Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Казакстанда Жеңиш күнү аскер парады өтпөйт


Казакстанда өткөн аскер парады. 7-май, 2015-жыл
Казакстанда өткөн аскер парады. 7-май, 2015-жыл

Орусия космостук кемесин өз жеринен учура баштады. Быйылкы Жеңиш күнү жупуну белгиленет. Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.

Тажикстан: имамдардын моюнуна илинген милдет

"Регнум" маалымат агенттиги Тажикстанда мечиттердин имамдары экстремисттерди аныктоого милдеттенме алышканын кабарлайт. Макалада Хатлон облусунда укук коргоо органдары, бийлик өкүлдөрү жергиликтүү мечиттердин имамдары менен жолугуп, жаштарды экстремисттик уюмдарга азгыргандарды аныктоо, уюштурулуп жаткан террордук актылар тууралуу өз маалында тиешелүү органдарга маалымдоо боюнча көрсөтмө беришкен. Мындай чаралар коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулары айтылат.

Учурда Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында миңден ашуун тажик жарандары согушуп жүргөнү айтылып келет.

Орусия "Байкоңурду" чандыбы?

"Взгляд" басылмасы Орусия өзүнүн “Восточный” космодромунда биринчи ракетаны учурганы Казакстанды капа кылды деп жазды. Макалада Москва өзүнө космодром куруп алып, эми Астанага “Байкоңур” космодрому үчүн акча төлөбөй калса, биринчи кезекте казактардын космостук тармагы жабыркайт деген ой айтылат.

Экономист Магбат Спанов Астана Москваны өнөктөш катары колдоп, акыркы 20 жылдан бери “Байкоңурдун” ижара акысын көтөрбөй келгенин белгилейт. Адис эми Орусия "Байкоңурдан" кетсе, Казакстан космодромду техникалык жана каржылоо жактан толук кандуу иштете албай калат деп чочулайт.

Макроэкономикалык иликтөө борборунун башчысы Олжас Худайбергенов дагы бул пикирге кошулганы менен, Орусия аймактагы таасирин сактоо үчүн деле "Байкоңурда" калышы мүмкүн деп болжолдойт. Орусия Байкоңурдун ижара акысы үчүн былтыр Казакстанга 4,9 миллиард рубль төлөгөн. Эки өлкө ортосунда космодром боюнча ижара келишими 2050-жылга чейин түзүлгөн.

Орусия: мигранттарга виза режимин киргизүү сунушу

"Газета.ру" басылмасы Орусияга кирүүгө Борбор Азия өлкөлөрүнө визалык режим киргизүү сунушталып жатканын баяндайт. Мындай сунушту Орусиянын Федерация кеңешинин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары Франц Клинцевич көтөрүп чыккан. Орусиялык эл өкүлү муну соңку кезде борборазиялыктар катышкан чуулгандуу кылмыштарга байланыштырган.

“Биз Орусия үчүн мурунку совет өлкөлөрү менен алаканы сактап калуубуз керек же өз жарандарыбыздын коопсуздугу маанилүү экенин чечишибиз керек" деп белгилеген Клинцевич өз сөзүндө. Ошол эле маалда визалык режим Орусия менен жакшы экономикалык алакасы бар Кыргызстан менен Казакстанга киргизилбей турганын билдирген. Клинцевич Орусия жарандыгын алуунун шарттарын дагы татаалдатуу зарылдыгына токтолгон

Орусияда 9-майдагы парад жупуну өтөт

"Коммерсант" басылмасы Казакстан 9-майда Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өткөрүүдөн баш тартканын маалымдайт. Салттуу түрдө жылда өткөрүлчү бул иш-чара быйыл Казакстандын Коопсуздук министрлигинин иш-планына киргизилбегени менен түшүндүрүлөт. Ага кошумча Астана 7-май - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата дагы эч кандай майрамдык иш-чара өткөрбөөнү чечкени баяндалат. Казакстандан тышкары 9-майды майрамдоодон Беларус дагы баш тарткан.

Орусия болсо майрамга кетчү каражаттарды 210 миллион рублга чейин кыскартып, быйылкы парадды жупуну өткөрүүнү чечкен. Ал эми тажик президенти Эмомали Рахмон өлкөдөгү согуш жана оорук ардагерлерине 250 доллар өлчөмүндө белек тапшырууну буйруганы маалымдалууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG