Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Париж теракттарына шектүү киши Брюсселде соттолууда


Соттогу көрүнүш.
Соттогу көрүнүш.

Брюсселде Париждеги теракттар боюнча шектүү Салах Абдесаламдын соту башталды. 2015-жылдын ноябрында француз баш калаасында 130 кишинин өмүрүн алып кеткен чабуулдар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алган. Бирок бул процессте Абдесаламдын башка кылмыш иши каралууда.

Брюсселдеги Юстиция сарайы бетон, темир менен тосулуп, айлананы 300гө жакын полициячы менен аскерлер кайтарып турат. Асманда болсо тынбай тик учактар учуп жүрөт. Салах Абдесаламды күнүгө Франциянын түндүгүндөгү түрмөдөн Брюсселге күчөтүлгөн эскорттун коштоосунда алып келип турушмакчы.

- Франция менен Бельгияда болгон теракттар сериясынын элементтерин жакшыраак түшүнүү аракети көрүлмөкчү. Бул процессте айрым суроолорубузга жооп алууну көздөйбүз. Ошол эле учурда сот биз күткөндөй болбой калышы мүмкүн, - дейт терроризм курмандыктарынын ассоциациясынын башчысы Гийом Денуа де Сен Марк.

Абдесаламдын сотуна маалымат каражаттары да жакындан көз салып, 400дөн ашуун журналист аккредитация алган. Бирок шектүүнү анын өтүнүчү менен сүрөткө тартууга тыюу салынды.

Теги марокколук француз жараны, 28 жаштагы Абдесалам Белгиянын жакыр Мөленбек районунда чоңойгон. Төрт ай бою Европада изделген адамды коопсуздук органдары колго түшүрө албай келишти. Ал арада Белгия менен Франциянын полициясы Париждеги чабуулдарды уюштурган топко каршы далилдерди чогултуп жүрдү.

Натыйжада 2016-жылдын 18-мартында Брюсселдин эмигранттар байырлаган бөлүгүндө полиция операция жүргүзүп, Абдесалам менен кошо дагы төрт шектүү киши кармалган.

Париждеги теракттарды ишке ашырган жихадчылар тобунун аман калган жападан жалгыз мүчөсү аны кармоо маалында полицияга ок атып, бир нече киши жарадар болгон. Абдесалам жана анын шериги, тунистик 24 жаштагы жигит "киши өлтүрүүгө аракеттенген" деген айып боюнча 40 жылга кесилиши мүмкүн.

Францияга экстрадицияланган Абдесалам "тергөө менен кызматташам" деген убадасына карабай, бир нече айдан бери унчукпай, суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келет. Андай болсо төрт күнгө пландалган процесс эрте аякташы мүмкүн. Бирок мындай учурла аны ноябрь теракттары үчүн сот жообуна тартууну көздөп жаткан Францияга кыйын болмокчу. Ал процесс болжол менен кийинки жылы башталат.

Франциянын тарыхындагы эң кандуу теракт 130 кишинин өмүрүн кыйган. Исламчыл жоочулардын бир нече тобу Париждин ар кайсы жерлерине кол салышкан.

Адегенде алар борбор шаардын четиндеги Сен-Дени конушундагы "Stade de France" стадионунда бомба жардырышкан. Дээрлик ошого удаа эле "Батаклан" музыкалык клубунда, бир нече кафеде бейкапар отурган кишилерди туш келди атып өлтүрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, концерттик борборго кол салгандардын арасында болгон Абдесалам белиндеги "жанкечтинин курун" жардырбай койгон. Ал кандуу окуялардын эртеси, 14-ноябрда кошуна өлкөнүн баш калаасына кетүүгө үлгүрүп, кийинки жылдын мартына чейин жашынып жүрдү.

Брюсселдин четиндеги рейдден көп узабай Белгиянын баш калаасында болгон теракттар үчүн да жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму өзүнө алган. Тергөөчүлөр Абдесаламдын ошол чабуулдарга да тиешеси бар деп эсептешет. Бирок ал 33 кишинин өмүрүн алган чабуулдар тууралуу кабары болбогонун айтууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG