Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Россияда улутчулдар азуусун көрсөттү


Москва -- Футбол фанаттары менен улутчул жаштардын Манеж аянтындагы демонстрациясынан бир көрүнүш.
Москва -- Футбол фанаттары менен улутчул жаштардын Манеж аянтындагы демонстрациясынан бир көрүнүш.

Россиянын президенти Дмитрий Медведев ишемби күнү Москвадагы тополоңду уюштургандар жазасын алат деп ишендирди. Мындай окуялар мамлекеттин туруктуу абалына коркунуч келтире турганын белгилеп, орус президенти буга окшогон окуяларды ооздуктоо үчүн мыйзамдуу каражаттардын баарын колдонууну талап кылды.

Ишемби күнү Манеж аянтына 5,5 миңдей жаштар чогулду, алардын арасында футбол фанаттарынан тартып улутчул уюмдардын тарапкерлерине чейинки ар кошкон адамдар болду.

Өткөн аптада – 6-декабрга караган түнү Москванын түндүк ыптасындагы райондордун биринде жергиликтүү жаштар менен Түндүк Кавказдан чыккан келгин көчкүндөр мушташа кетип, "Спартак" клубунун бир күйөрманы каза болгон эле. Ишемби күнкү акцияга ошол окуя себеп болду.

Манеж аянтына чогулган жаштар улутчул ураандарды кыйкырып, милициянын күчтөрүн ташбараңга алышты, бөтөлкөлөр менен атып уруп, аламан салышты. Атайын күчтөр жаалданган жаштарды аянттан сүрүп чыгарганга жетишти, бирок алар метролордо тоз-тополоң чыгарып, түсү буруу адамдарга кол салышты, бир канчасын сабап салышты.

Кара кагылыштарда отуздай киши жабыркады, алтымыштай адам кармалды, кийин алардын баарын бошотуп жиберишти.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Владимир Колоколцев милиция кызматкерлери мыйзам чегинде аракеттенишкенин айтып, мындан ары буга окшогон иштерге өтө катаң чараларды көрө турганын эскертти.

Алгачкы иликтөөлөргө таянып, Колоколцев тополоң чыгаргандардын көпчүлүгү спорт клубдардына тиешеси жоктугун, акцияны улутчул күчтөр өздөрүнүн саясий "оюну" үчүн пайдаланып кеткенин кошумчалады.

Бул ойго Россиянын футбол союзунун президенти Сергей Фурсенко да кошулду.

"Футбол саясаттан тышкары турат, мен муну дагы бир жолу кайталап айткым келет. Бир да партия же кыймыл бизди алардын ураандарын чакырганга мажбур кыла албайт", - деп айтты ал.

"Спартактын" күйөрмандар кыймылынын ветеран мүчөсү Амир Хуслюдинов Манеж аянтындагы окуяларга футбол ышкыбоздору катышкан жок деп ишендирди.

Тополоң тууралуу президент Медведевге маалымдап, ички иштер министри Рашид Нургалиев ишемби күнкү башаламандык үчүн жоопкерчиликти "солчул-радикал" маанайдагы жаштарга жүктөдү.

Президент Медведев дүйшөмбү күнү жогорку командалык кызматка дайындалган офицерлерди кабыл алган жыйында сөз сүйлөп, ишембидеги окуяларды "кылмыш" деп атады жана аны уюштургандардын жазага тартууну талап кылды.

"Өң-түсүнө, улутуна жана динине карап жек көрүүнү, душмандык сезимин козуткан аракеттер айрыкча кооптуу болуп саналат. Мындай аракеттер мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч келтирет", - деп белгиледи орус президенти.

Медведев улутчул маанайдагы аракеттерге каршы мыйзамда каралган бардык каражаттарды колдонууну ички иштер министрлигине, башкы прокуратурага жана тергөө комитетине табыштады.

Андан бир күн мурда Медведев өзүнүн Twitterдеги чакан блогунда "жалпы өлкөдө жана Москвада баары көзөмөл алдында турганын" ырастап:

"Чаар баштык кылгандардын эсебин табабыз, баарынын катыгын беребиз, мындан түк шектенбегиле!" - деп жазган болчу.

Москвадагы аналитикалык "Сова" борборунун жетекчиси Галина Кожевникова мындан бир нече ай мурда футбол фанаттарынын ышкысы менен экстремистчил идеялар жуурулушуп баратканын эскерткен эле.

Россиянын мурдагы экономика министри Андрей Нечаев "эми кокус өлкөдө социалдык козголоң чыга турган болсо, анда ал 1980-жылдардагыдай демократиялык маанайда эмес, улутчул, солчул-радикал маанайда болот" деп ишенет.

Жекшемби күнү Москвадагы көчө жыйынына катышкан оппозиция лидери Борис Немцов андан бир күнкү окуялар үчүн бийликтердин азыркы саясатын айыптады.

"Конституцияны таман алдына басып, таптап салган адам бийликтен кетүүгө тийиш. Анын аты – Путин", - деп айтты ал. Мындан тышкары ал азыркы Думанын таркатылышын, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылды.

XS
SM
MD
LG