Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

“Бирдиктүү Орусия” биринчи келди, бирок жеңилди


Кремлчи жаштардын "Наши" тобунун активисттери "Бирдиктүү Орусиянын" жеңишин белгилөөдө. Москва, 5-декабрь,2011.
Кремлчи жаштардын "Наши" тобунун активисттери "Бирдиктүү Орусиянын" жеңишин белгилөөдө. Москва, 5-декабрь,2011.

Кремлдин партиясы кечээки шайлоодо биринчи келгени менен, анын моралдык жактан жеңилгени айтылууда.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 96% эсептеп, парламенттик шайлоолордун алдын ала жыйынтыгын угузду. Ага ылайык, башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясы 49, 54 пайыз гана алып, эми Мамлекеттик Думада конституциялык көпчүлүктү түзө албайт. Ушундан улам саясат таануучулар жана саясатчылар Мамдума чыныгы талкуулар өтчү жайга айланабы, Орусиянын саясий майданы өзгөрөбү деген суроолорго жооп издеп жатышат.

Экинчи болуп Коммунисттер партиясы (КПРФ) келди – 19, 6%, “Адилет Орусия” (СП) – 13, 22 % жана Владимир Жириновский жетектеген Либерал-демократтар партиясы (ЛДПР) добуштардын 11, 6 пайызын ала алды.

Ошентип жаңы думада “Бирдиктүү Орусия” 228, коммунисттер 92, “Адилет Орусия” 64 жана либерал-демократтар 56 мандатка ээ боло алышат. “Бирдиктүү Орусия” мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу 87 орун жоготту.

2007-жылы ал 64% алып, парламентте 315 орунду ээлеп, көпчүлүктү түзгөн.

Шайлоого катышкан калган үч партия жети пайыздык босогону аттай алган жок. Беш жылдык мөөнөткө шайланчу Мамлекеттик Думадагы 450 депутаттык орунга расмий катталган 7 партиянын тең талапкерлери катышты. Алар: «Адилет Орусия», Либерал-демократтар партиясы, «Орусиянын патриоттору», Коммунисттер партиясы, «Яблоко», «Бирдиктүү Орусия» жана «Оңчул иш» партиялары.

Боршайкомдун жыйынтыктары экзит-поллдун эсептөөлөрүнөн алыс кеткен жок. Бүткүл орусиялык коомдук пикирди изилдөө борбору (ВЦИОМ) экзит-поллдун жыйынтыктарын кечээ интернетке жарыялаган эле. Анда “Бирдиктүү Орусия” (48, 5%), Коммунисттер партиясы (19, 8%), Либерал-демократтар (11, 42%) жана “Адилет Орусия” (12, 8%) деп көрсөтүлгөн.

Шайлоонун жыйынтыктары орус бийлиги үчүн сокку болгону даана байкалды. Президент Дмитирий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин чогуу сыналгы аркылуу түз эфирден шайлоонун жыйынтыгы боюнча элге кайрылышты:

- Бул жыйынтыктарга таянып, биз өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кыла алабыз, - деди Путин.

Мартта өтчү президенттик шайлоолордо сөзсүз жеңет делген Путин “Бирдиктүү Орусиянын” эл арасында кеңири колдоого алынбай калганы боюнча унчуккан жок.

Партиянын тизмесинде биринчи турган жана келерки жылы премьер-министр болот деп күтүлгөн Медведев болсо, шайлоонун жыйынтыктары Орусиядагы “демократиянын иштешин” көрсөттү деп эсептейт.

Ушул эле түнү Думанын спикери жана “Бирдиктүү Орусиянын” жогорку кеңешинин жетекчиси Борис Грызлов журналисттерге партиянын жеңиши тууралуу билдирүү жасады:

- “Бирдиктүү Орусия" жеңди. Биз жетишкен жыйынтык өтө маанилүү, - деди Грызлов.

Ал арада Грызловдун кетиши тууралуу такталбаган маалыматтар бүгүн активдүү талкууланууда.

Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов журналисттерге буларды айтты:

- Өлкөнүн жарандары бийликтин партиясы ишке ашырып жаткан курска каршы экенин билдиришти. Коомдук пикирди бузуу аракеттерине карабастан, өлкө “Бирдиктүү Орусияны” колдоодон баш тартты жана өлкөнүн дээрлик бардык шаарларында партия (“Бирдиктүү Орусия”)жеңилди.

Саясий конъюнктура борборунун эксперти Павел Салин бул “Бирдиктүү Орусиянын” эмес, бийликтин жеңилиши деп эсептейт:

- Бул өлкө бийлиги үчүн олуттуу коңгуроо. Коомдо бийликке каршы маанайлар бар, бирок азыр бул маанай оппозициялык партиялар аркылуу бир нукка түшүүдө. Бирок бийлик саясий системаны жаңыртпаса, бир-эки жылда бул каршылык маанай парламентке эмес, көчөгө чыгат.


Орусиялыктар добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG