Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

"Сакалды ал же камаласың". Ташкенттеги рейд сынга кабылды


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Өзбекстандын борбору - Ташкенттеги "Малика базары" деген ат менен белгилүү электроника товарлары сатылган соода жайында узун сакал койгондорго каршы кезектеги рейд жүрүп жатканы кабарланды.

"Сакалыңды албасаң, 15 күн түрмөгө отурасың"

Базардагы соодагерлер "Азаттыктын" өзбек кызматы- "Озодлик" радиосуна билдиришинче, акыркы жолу рейд 2-февралда болуп, кеминде 10 адам кармалган. Алар Ташкенттин Шайхантахур райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

"Жума намаздан кийин милиция ондон ашык кишини алып кетти. Аларды Шайхантахур райондук милиция бөлүмүнө алып барып, сакал-мурутун алып салууга мажбурлашкан. Сакалыңды аласың же 15 күн түрмөгө отурасың деп коркутушкан", - дейт соодагердин бири.

"Базарда рейддер дээрлик жума сайын болуп турат. Эгер кимдир бирөөнүн сакалы кичине эле өсүп калганын көрүшсө, дароо аны алууну талап кылышат. Узун сакал койгондорду милиция бөлүмүнө алып барып, сакалын кыскартууга мажбурлашат", - дейт "Малика" базарында электроника товарларын саткан соодагер.

Милициянын түшүндүрмөсү

"Озодлик" радиосунун базардагы рейддер боюнча Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

"Малика" базары жайгашкан аймактын жооптуу участкалык инспектору базарда сакал коюуга каршы рейддер жүрүп жатканын четке какты.

"Мечитте жума намаз окулуп жатканда эч кандай окуя болбошу үчүн базардын жанындагы аймакты кайтарабыз. Бул үчүн эл бизге ыраазычылык билдирет. Балким, ошол күндөрү сакалчан уурулар кармалса керек. Шайхантахур районунда динге ишенгендер көп, алар тынч намаз окушат, аларга эч ким тоскоолдук кылбайт", — деди инспектор "Озодликке".

Буга чейин ташкенттик соодагерлер сакал-муруттарын күч менен алдырып атышканын "Озодликке" билдиришкен.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө сакал коюуга эч кандай чектөө жок экенин билдирип келет.

Эки жыл мурун Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шохрух Гиясов журналисттердин рейддер жана сакал коюуга тыюу салуу боюнча суроосуна жооп берип жатып: "Бизде жарандардын ишенимине эч кандай чектөөлөр жок. Сакал коюу же койбоо - жарандын өзүнөн эрки. Буга эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок", - деген.

Ошол эле учурда Гиясов жарандар укуктары бузулса, арыз жазса болорун кошумчалаган.

"Эгерде жаран өзүнүн конституциялык укугу бузулду деп эсептесе, белгиленген тартипте арыз менен кайрыла аларын эскертебиз", - деди Гиясов.

Буга чейин Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү сакал коюуга каршы рейддер жүрүп жатканын төгүндөп, "укук коргоо кызматкерлери эркектерден сакал коюуну талап кыла албайт, бирок алардын сырткы келбетин биометрикалык паспортторундагы сүрөттөр менен дал келтирүү сунушталышы мүмкүн" деген билдирүү тараткан.

"Эзгулик" укук коргоо уюмунун башчысы Абдурахмон Ташанов Өзбекстандын күч түзүмдөрү сакал коюуну диний радикализмдин белгиси катары көрөрүн, ошондуктан сакалчан эркектер ар дайым коопсуздук кызматынын "көңүл борборунда" экенин айтат.

"Сакал коюу - ар бир адамдын жеке иши. Демек, сакал койгону үчүн кимдир бирөөнү куугунтуктоо же күч менен алдыруу туура эмес. Бирок биздин өлкөдө сакал радикалдуу исламдын белгиси катары кабыл алынып, сакал койгондорго бир аз этият мамиле жасалат", - дейт укук коргоочу.

"Түздөн-түз укук бузуу"

Ферганалык укук коргоочу Абдусалом Эргашев Өзбекстанда сакал коюуга каршы өнөктүк жүрүп жатат деген пикирге кошулбайт.

"Аталган "Малика" базарында сакал-мурутчандарга каршы рейддер тынымсыз жүрүп жатканын уктук. Бул жөн эле базардын аймагын көзөмөлдөгөн ички иштер органдарынын жетекчилеринин өзүм билемдиги деп ойлойм. Мисалы, Ферганада сакал коюуга, хижаб кийүүгө тыюу салынган эмес", - дейт укук коргоочу.

Байкоочулар милиция кызматкерлеринин динге катуу ишенген жарандардын сакалын күчтөп алдырышын түздөн-түз укук бузуу деп эсептешет.

"Малика" базарындагы рейд жана анын кесепеттери социалдык тармактарда кызуу талкууланып, колдонуучулар нааразычылыгын билдиришүүдө.

Сакал коюуга каршы өнөктүк Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда башталган. 1999-жылы негизги мамлекеттик объектилерди, анын ичинен өкмөт имаратын бутага алган бир катар жардыруулардан кийин Өзбекстан коомдук жайларда сакал коюуга жана жоолук салууга тыюу салган.

Серепчилер Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери бул жаатта "жылыш" бар экенин айта башташкан. Алсак, мечиттерде Каримовдун тушунда тыюу салынган азан жаңыра баштаган. Динге байланыштуу беренелер боюнча соттолгон бир жарым миңден ашуун киши абактан бошотулуп, диний көз карашы боюнча "кара тизмеге" кирген 16 миңге жакын адамга чет өлкөгө чыгууга кайра уруксат берилген.

Шотландиядагы Сент-Эндрюс университетинин "Терроризм жана саясий зомбулукту изилдөө" борборунун изилдөөчүсү, профессор Ноа Такердин айтымында, Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин бийлигинин тушунда диний чөйрөдө жылыштар болгону менен, өлкө Каримовдун "мурасынан" толук арыла элек.

"Мен Өзбекстанда акыркы жолу болгонумда Ташкенттин, Анжияндын же Бухаранын көчөлөрүндө көп сакалчан эркектерди, жоолукчан аялдарды көрдүм. Мектепке хижаб кийип барган кыздарды көрдүм, бирок буга мыйзамда чектөөлөр бар. Мыйзамдын өзү түшүнүксүз. Мен Өзбекстанда эл мурдагыга караганда аздыр-көптүр эркин жашай баштаганын байкадым жана муну алга карай жасалган кадам деп айта алам. Бирок ошол эле учурда биз эркектердин сакалын алууга мажбурлаган айрым учурларына көз жуумп коё албайбыз", - дейт Ноа Такер.

Расмий Ташкент менен укук коргоо органдарынын диний символдор катары эсептелген сакал жана хижабга каршы өнөктүгү эл аралык коомчулук, анын ичинен АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан бир нече жолу сынга алынган.

2019-жылы АКШ акыркы он жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу Өзбекстанды диний толлеранттуулук төмөн деген өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарган. Вашингтондо дүйнөдөгү кырдаал боюнча докладын сунуштап жатып, АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Ташкенттин бул жаатта жетишкен ийгиликтерин белгилеп, бирок ошол эле учурда "Өзбекстанда дагы көп иштер жасалышы керек" экенин кошумчалаган.

2022-жылы АКШнын Өзбекстандагы ошол кездеги элчиси Дaниел Розенблюм да укук коргоо органдары мусулмандарды сакалын алууга мажбурлаганын айыптаган.

"Милиция эркектердин сакалын күч менен кырып атат. Америка мындай аракеттерге тынчсызданууда", - деген элчи Ташкентте өткөн маалымат жыйынында.

Pозенблюм белгилегендей, Өзбекстанда дин тутуу эркиндигинин бузулушу өлкөдө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реформаларды жокко чыгарышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG