Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Четтен иш издеген орус инженери соттолду


Подполковник Геннадий Кравцов сот залында мүңкүрөгөн жок, 21-сентябрь, 2015.
Подполковник Геннадий Кравцов сот залында мүңкүрөгөн жок, 21-сентябрь, 2015.

Орусияда Башкы чалгындоочу башкармалыктын мурдагы кызматкери Геннадий Кравцов чет өлкөдөн иш издегени үчүн 14 жылга эркинен ажыратылды.

Айыптоочулар ага мамлекетке чыккынчылык кылды деген кине тагышты. Швециядагы радио-техникалык коопсуздук боюнча компаниялардын бирине резюмесин жиберген Кравцовго мамлекеттик жашыруун маалыматтарды берген деген айып коюлууда.

Геннадий Кравцов 2014-жылы камакка алынган. Ошол учурда ал ГРУ - Башкы чалгындоочу башкармалыкта иштебей калганына сегиз жыл болгон. Москва шаардык прокуратурасында Кравцовдун иши “мамлекеттик сырга” байланыштуу деген жүйө менен жабык тергелди. Прокуратура аны сырт жактан иш издеп, чет элдик компанияга өз өмүр баяны менен кошо мамлекеттик сырды камтыган маалымат берди деп айыптады. Кесиби боюнча радиоинженер Кравцов “Целина-2” космос аппаратына байланышкан маалыматтарды шведдерге берген деп күнөөлөнүүдө.

Прокуратуранын кызматкерлери Кравцов кандай сырдуу маалыматты ачып салганы тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты. Геннадий Кравцовдун адвокаты Иван Павлов айыптоонун өзөгүн түзгөн жашыруун материалдарды көрсөтүүнү бир нече ирет талап кылганына карабай, сот органдарынан оң жооп ала албай койгон:

- Алты жолу гана болгон соттук отурумдун чечими бир кишини катуу көзөмөлдөгү абак жайына 14 жылга кескен бүтүм чыгарды. Буга биз таң калган деле жокпуз. Мен айткандай, соттук отурум бир жактуу гана болду. Башынан эле бизден соттук иштин жүрүшү тууралуу маалыматты таратпоо боюнча тил кат алып, кокус жарыялап жиберсек, кылмыш жообуна тартыларыбызды эскертишип, оозубузду жаап коюшту. Айыпталуучуга коюлган кинелер тууралуу нормативдик актыларды көрсөтпөй коюшту. Соттук иш учурунда жактоочуга бир да күбө жана экспертти чакырууга укук берилген жок. Биз он күбөнү чакырууну суранганбыз. Бардык соттук териштирүүлөр алдын ала изилдөөчү органдар эптеп-септеп чогулткан негизсиз документтерге таянып өттү. Сот биз мурда көрсөтөлү деп өтүнгөн жаңы документтердин бирөөнү да сураган жок.

Адвокат Павлов ишти ушуну менен эле токтотуп койбой, соттун чечимин Конституциялык сотто кайра карап чыгууга арыз жиберишкенин кошумчалады. Анын айтуусунда, Кравцов сот чечимин сабырдуулук менен кабылдап, өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө даяр турат. Инженердин жубайына “Эркин Европа - Азаттык” радиосунун орус кызматынын кабарчылары 2014-жылдын март айында жолугушкан. Ал мезгилде Кравцовдун убактылуу кармоочу жайда жатканына тогуз ай болгон. Алла Кравцова күйөөсү өзүнүн айыпсыз экенине толук ишенгенден адвокатсыз эле прокуратурага барганын эскерет:

- Аны бир нече ирет чакырганда, адвокатсыз эле өзү жалгыз барып көрсөтмө берип жүрдү. Мен ага адвокатсыз барып алып сүйлөшпөй эле койсоң болмок десем, жок баары жайында болот, олуттуу деле эч нерсе жок деп кенебей койгон. А мен болсо туура эмес кабылдап жатышабы, деп чочулап жаттым. Бирок ал андай деп ойлогон эмес. Күнөөсүз экенине ишенип, эч нерсени жашырган эмес.

Кравцовдун соту 2015-жылдын 25-августунда башталды. Бул мезгилге чейин айыпталуучу Москванын Лефортово абак жайында кармалганына бир жылдан ашты.

Ал ГРУнун аскерий чалгындоо бөлүмүндө спутник байланыштарынын программаларын чыгарып, подполковник наамын алганга чейин кызмат өтөгөн. Ал жерде 15 жыл иштегенден кийин кызматтан кетип, 2010-жылы Швециянын ири компанияларынын бирине ишке орношуу максатында өмүр баянын жиберген. Анын бул аракетин 2013-жылы орус чалгынчылары аныктап, 2014-жылы камакка алынган. Москва сотунун 14 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн Кравцов жылмаюу менен угуп, “эси жоктук” катары баалаган оюн айтты деп жазат Moscow Times гезити.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG