Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Орус-түрк санкциялары жоюлду


Дмитрий Медведев менен Биналы Йылдырым. Стамбул, 22-май, 2017-жыл
Дмитрий Медведев менен Биналы Йылдырым. Стамбул, 22-май, 2017-жыл

Орусия менен Түркия соода-сатыкка киргизилген санкцияларды токтотууну макулдашты.

Келишимге орус-түрк премьер-министрлери Дмитрий Медведев менен Биналы Йылдырым 22-майда Стамбулда өткөн Кара-Деңиз экономикалык кызматтыштыгы саммитинде кол коюшкан.

- Чечим өкмөттүн регламентине ылайык дароо ишке кирет, кесиптештер өкмөттүн тийиштүү актыларына өзгөртүүлөрдү киргизишет, мен кол коем. Биз түрк тарап менен мындай чечимдер эки тараптуу жүргүзүлөрү тууралуу макулдаштык, - деп билдирди Дмитрий Медведев.

Майдын башында орус президенти Владимир Путин кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен Сочиде жолугушуп, Сириядагы кырдаалды жана соода-сатык санкцияларын сүйлөшүшкөн.

Путин менен Эрдоган.
Путин менен Эрдоган.

Москва түркиялык ишкерлерге, жумушчу күчүнө чектөөлөрдү жойду. Азык-түлүк сатуу боюнча санкциялар акырындык менен алынууда. Азыр Түркиянын Орусияга помидор сатуусуна гана чектөө калган. Буга чейин Орусия түрк помидорлорунун башкы импортеру болуп келген. Бажы кызматынын маалыматы боюнча 2015-жылы 280 миллион долларлык 300 миң тонна помидор өлкөгө импорттолгон.

- Помидор боюнча биз өзүбүздүн позициябызды бекемдедик. Ал биз бул тармакка салган инвестицияга байланыштуу, биз ал каражаттарды жоготпошубуз керек. Экономика өзгөрдү, түрк достор муну түшүнүшү керек, - деди орус премьери Медведев.

Ошондой эле Москва орусиялык туристтерди кабыла алуу шарттары боюнча түрк кесиптештерине жолдомо жөнөткөн.

- Калган чектөөлөрдү алууга бир аз эле пункттар калды. Аларды жакынкы арада чечебиз деп ишенем. Биз эл аралык соодада кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө каршыбыз. Бул санкциялар Орусияга дагы, Түркияга дагы зыян алып келүүдө, - деген Түркиянын Орусиядагы элчиси Хусейин Дириоз маалымат каражаттарына.

Эки тараптуу соода-сатык санкциялары 2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин киргизилген.

Анда Путиндин буйругу боюнча түрк товарларынын 17 түрүнө, туристтик жолдомолорду сатууга, эки өлкө ортосунда аба-жүк каттамдарына тыюу салынган. Бирок, былтыр октябрда Орусия Түркиядан мандарин, апельсин, шабдалы сыяктуу жемиштерге, кийин мартта пияз, брокколи, түстүү капуста сыяктуу айрым жашылчаларды киргизүүгө уруксат берген.

Түркия болсо Орусиянын буудайына эмбаргону майдын башында жойгон. Ал Египеттен кийин эле Орусия буудайынын ири импортеру болуп келет. Былтыр июлдан быйылкы жылдын февралына чейин Түркия Орусиядан 2 миллион тонна буудай алган. Мурунку жылдары 3 миллион тоннадан ашык буудай импорттолгон.

Жалпысынан алганда Федералдык бажы кызматынын маалыматы боюнча былтыр орус-түрк соода көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 32 пайызга кыскарып, 15,8 миллиарды долларды түзгөн.

Адистердин айтымында, санкцияларды жоюунун алгачкы таасири август-сентябрда орус базарындагы жашылча-жемиштерге болгон баадан байкала баштайт. Ошол эле маалда Түркиянын азык-түлүгүн кайрадан орус базарына киргизүү орусиялык агроөндүрүшчүлөргө атаандаштык жаратып, алардын акыбалын оорлотот деген чочулоолор бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG