Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Орусияда оппозицияга жаңы чабуул башталды


Сергей Удальцов суракка алып барылган учур. Москва, 17-октябрь, 2012-жыл.
Сергей Удальцов суракка алып барылган учур. Москва, 17-октябрь, 2012-жыл.

Орусияда оппозициянын айрым активисттери өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп айыпталууда. Тергөө органдарынын ырастоосунда, өкмөттү кулатуу маселесин алар грузин бийлигинин өкүлдөрү менен талкуулашкан.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин ачкандардын бири - оппозициянын “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцов. Шаршемби күнү коопсуздук кызматынын беткеп кийген адамдары Удальцовду суракка алып барышып, анын өзүнүн жана ата-энесинин батиринде тинтүү жүргүзүштү.

Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркиндин түшүндүрмөсүнө караганда, кылмыш иштин козголушуна “Нааразылыктын анатомиясы -2” деп аталган фильмде айтылган фактылар негиз берди. Аны азыр Кремлге жантарткан НТВ телеканалы 5-октябрда обого чыгарган. Фильмде Орусияда “түстүү ыңкылапты” ишке ашырууну көздөгөн жана буга даярдык көргөн күчтөр бардыгы айтылат.

Тергөө комитетинин өкүлү Маркиндин ырастоосунда, фильмдеги фактылар “Солчул фронттун” лидери Сергей Удальцов өлкөдө башаламандык уюштурууга даярдык кылганын каңкуулоодо:

- Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында видеоматериалдар монтаждалганынын белгилери табылбады. “Нааразылыктын анатомиясы -2” фильминде жашыруун камера менен тартылган сюжеттеги добуш Удальцовго таандык экени аныкталды. Ал эми фрагменттери фильмде көргөзүлгөн жолугушуу быйылкы жылдын июнь айынын экинчи жарымында Беларус Республикасынын борборундагы турак үйлөрдүн биринде болгон.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча, Сергей Удальцов Минскте Грузия парламентинин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы Гиви Таргамадзе менен кездешкен.

Жолугушууга Грузиянын Молдовадагы консулу Михаил Ияшвили жана башка дагы үч кеңешчи катышып, анда Москвада массалык башаламандык уюштурууга каражат ажыратуу жагы сөз болгон.

Шаршембидеги сурактан кийин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат берген Сергей Удальцов ага коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, кылмыш иши козголушун бийликтин өч алуусу катары мүнөздөдү:

- Бул - зомбулук жана репрессия. Мен коом унчукпай койбойт деп үмүттөнөм. Бул бийликтин биздин ишмердик үчүн өч алуусу. Мен бардык жарандардан үн катып, кыжырдануу билдирүүсүн суранам.

Сергей Удальцов - Орусиядагы акыркы парламенттик жана президенттик шайлоону коштогон митингдердин, “Миллиондор маршы” деген акциялардын башында тургандардын бири.

Саясатчыга каршы кылмыш ишинин ачылышын комментарийлеп, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский ал качып кете электе камалуусу керектигин айтса, коммунисттердин жолбашчысы Геннадий Зюганов иш реалдуу фактылардын эмес, “жасалма” видеонун негизинде козголгонун белгиледи. Ал Мамлекеттик думанын оппозициячыл “Адилет Орусия” партиясынын депутаты Илья Пономарев мындай дейт:

- Пиар боюнча бийлик партиясы тандаган багыт бар жана ал ырааттуу ишке ашырылууда. Колдогу тасма далил базасы боло албайт. Анткени ал өзү мыйзамсыз жол менен алынган. Тасманы жазып алуу үчүн соттун санкциясы керек эле. Ушундан улам Удальцовго каршы кылмыш иш иликтенип жатканы жөнүндө борбордук телеканалардан чуулдай берүүгө болот, бирок бул кылмыш ишти өкүмгө жеткирүү мүмкүн эмес.

НТВ телеканалынан көргөзүлгөн фильмдин негизинде кылмыш иши Сергей Удальцовдон тышкары “Солчул фронттун” дагы эки активисти Константин Лебедев менен Леонид Развозжаевга да ачылып, Лебедев эки суткага камалды.



Москвада Удальцов cурак берип чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG