Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Кара-Суу: Савай айыл өкмөтүндөгү тирешүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин айрым депутаттары "айыл өкмөт башчысы жана бухгалтери" буга чейин кылмыш иши козголгон адамдар экенин билдирүүдө.

Бирок айыл өкмөт башчысы айтылган дооматтарды көрө албастыктан чыккан сөздөр деп түшүндүрүп жатат.

Айылдык кеңештин депутаттарынын бири Эрмамат Айтматов айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов тууралуу буларды айтты:

- Азыркы айыл өкмөтүбүз Мунарбек Сайпидинов 2005-жылы бейбаштык боюнча соттолгон. 2008-жылы ошол эле "бейбаштык" беренесинин оор бөлүгү менен соттолгон. 2013-жылы Кара-Суу шаарындагы шайлоодо бири бычактап, бири атып кеткен окуяны билесиңер. Ошондо аткан жигит ушул болчу. Бул иш боюнча козголгон кылмыш иши жабырланган тараптын арыз бербегендигинен улам убактылуу токтотулган бойдон турат. 2014-жылы мунун Раимбеков деген фамилиясы Сайпидинов болуп өзгөргөндөн кийин менин инимди пневматикалык тапанча менен атып, анда да кылмыш иши козголгон. Иш сотко өткөн. Кийин эки тараптын жарашуусу менен иш сотто кыскарып, бир нерсе болгон.

Эрмамат Айтматов.
Эрмамат Айтматов.

Эрмамат Айтматов Савай айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Жумагүл Каракожоеванын да мурда соттолуп, доого жыгылганын белгиледи:

- Айыл өкмөтүбүздүн башкы эсепчиси 2014-жылы 1-254 номурлуу кылмыш иши боюнча жоопко тартылган. Сот аны айыптуу деп тапкан. 110 миң сом айыппул салган. Андан бери үч жыл өтсө да ошол айыпты төлөй элек экен. Азыр эч нерсе болбогондой башкы эсепчи болуп ушул эле айыл өкмөттө иштеп жүрөт.

Савай айыл өкмөтүн эки жылдан бери башкарып келаткан Мунарбек Сайпидинов спортко жакын экенин жана Раимбеков деген эски фамилиясын Сайпидинов кылып өзгөрткөнүн жашырбайт. Бирок "мурда соттолгон" деген сөздөр көрө албастардын эле ойлоп тапкандары деп ырастады:

- Мен жана менин ишим тууралуу айрым депутаттардын айткандарынын баары жалган. Мени соттолгон дегендер ошо соттолгондугум тууралуу маалыматты алып келишпейби? Соттолгон болсом мен ушул жерде отурат белем? Ал эми фамилияны өзгөртүү менин жеке ишим. Кааласам аялымдын, кааласам кызымдын, кааласам өзүмдүн фамилиямды өзгөртөм. Бизге келген адамдардын баарынын соттуулугу текшерилет. Сынак менен гана ишке алынат. Сынактан өткөн адистерге гана ишке алуу тууралуу буйрук чыгарылат. Мыйзамсыз эч качан бирөөнү ишке албайбыз.

Мунарбек Сайпидинов.
Мунарбек Сайпидинов.

Дотацияда турган, жарды айыл өкмөттөрдүн катарына кирген Савай айыл өкмөтүнүн эски имараты былтыр алты миллион сомго оңдолгон. Айыл депутаттары "эл таза суусуз отурганда бийлик өзү үчүн гана кам көрүп жатат" деп сындашкан. Бирок айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов айыл администрациясын оңдоо да зарыл эле деп эсептейт:

- Айыл өкмөттүн имараты эскирип, ичинде иштөөгө мүмкүн болбой калган эле. Чатырынан суу өтчү. Дубалдары ар жеринен көчүп жаткан. Ичинде жылуулук жок эле. Мурунку иштегендер айыл өкмөттүн имаратын банкка күрөөгө да коюп салышкан экен. Мен аны күрөөдөн чыгардым. Жакшылап оңдодум. Ал дагы зарыл болчу.

Ушул тапта Савай айыл өкмөтүндөгү элдин 44% таза суусуз жашап жатат. Алар арыктардагы жана көлмөлөрдөгү сууларды тундуруп, ичишет. Ага карабай Савайда айыл өкмөт башчысын чаң жугузбай мактагандар четтен чыгат. "Мунар тууралуу жакшы сөзүбүздү айталы" деп ээрчип алгандар да болду. Бирок "ар бир айылдын эли менен маал-маал жолугуп турам" деген айыл өкмөт башчынын сөзүн төгүндөп, "үч жыл мурда чыгып жаткан сууну чыгара албай келаткан айыл өкмөттүн жүзүн көргөн эмеспиз" деп сындаган тургундар да болду.

- Бизге ушу таза сууну эле чыгарып берсе болот эле. Айыл өкмөттү тааныбайм. Элди "эмне болуп жатасыңар" деп карап коюшпайт. Ары-бери өткөндө ошо айыл өкмөттүн имаратын заңкайтып оңдоп алышканын эле көрөбүз.

- Айыл өкмөтүбүз биздин Кыдыр-Шаа айылына келип жыйын курганын уга элекмин. Балким өзү туулган ошол Савай айылында чогулса чогулуп жаткандыр, бирок биздин айылга кадам баса элек. Айыл өкмөт башчысын көрө элекмин. Мисалы, өңүнөн тааныбайм. Аты, фамилиясы ким экенин да билбейм.

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов 28 жашта. Ал “Раим миллион” атыккан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы болот. Ал Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш тууганы да болуп кетет.

Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүн акыркы эки жылдан бери башкарып келатат. Айыл өкмөттүн 26 миң калкы бар. Бир жылдык казынасы 26 миллион сом. Савай айыл өкмөтү Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт.

Савай: айыл өкмөтүндөгү талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG