Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Ааламдын түзүлүш сыры табылды окшойт...


Ядролук изилдөөлөр боюнча европалык уюм сунуш кылган Хиггс бозонунун графикалык көрүнүшү. 4-июль, 2012
Ядролук изилдөөлөр боюнча европалык уюм сунуш кылган Хиггс бозонунун графикалык көрүнүшү. 4-июль, 2012

Европалык илимпоздору узактан бери изилденип жаткан “майда бөлүкчөлөрдүн Кудайы" - Хиггстин бозону табылганын тастыкташты.

Мындай билдирүү Ядролук изилдөөлөр боюнча европалык уюмдун (CERN) 4-июлда Женевада өткөн жыйналышында жасалды. Табылга ааламдын жана атүгүл жашоонун пайда болуусун түшүнгөнгө мүмкүндүк берет.

Жаңы атомчо же бөлүкчө кармалбас Хиггс бозону болуп калышы мүмкүн экени айтылды. Ядролук изилдөөлөр боюнча европалык уюмдун Женевадагы семинарында тастыкталган ачылыш акыркы ондогон жылдардагы эң маанилүү табылга. Ал жөнүндө борбордун өкүлү Жо Инкандела мындай деди:

Питер Хиггс Швецариядагы CERN борборунда. 4-июль 2012
Питер Хиггс Швецариядагы CERN борборунда. 4-июль 2012
- Бул сыяктуу эксперименттерде өтө сейрек кездешчү бөлүкчөлөрдү көрдүк. Эсиңизден чыгарбаңыз: бул өтө эле алдын ала, бирок абдан негиздүү жыйынтык. Бул өтө негиздүү ачылыш. Болбосо, аны жарыяламак эмеспиз.

Жо Инкандела баса белгилгендей, Женевада жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгы акыркы 1, 5 жылдагы эксперименттерде чогултулган маалыматтардын негизинде жасалды. Быйыл жүргүзүлгөн тажрыйбанын жыйынтыгы дале анализделип жатат. Кеңири отчет болсо Чоң адрондук коллайдерде алынган акыркы маалыматтар талданган соң жаңы жылга чукул жарыяланат.

Мына ошондон кийин гана физиктер табылган салмагы 125-126 гигаэлектронвольт жаңы майда бөлүкчө Хиггстин бозонубу же башкабы, так айтышат.

Ушундан улам, илимоздор акыркы ачылыш Хиггстин бозонун тапканга өтө жакын турат деп ишенишет. Ядролук изилдөөлөр борборунун башкы директору Рольф- Дитер Хоейр бул сыймыктанчу ачылыш экенине токтолду:

CERNде коноктор үчүн уюштурулган "Майда бөлүкчөлөрдүн ааламы" көргөзмөсү. Женева, 13-декабрь 2011
CERNде коноктор үчүн уюштурулган "Майда бөлүкчөлөрдүн ааламы" көргөзмөсү. Женева, 13-декабрь 2011
- Бул бүгүн тарыхый окуя. Биз анын башталышында турабыз. Алдыбызда көп жумуш күтүүдө. Бул бурулуш учур. Менимче, биз баарыбыз сыймыктанып, сүйүнүшүбүз керек. Мунун болочок үчүн глобалдык мааниси зор. Бул керек учурда болууда жана биз абадан оптимист боло алабыз деп ойлойм.

Хиггс бозону өтө кыска өмүр сүрүп, ошол замат майда бөлүктөргө чачырап, кайып болуп кеткендиктен аны көрүү мүмкүн эмес.

Элементардык бөлүкчөлөрдү мүнөздөгөн Стандарттык моделде жетпеген акыркы майда атомчону - бозонду британ илимпозу Питер Хиггс жарым кылымдай мурда теориялык жактан сыпаттап айткан. Стандарттык модель Ааламдагы көрүнүп турган жана көзгө көрүнбөс заттар ортосундагы заттардын бардык карым-катнашты, тартышууну мүнөздөйт.

Адамдар Ааламдын жалпы көлөмүнүн 4 процентин гана көрөт. Физиктер чөйрөсүндө “майда бөлүкчөлөрдүн Кудайы” деген аткан конгон Хиггстин бозону Ааламдын ошо бизге көрүнбөгөн калган 96 проценти эмнеден турарын, Ааламдын жаралышын жана жашоонун келип чыгуусун түшүнгөнгө жардамдашууга тийиш.

XS
SM
MD
LG