Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

АКШга карата орусиялыктардын пикири өзгөрдү


АКШда президенттикке Барак Обама келгенден бери орусиялыктардын Америкага карата мамилеси кескин өзгөрдү. Бул тууралуу жакында Орусиядагы коом пикирин иликтөө борбору билдирди.

“Азаттыктын” кабарчысы Кевин О’Флинн бул маалыматтын чын-төгүнүн билиш үчүн Москванын көчөлөрүн аралап, адамдарга микрофон сунган.

“Кансыз согуштан” бери ондогон жылдар өтсө да, орусиялыктар Америкага ишене беришпеди. Бирок Москва менен жаңыча мамилени түзүүгө убада берген Барак Обама Вашингтондо Ак Үйгө келгенден бери маанай да бир топ эле өзгөрдү.

Москвадагы “Левада” борбору 2008-жылдын ноябрында, Обама шайланган айда, сурамжылоо жүргүзгөн эле. Ал кезде суралгандардын 34% гана Американы жакшы көрүшөөрүн айткан. Азыр болсо, жаңы сурамжылоонун жыйынтыгы, Америкага түз карагандардын саны 54% чыкканын көрсөттү.

Ошол эле учурда Американы жек көргөндөрдүн катары азайганы айтылып жатат.

Москванын көчөлөрүндө биздин кабарчыбыз сүйлөшкөн адамдар деле “Леваданын” изилдөөсүн тастыктагандай болушту.

37 жаштагы инженер Михаил Леоновдун ишениминде, Обама Америкада президент болоору менен эле орус-америка мамилелери жакшы түшкөндөй сезилди.

“Менимче, Америка менен мамиле Обама президенттикке келгенден бери эле жакшырып келатат, - дейт ал. – Мындан үмүт чоң болгон, көптү күткөнбүз. Балким, көп нерсени күтүп, салыштыруу биздин өзүбүздүн менталитетибизге мүнөздүү нерсе болсо керек. Америкалыктар Орусия менен мамилеге, бизге караганда, азыраак көңүл бурушат деп ойлойм”.

АКШнын буга чейинки президенти Жорж Буштун Чехия менен Польшага ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн жайгаштыруу планын Обама өзгөрткөнүн орусиялыктар жылуу кабыл алышкан экен. Дагы бирөөлөрүн Обама президент катары бир жыл иштебей жатып, “Нобел” сыйлыгына татыганы өзгөчө таң калтырган.

79 жаштагы Леонид Васильев - мурда бизнес менеджмент боюнча дарс окуп жүргөн профессор.

“Обама “Нобел” сыйлыгын, балким, келечекте аткара турган иштери үчүн аванс катары алды окшойт, - дейт Васильев. - Ошентсе да, ал ошол сыйлыкка татыктуу киши. Адамдарга оптимизм, ишеним жана үмүттү берүү – анын программасынын бир бөлүгү эле”.

27 жаштагы Наталия Логинова да, 50 жаштагы Нонна Акменова да ушундай эле ойлорун айтып, Обаманын ооматы дагы алдыда экенин, көп нерсени ал жасаганга үлгүрөт деп ишенишээрин айтышты.

Ал эми жашы 73төгү мурдагы инженер Ирина Неман ортодогу мамиле эч качан жакшырбаганын билдирди.

“Орусия АКШны эч качан жактырган эмес, жактырбайт да. Көз артып, кызгануу – бул Орусиянын сүйүктүү эрмеги, - деп күлөт Ирина Неман. – Орусия АКШдан артта калганын билет, бирок аны моюнга алгысы келбейт. Жеке адамдардын мамилеси жакшы, эч жерде жаман адам болбойт. Бирок жалпы кырдаалды эч ким өзгөртө албайт. Эки кочкордун башы эч качан бир казанда кайнабайт”.

Ал эми жашыраак муундун өкүлдөрүнүн ойлору өзгөчө ойго сала тургандай. 11 жаштагы Тикхон Гаджикасимов менен 12 жаштагы Дмитрий Маленко АКШ боюнча эки башка пикирде экен. Бирок экөө тең 2008-жылдагы айтылуу “орус-грузин согушунда” АКШ Орусияны сатып койгон деп эсептешет.

Гаджикасимов: Мен америкалыктарды жөн гана жакшы көрөм. Алар, бизди сатып коюшканына карабай, жакшы эл. Дима, а сен кандай деп ойлойсуң?

Маленко: Мен америкалыктарды жактырбайм. Анткени Грузия менен согуш болгондо, алар бизди сатып коюшкан. Ошондо америкалыктар Грузияны байкуш кылып көрсөтүп, бизди өзүнчө эле зөөкүр дегендей аташты.

Гаджикасимов: Чынында биз Грузияга эмес, Грузия бизге кол салган эле.

Маленко: Жок, Грузия бизге эмес, Түштүк Осетияга кол салган

Бул - 11-12 жаштагы жаш балдардын эки ири мамлекеттин ортосундагы мамилеге карата баасы.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG