Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Орусияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Президенттик шайлоого добуш бергени келген аскерлердин кезеги. Владивосток, 4-март, 2012.
Президенттик шайлоого добуш бергени келген аскерлердин кезеги. Владивосток, 4-март, 2012.

Орусияда Владимир Путиндин Кремлге кайтып келүүсү күтүлгөн президенттик шайлоо өтүп жатат.

Бишкек убактысы боюнча саат 12ге карата өлкөдөгү катталган шайлоочулардын 15 пайызы добуш берген. Орусиянын добуш берүү алгач башталган Ыраакы Чыгышында шайлоо аяктады. Ырасмий маалыматка караганда, Камчатка жарым аралында добуш берүүгө тизмедеги шайлоочулардын 57 пайызы келген.

Жалпысынан 91 миң шайлоо бекетиндеги добуш берүү 21 саатка созулат. Шайлоодо жалпысынан беш талапкер ат салышып жатат.

Көз карандысыз байкоочулар менен адам укугун коргоочулар добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча даттануулар тууралуу маалымдашууда. Алар шайлоочулардын күмөндүү тизмелери, шайлоо бекеттеринде иштебей турган веб-камералар, шайлоочулар бир аймактан экинчи аймакка автобустар менен ташылып жатканына байланыштуу. Бирок бул дооматтардын тактыгы башка булактар тарабынан ырастала элек.

Добуш берүүнүн жүрүшүндөгү айрым мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар Орусиянын кээ бир аймактарынан түшүүдө.

Маселен Забайкальск аймагынын Адам укуктары боюнча борбору жоокерлер бир нече иреттен добуш беришкенин, аларды шайлоо бекеттерине массалык түрдө ташып жатышканын кабарлады.

Шайлоого байкоо салып жаткан “Голос” көз карандысыз уюму Москва облусунда да ушундай эле көрүнүштөр орун алганын белгиледи. Коммунисттик партиянын байкоочулары болсо Орловск облусунда шайлоо протоколдору бузулганын айтып чыгышты.

Компартиянын лидери, президенттикке талапкер Геннадий Зюгановдун өзү бүгүн кабарчылар менен маегинде буларды токтолду:


- Бурмалоо фактылары абдан көп. Азыр баарын чогултуп жатабыз. Жаңы эле Ыраакы Чыгыш менен байланыштым. Хабаровскиде күн мурунтан толтурулган бюллетендерди үкөккө таштап жаткан топту кармашкан. Көп участоктордо сиз үкөктү далыңыз менен жаап алсаңыз, сиздин аркаңызды көрсөтөт. Үкөккө канча бюллетень таштап жатканыңызды ал веб-камералар көргөзбөйт. Москванын кээ бир шайлоо бекеттеринде карусель да уюштурулган.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузулду деген фактылар боюнча Орусиянын ортоңку табынын өкүлдөрү Интернетте “Twitter” социалдык түйүнү аркылуу маалымат алмашып жатат.

Декабрдагы парламенттик шайлоодой бурмалоолор кайталанбоосу үчүн оң миңдеген байкоочулар жекшембиде өз эрки менен иштеп берүүнү сунуш кылышкан.

Шайлоо бекеттеринде 90 миңден ашуун веб-камералар орнотулган. Алар добуш берүүнүн жүрүшүн Интернет аркылуу чагылдырууда. Орусиянын Байланыш министри Игорь Щеголевдин айтымында, шайлоо бекеттери өлкөнүн чыгыш тарабында ачылган алгачкы саатта 1 миллиондон ашуун адамды каттады.

Путин биринчи айлампада эле жеңчүдөй

Социологдордун божомолуна караганда, мурдагы президент, учурдагы премьер-министр Владимир Путин 60 пайызга чейин добуш алуусу мүмкүн. Бул шайлоонун экинчи айлампасы өтпөйт дегенди туюндурат.

Путиндин башкы атаандашы катары Коммунисттик партиянын 67 жаштагы лидери, президенттик шайлоого төртүнчү ирет катышып жаткан Геннадий Зюганов. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, ал 15 пайыздын тегерегинде добуш топтоосу мүмкүн.

Улутчул ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский жана ири ишкер, олигарх Михаил Прохоров үчүнчү орун үчүн күрөшүүдө.

Ал эми буга чейин президенттик шайлоого бир ирет катышканында өз жактоочуларын Путин үчүн добуш берүүгө чакырган Сергей Миронов акыркы орунду алат деп күтүлүүдө. Миронов – Орусиянын Федерация кеңешинин мурдагы төрагасы.

Бул ирет Орусиянын президенти болгусу келгендер ичинен жалгыз гана Михаил Прохоров шайлоого алгач ирет катышууда.

Ал бул шайлоо өнөктүгү аркылуу декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кремлге каршы толкуп чыккан орто тапты өз тарабына тартууга үмүттөнүүдө.

Прохоров бүгүн Красноярск крайында добуш бергенден кийин кабарчылар менен маегинде парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларына чыккандардын негизин түзгөн ортоңку таптын кызыкчылыгын чагылдырган партия түзүү планы бардыгын ырастады:

- Жаңы партияны түзүү иши жүрүүдө. Биздин жарандар саясий күрөшкө жигердүү катышууда жана мен жаңы саясий күч түзүүнү мерчемдеп жатам. Бул толугу менен жаңы, биздин жарандарды жарандык жоопкерчилиги боюнча бириктирген партия болот.


Шайлоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн өлкө боюнча 380000 полицей жайгаштырылган.

Орусиянын маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, добуш берүүнүн жүрүшүнө чет өлкөлүк 685 байкоочу көз салууда. Алардын 219 ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан өкүлдөрү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG