөлдөнчү аймактарга полициянын тыкыр текшерүүсүнөн кийин гана кирүүгө мүмкүн болот.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) чөнтөк телефондор менен электрондук даректерди көзөмөлдөй турган, жалпы интернетти текшере турган системасын ишке киргизгени жатат.

Жакында Волгоградда кош жардыруудан 34 киши мерт болуп, 70 жакын адам жаракат алгандан кийин “Олимпиадада орус бийликтери коопсуздукту коргоого күчү жетеби?” деген кооптонуулар айтыла баштаган.

Эки окуяны тең Орусияда “теракт” беренеси боюнча иликтеп жатышат. Тергөөчүлөр муну Түндүк Кавказдан чыккан исламчыл козголоңчулардан көрүшүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG