Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Б. Ельцин чындык үчүн, демократиялык өнүгүү үчүн бийликке келген


Орусиянын президенти Борис Ельцин КМШ алкагындагы элдердин элесинде өтө таасирдүү жана кылдат ойлонуп саясий кадамдарды жасаган, мүнөзү курч, чечкиндүү саясатчы катары сакталып калды десек жаңылышпайбыз.

Ал өзүн элге жеке турмушунда жөнөкөй, сыпайы, тамашакөй көрсөткүсү келчү. Ошол эле учурда коомчулукта аны карапайым калктан чыккан кадимки орустун батькасы катары кабыл алуусун каалачу. Себеби ал өзүн негизги атаандашы М. Горбачёвго каршы коюп, региондордогу карапайым калктын көңүлүн өз персонасына бөлгүсү келген.

Б. Ельциндин жогорудагы сапаттарынан улам Кыргызстандагы орустар да аны "батька" деп күлүп кабыл алышчу. Башкача айтканда, Б. Ельцин өзүнө туура имидж табуу менен, өзүнүн атаандаштарынан алдыга озуп, эл кадырына ээ боло алган.

Б. Ельциндин СССРде демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Албетте ал кезде өз оюн ачык айтып, бийликке каршы туруу өтө коркунучтуу эле. Ельциндин муунундагы саясатчылар репрессия каны жыттанган 38-чи жылды али да болсо эстеринен чыгара элек болчу. Ошондуктан ал учурда ким гана болбосун "коммунизм" деген жалган ураанды туу тутуп, элди ондогон жылдар бою мансап, бийлик үчүн алдап, мамлекеттик машинанын күчү менен муунтуп келгендерге каршы турууга даай албаса керек.

Б. Ельциндин чоң жениши - анын СССРде орногон тоталитардык режимге карама-каршы туруп, аны кулатууга, демократиялык процесстерге жол ачууга кошкон зор салымы.

Ал ошол кезде демократиялык, прогрессивдик күчтөрдүн башында турду. Анын аракети менен СССРдин курамына кирген республикалар көз карандылыкка жетишти, алардын катарында Кыргызстан да эгемендүүлүккө ээ болду.

Чындап айтканда СССРди кулаткан Б. Ельцин болду. Бирок ушул күнгө чейин СССРди кулатуучу катары М. Горбачёв аталып келет. Бул да болсо Б. Ельциндин коомдогу ордунан кабар берет.

Б. Ельцин СССРге демократиялык саамалыктарды алып келген, тоталитардык машинага ачыктан-ачык каршы туруп, анын кулашын шарттаган орус саясатчысы жана лидери.

Ошондуктан Б. Ельцинди демократ эмес деп айтуу кыйын.

Ал чындык үчүн, демократиялык өнүгүү үчүн чоң саясатка, бийликке келген. Президенттик мөөнөтү аяктаар алдында ал ошол эле принциптерди, талаптарды туу туткан лидер катары бийликтен кеткен.

Табылды Акеров,
кыргызстандык саясий талдоочу, тарыхчы.

Бул макала атайын "Азаттык" үналгысы үчүн жазылды.
XS
SM
MD
LG