Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Нагыз тандем: Березовский vs Путин


Орусия -- Президент Борис Ельцин жана Борис Березовский КМШ саммитинде. Москва, 29-апрель, 1998-жыл.
Орусия -- Президент Борис Ельцин жана Борис Березовский КМШ саммитинде. Москва, 29-апрель, 1998-жыл.

"Тактан кулаган» олигарх Борис Березовский өткөн аптада өлүп тынды, бирок анын «мурасы» - Президент Владимир Путинди жаратып, кийин Путиндин кайнаса каны кошулбас душманына айланганы тууралуу дагы узакка сөз болоору шексиз.

Березовскийдин сөөгү Лондондогу үйүндө табылгандан кийин Орусияда баяндамачылар ал болбогон күндө Путин жана Путинизм бөлөк болот беле, же айырмасы жок болмок беле деп баш катырышууда.

Өткөн ишембидеги өлүмүнүн себеби тактала элек Березовский Путинди 1999-жылы бийликке келишинин артында турган башкы күчтөрдүн бири болгон. Андан көп өтпөй, тактап айтканда 2000-жылдын этегинде, чет өлкөгө кетүүгө мажбур болгону менен, маркум олигарх путинизмдин арааны жүргөн Орусиянын ажырагыс бөлүк, бөлчөгүнө айланды.

Көз карандысыз саясат таануучу Андрей Пянтковский жекшемби күнү Путин менен Березовскийди «биздин замандын Сталини менен Троцкийи» деп атады. Белгилүү болгондой, Сталин менен Троцкий саясий өнөктөштөр болуп туруп, кийин Троцкийди СССРдин коопсуздук агенттери Латын америкасында жашырынып жүргөн жеринен өлтүрүп тынышкан.

Газета.рудагы маегинде таанымал теле алып баруучу Владимир Соловьев кийинки жолугушууларында Березовский «таштап кеткен күйөөсүнө ич күйдү болгон аялчасынан, Путин менен алакасын майда-чүйдөсүнө чейин жебиреп айткандыгын» эскерди.

Путин Березовскийдин өлгөнүн укканда тебетейин асманга ыргытып сүйүндү деген кеңири тараган божомолдорго карабастан, Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков жекшембиде "Дождь" сыналгысында суз маанайда сүйлөдү:

Буга президенттин мамилесин билбейм. Бирок ким өлсө да, бул өкүнүчтүү эмеспи.

Канча жылдан бери Кремль көзөмөлдөгөн медиа Путин келгенге чейинки 1990-жылдарга Орусияны жер менен жексен кыла жаздаган мыйзамсыздыктын заманы катары көө шыбап, Березовскийди Орусияны сактап калган Путиндин антиподу катары сүрөттөп келишет.

Ушуга байланыштуу, «Саясий технологиялар борборунун» директору Игор Бунин газета.руга «Орусияда бардык күнөөнү Березовскийге оодарып, аны мокочого айлантышканын» айтты.

1990-жылдарды эстесек, мамлекеттик менчикти жеке колго өткөрүүнүн оомал-төкмөл ал замандагы бизнесинде далай күмөндүү оош-кыйыштар болгондуктан, Березовскийден кыйкым табыш кыйын эмес болчу. Анын жең ичинен будамайлап иш жүргүзгөнгө маш экендиги, ишкерлик менен саясатты аралаштырып жибермейи, ишкер өнөктөштөрү менен душмандары күмөндүү жагдайларда көзү тазаланган учурлардын кайталанма тенденциялары да элдин ага болгон сүйүүсүн арттырбаган мүнөздөмөлөр болгон. Бул өңдөнгөн кинелер Путинге жана ага ык тарткан тараптарга да коюлуп келет. Кандай болгон күндө да, бүгүнгө карата көпчүлүктүн кабылдоосунда Путин кээде калпыс басса да, элдин камын ойлогон «ак падыша», ал эми Березовский куйругун түйүп, чет өлкөгө качып кеткен ууру-кескиге айланды.

Коомчулук менен байланышка адистешкен Игор Минтусов газета.руга «Березовский Путин баштаган бийлик чөйрөсүндө «алмаштырылышы зарыл болгон «душманга» айланганын белгиледи.

Ушул өңүттөн алганда, Березовский 1990-жылдары Орусиянын медиа мейкиндигинде өзү ойлоп таап, жылдан жылга курчутуп отуруп, эң жогорку сапатка жеткирген тактиканын курмандыгы болуп калды. Өз блогунда мурдагы вице-премьер Борис Немцов Березовскийдин Газпромдун директорлор кеңешинин төрагасы болуу ниетине каршылык көрсөткөнү үчүн 1997-жылы олигарх өзүн коркутканын эскерди.

Немцовдун ырастоосунда, Березовский аган «Мен сени жок кылам, бул үчүн Биринчи телеканалды, бардык медиа ресурстарымды, болгон тааныш-билиштеримди колдоном» деген имиш.

Мына эми Путинге каршы демонстрациялардан тартып, Пуси Райотко чейинки Орусиянын бардык көйгөйлөрү үчүн Березовскийди күнөөлөп келген Кремль эми анын таасирин билмексенге салууда. 24-марттагы сөзүндө Путиндин маалымат катчысы Песков алтургай Березовскийдин 1990-жылдардагы ишмердигин сөөмөй кезеп айыптагандан да баш тартты:

– Бул мезгилде Березовский манаилүү роль ойногонунда күмөн жок. Бул рол оң же терс болгон деп кесе айталбайм. Ал өтө, абдан таасирдүү адам болгону ырас. Бирок анын 2000-жылдардагы таасирин көбүртүп-жабырткым келбейт. Бул кездери анын таасири анча-мынча эле болду, болгон эмес десем да болот.

2012-жылы Березовский Фейсбукта кечирим сураган кыска-нуска билдирүү жазганы көпчүлүктүн жадында калды. Анда олигарх үч нерсеге - өзүнүн ачкөздүгү, Орусияда сөз эркиндигин талкалоодогу ролу жана Путинди бийликке алып келгендиги үчүн элден кечирим сураган.

Бирок 23-марттагы билдирүүсүндө Песков «Березовский Путинге жеке кат жазып, президенттин өзүнөн кечирим сураган», - деп ырастады. Кремль мындай катты эч качан ачыкка чыгарган эмес.

Березовскийдин орду жана мааниси боюнча түпкүлүктүү бир эмгек жазылышы балким келечектин ишидир, ага чейин ар кандай сөздөр айтыла берээри бышык. Мына азыртадан эле ал өлөөргө чейинки бир нече жыл ичинде болгонун болгондой, төкпөй-чачпай айтып берип, өз биографиясын жаздырып калтырган деген кеп таркоодо.

XS
SM
MD
LG